Кыргызстанда камсыздандыруу суммасынын көлөмү 1,5 триллион сомдон ашты

2025-жылдын жарым жылында республиканын экономикасынын финансы секторунда 18 камсыздандыруу уюму иштеди, алардын кирешеси өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,9 эсеге өсүп, 4,6 миллиард сомго жетти.

Кыргызстанда камсыздандыруу суммасынын көлөмү 1,5 триллион сомдон ашты
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. 

Мында кирешенин негизги бөлүгү жалпы сумманын 92%ы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн эсебинен алынган.

Киреше жана пайда 

Жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу компаниялары тарабынан 744,6 млн. сом таза киреше алышкан, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,2 эсеге көп.

Камсыздандыруу келишимдери 

2025-жылдын 1-июлуна карата камсыздандыруу компаниялары тарабынан 1 609,5 миң камсыздандыруу келишимдери түзүлгөн, алардын 89%га жакыны жеке жактар менен түзүлгөн келишимдерге туура келген. Мында түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын 59%га жакынын ыктыярдуу камсыздандыруу үлүшүнө туура келген.

Түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруу суммасы 2025-жылдын 1-июлуна карата өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 1,7 эсеге же 636 миллиард сомго көбөйүү менен 1 505 миллиард сомду түздү. Камсыздандыруу суммасынын олуттуу көбөйүшү ОСАГО келишими (341 млрд. сомго) жана жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандыруу (116 млрд. сомго) боюнча белгиленди.

Камсыздандыруу төлөмдөрү 

 Алынган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмү өткөн жылдын биринчи жарымына салыштырмалуу 2,2 эсеге өсүп, 4 миллиард сомго жакындады.

Жыл башынан бери 17 миң камсыздандыруу учуру катталды, анын ичинен 48%га жакыны кокустан болгон кырсыктан жана оорулардан камсыздандыруу келишимине туура келет. Төлөмдөрдүн эң көп суммасы төмөнкүлөргө төлөндү:

  • ыктыярдуу мүлктү камсыздандыруу, алардын жалпы көлөмүнүн 70%га жакыны;
  • жеке медициналык камсыздандырууга 9%; 
  • автотранспорт каражаттарынын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимдери ОСАГО 9%га жакын.

Маалыматтар өлкөнүн камсыздандыруунун динамикалык өнүгүшүн, калктын жана бизнестин камсыздандыруу компанияларынын кызматына ишениминин өсүшүн, ошондой эле алардын финансылык туруктуулугунун чыңдалышын чагылдырат.