Айып пул төлөбөгөндөргө бир катар чектөөлөрдү киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык салынган айып пулдарды милдеттүү түрдө төлөө боюнча талаптар күчөтүлүүдө.

Айып пул төлөбөгөндөргө бир катар чектөөлөрдү киргизүү сунушталууда
Иллюстрациялык сүрөт

КРнын ИИМнин жарандардын мамлекеттик кызматты алганга чейин айып пул төлөөгө милдеттендирген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоорунун максаты - салынган айып пулдар төлөнбөгөн учурда лицензия жана уруксаттарды, ошондой эле айрым кызматтарды көрсөтүүдөн баш тартууну караган тартипти киргизүү жолу менен укук бузуулардын алдын алуу болуп саналат.

КРнын төмөнкү мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди:

  • «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө»;
  • «Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө»;
  • «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө».

Эгерде бул мыйзам долбоору кабыл алынса, төлөнбөгөн айыптар бир катар мамлекеттик кызматтардын баш тартуусуна негиз болот:

  • мезгил-мезгили менен жол кыймылынын эрежелери боюнча сынактан өтүү;
  • транспорт каражатын кайра каттоо;
  • айдоочулук күбөлүк алуу;
  • кыймылсыз мүлктү каттоо жана келишимдер;
  • лицензия ала албай калышы ыктымал.