Кепилдик фонд» ААКсынын кепилдиктеринин кайтарымдуулугу тогуз жыл катары менен дээрлик 100%

Өлкөнүн ишкерлерин колдоо боюнча ишмердүүлүгүн баштагандан бери «Кепилдик фонд» ААКсы берилген кепилдиктер боюнча каражаттардын кайтарымдуулугунун жогорку деңгээлин сактап келет.

Кепилдик фонд» ААКсынын кепилдиктеринин кайтарымдуулугу тогуз жыл катары менен дээрлик 100%
Фото: www

Бул көрсөткүч «Кепилдик фонд» ААКсынын тогуз жылдык ишмердүүлүгүнүн ичинде 97,6%дан 100%га чейин өзгөрүп турган. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча кайтарымдуулук көрсөткүчү 98,22%ды түздү. Ал эми фонддун ишмердүүлүгүнүн бардык мезгили боюнча кепилдиктердин орточо кайтарымдуулук деңгээли 98,95%ды түзөт.

Бүгүнкү күнгө карата «Кепилдик фонд» ААКсы өлкөнүн ишкерлерине олуттуу колдоо көрсөттү. Ишмердүүлүк башталгандан бери фонд 21 миңден ашуун кепилдикти 18,2 млрд сомдон ашык суммага берди. Бул ишкерлерге өз бизнесин өнүктүрүү үчүн 56,2 млрд сомдон ашык кредиттик каражаттарды тартууга мүмкүнчүлүк берди.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.