2-октябрда, президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы астында комплаенс механизмдерин, ички контролду өркүндөтүү жана санкциялык тобокелдиктерди андан ары минималдаштыруу маселелери боюнча кезектеги жумушчу кеңешме өттү.
Экономика министрлиги билдиргендей, кеңешмеге мамлекеттик органдардын, Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү катышты.
Санкциялык тобокелдиктерге дуушар болушу мүмкүн болгон субъекттердин ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн комплекстүү талдоонун жыйынтыктарына өзгөчө көңүл бурулду.
40ка жакын компаниянын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн комплекстүү талдоонун жыйынтыгы боюнча алардын 16сына байланыштуу материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аларды жоюу маселесин андан ары кароо үчүн сот органдарына өткөрүп берилди.
Калган компанияларга карата тиешелүү текшерүү иш-чаралары уланууда. Алардын жыйынтыктары боюнча мыйзамдарга ылайык мындан аркы чаралар аныкталат.
Кеңешменин жүрүшүндө санкциялык тобокелдиктери жогору болгон адамдарды жана компанияларды аныктоо жана тиешелүү тизмени - «блэклист» деп аталган тизмени түзүү механизми да талкууланды. Тиешелүү чечим жакынкы күндөрү бекитилет.
Иштелип жаткан механизм тиешелүү юридикалык жактардын ишмердүүлүгүнө, алардын тышкы экономикалык операцияларына жана контрагенттерине көзөмөлдү күчөтүүгө, мүмкүн болуучу санкциялык тобокелдиктерди эрте аныктоого жана тиешелүү операциялар жүргүзүлгөнгө чейин зарыл чараларды көрүүгө мүмкүндүк берет.
Кеңешменин жүрүшүндө банк секторунун комплаенс жол-жоболорун күчөтүү боюнча ишине өзүнчө көңүл бурулду.
2026-жылдын 2-октябрына карата мамлекеттик банктар бир катар компаниялар менен ишкердик мамилелерин токтотушкан:
- «Элдик Банк» ААК 126га жакын компаниянын эсептери жабылды;
- «АБанк» ААК 100гө жакын компаниянын эсептери жабылды.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын 24-февралында кыргызстандык «Керемет Банк» Улуу Британиянын санкциясына дуушар болгон.
Ал эми 2025-жылдын 20-августунда Улуу Британиянын Финансылык санкцияларды ишке ашыруу боюнча башкармалыгы (OFSI) «Борбордук Азиянын Капитал Банкы» ААКсын санкциялардын жаңыланган тизмесине кошкон.
Буга чейин Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын бирине карата санкциялар киргизилгенден кийин, Улуттук банк да банк секторунун туруктуулугун ырастаган билдирүү тараткан.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.