Курс USD 87.30 / 87.78
Курс EUR 101.46 / 102.46
Курс RUB 1.108 / 1.132
Курс KZT 0.146 / 0.178
USD USD
87.30 / 87.78
EUR EUR
101.46 / 102.46
RUB RUB
1.108 / 1.132
KZT KZT
0.146 / 0.178

Казакстандык ишкер Вячеслав Ким Alatau City банкын сатып алды

Kaspi.kz компаниясынын тең ээси, ишкер Вячеслав Ким Alatau City Bank, мурдагы Jusan банктын 100% акциясын сатып алуу боюнча келишимин бүтүрдү. 7,1 миллиард доллар байлыгы менен Forbes журналынын эң бай казакстандыктарынын рейтингинде биринчи орунда турган банктын жаңы кожоюну келишим боюнча үн катты.
Казакстандык ишкер Вячеслав Ким Alatau City банкын сатып алды

Бул тууралуу Kursiv.media басылмасы кабарлады.

Вячеслав Ким 2025-жылдын февраль айында эле Jusan банкын сатып алуу үчүн кайрылган. Ал келечектеги келишимдин 21,32% акцияга ээлик кылган Kaspi.kz компаниясына эч кандай тиешеси жок экенин белгиледи. 2-июнда Казакстан Республикасынын Финансы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү боюнча агенттиги Kaspi.kz компаниясынын тең ээсине Jusan банктын 97,5% акциясын сатып алууга уруксат берди. Уруксат дароо эле берилген эмес. 

Май айында, келишим Каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттиги тарабынан бекитиле электе эле Jusan Bank Alatau City банкка ребрендинг жана аталышын өзгөртүүнү жарыялаган. Бирок бул жөн гана ребрендинг эмес, банктын жаңы үлгүсүн түзүү болчу.

Эми келишим бүтүп, ишкер анын базасында заманбап каржы институтун ачууну көздөп жатат.

«Alatau City Bank сатып алуу мен үчүн абдан маанилүү. Мен анын базасында Казакстан рыногу үчүн принципиалдуу жаңы каржы институтун түзүүнү көздөп жатам. Банктын жетекчилигине акыркы эки жылда жасаган мыкты иштери үчүн ыраазычылык билдирем. Эгерде биз бардык мыкты тажрыйбаларды сактап, технологиялык өнүгүүнү тездетүүгө көңүл бурсак, ийгиликке жетебиз деп ишенем», — деп билдирген  Ким.

Өз кезегинде Alatau City Bank мурдагы ээси Галимжан Есенов белгилегендей, Jusan банкты сатып алгандан кийин Банктын командасы каржы институтунун эффективдүүлүгүн жогорулатып, бизнес-процесстерди жакшыртып, продукт линиясын жаңырткан. Есенов Alatau City Bank олуттуу өзгөрүүлөрдү иштеп чыгып, Казакстандын алдыңкы банктарынын биринин статусун бекемдей алат деп ишендирген.

2025-жылдын 1-июнуна карата Alatau City Bank активдери боюнча Казакстанда 6-орунда турат – алар 3,4 триллион теңгеге бааланган.

Эске салсак, 2021-жылы ААК «Оптима Банк» Jusan банктын менчигине өткөн. АК «АТФБанк» менен Кыргызстандагы «Оптима Банк» ААКнын башкы компаниясы «First Heartland Jusan Bank» акционердик коомуна бириктирилген.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.