Курс USD 87.22 / 87.71
Курс EUR 100.05 / 101.05
Курс RUB 1.082 / 1.119
Курс KZT 0.117 / 0.187
USD USD
87.22 / 87.71
EUR EUR
100.05 / 101.05
RUB RUB
1.082 / 1.119
KZT KZT
0.117 / 0.187

«Цыган почтасы»: Бишкекте эки шектүү кармалды

КР УКМК республикалык бюджетке зыян келтирген кылмыштарды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган тергөө-ыкчам иш-чараларды уюштуруунун натыйжасында КРнын Т.Р.Р. жана Д.у.А. аттуу жарандарын кармады. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
«Цыган почтасы»: Бишкекте эки шектүү кармалды

Маалыматка ылайык, аталган жарандар «цыган почтасы» деп аталган акча каражаттарын легалдаштыруунун мыйзамсыз каналын жеке баюу максатында тиешелүү мамлекеттик органдарда эсепке албастан уюштурганы аныкталды.

Т.Р.Р. жана Д.у.А. Бишкек шаарындагы акча алмаштыруучу жайларда ар кандай кылмыштуу схемалар аркылуу өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, Россия Федерациясынан келип түшкөн жалпы суммасы 20 миллион АКШ долларын түзгөн акча каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенишкен. Кээ бир учурларда алар өз милдеттенмелерин аткарбай, башка бирөөлөрдүн акчасын алдоо жолу менен ээлеп алышкан.

2024-жылдын май айында А.Л. аттуу КР жараны жогорудагы адамдарга алмашуу курсу боюнча 2 млн АКШ долларын түзгөн, 165 млн рубль берген.

20-майда Т.Р.Р. жана Д.у.А. аттуу жарандар кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь сотунун токтомунун негизинде Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 абагына киргизилди.

Тергөө иштери уланууда. 

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.