4 млн сомдук «түрк алтыны»: Бишкекте ири алдамчылыкка шектүү аял кармалды

Свердлов РИИБине С.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 4 млн сом өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алган Д.С. аттуу аялга карата чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

4 млн сомдук «түрк алтыны»: Бишкекте ири алдамчылыкка шектүү аял кармалды
Сүрөт: Бишкек ШИИБ

Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Арыз ээсинин айтымында, 2025-жылдын июнь айында шектүү ишенимге кирип, Түркиядан келген алтын буюмдарды сатуу жүйөсү менен 4 млн 129 миң 300 сомун алып, андан кийин изин жашырып кеткен.

Бул факты боюнча («Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык») беренеси менен кылмыш иши козголгон. 

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1970-жылы туулган Д.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда иш боюнча бардык жагдайларды тактоо, ошондой эле шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. 

Милиция алдамчылыктын курмандыгы болгондорду дароо жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылууга же 102 кыска номери аркылуу кабарлоону эскертет.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстанда ири алдамчылык схемасы аныкталып, кылмышка шектелип «Феникс» компаниясынын өкүлү кармалган.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.