2025-жыл Кыргызстандагы банктар үчүн өсүүнүн, санариптик чечимдерди киргизүүнүн жана кардарлар үчүн ыңгайлуулукту жогорулатуунун жылы болду. Уюмдар туруктуулуктун бекемделгенин, сервистердин жакшырганын жана инновациялык продуктулардын ишке киргизилгенин белгилешет.
Биз өлкөнүн банк тутумунун ар бир катышуучусу өз кардарларын куттуктай алышы үчүн банк өкүлдөрүнөн окурмандарыбыз үчүн кыскача билдирүүлөрдү даярдоону сурандык.
ЖАК «Компаньон Банкы»
«Компаньон Банкы» Жаңы жылыңыздар менен куттуктайт!
Узап жаткан жыл биз үчүн туруктуулуктун, өнүгүүнүн жана мыкты чечимдердин мезгили болду. Биз ырааттуу өнүгүп, санариптик багыттарды күчөтүп, кардарларды тейлөөнүн сапатына өзгөчө көңүл бурдук. Бул жылы биз менен бирге болгон, ишеним арткан ар бир кардарыбызга ыраазычылык билдиребиз. 2026-жылы «Банк Компаньон» жаңы өндүрүмдөрдү киргизүүнү, санариптик чечимдерди өнүктүрүүнү жана өз ара аракеттенүүнүн ыңгайлуулугун жогорулатууну улантат.
Жаңы жыл ишенимди, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана бакубатчылыкты алып келсин.
ААК «Евразиялык Сактык Банкы»
2025-жыл банкыбыз үчүн маанилүү жыл болуп, тейлөөнүн сапатын жакшырткан жана кардарларыбыз үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейткен бир катар олуттуу жетишкендиктер жана жаңылыктар менен белгиленди.
Visa карталарынын ийгиликтүү ишке киргизилгенин сыймыктануу менен билдиребиз — бул кардарларыбызга финансылык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, эсептешүүлөрдө кошумча ыңгайлуулук берди.
Бул жылы биз кеңселерибизде ири оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, аларды кардарлар үчүн дагы да ыңгайлуу кылдык. Жакшыртылган атмосфера тейлөө учурунда өзүн жайлуу сезүүгө шарт түзөт. Биз банк менен өз ара аракеттенүүнү мүмкүн болушунча ыңгайлуу жана натыйжалуу кылуу үчүн кызматтарыбызды жакшыртуу багытында ишти улантабыз.
Бардык кызматкерлерге талыкпаган эмгеги жана ишке берилгендиги үчүн, ал эми кардарларыбызга — ишеним жана колдоо үчүн ыраазычылык билдиребиз. 2026-жылы бизди жаңы мүмкүнчүлүктөр жана жетишкендиктер күтүп турат деп ишенебиз!
Жаңылыктарыбызга көз салып, биз менен болуңуздар!
ЖАК «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк»
2025-жыл DemirBank үчүн туруктуу өсүштүн жана кардарлардын ишенимин бекемдөөнүн жылы болду. Биз санариптик сервистерди өнүктүрүүнү, продуктулук линейканы кеңейтүүнү жана тейлөөнүн сапатын жогорулатууну улантып, банк кызматтарын дагы да болсо ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылдык. 2026-жылы банк инновациялык чечимдерди андан ары киргизүүнү, бизнести колдоону жана кардарларыбыздын муктаждыктарына багытталган жаңы сервистерди ишке киргизүүнү пландоодо.
DemirBank кардарларга жана өнөктөштөргө ишеним жана кызматташтык үчүн чын дилден ыраазычылык билдирет. Жаңы жылда туруктуулукту, салмактуу чечимдерди жана финансылык келечекке ишеним каалайбыз. 2026-жыл тынчтыктын, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн жана маанилүү маселелерде ишенимдүү колдоонун жылы болсун.
ААК «Мбанк»
Жаңы 2026-жылыңыздар менен! Кымбаттуу кардар!
Жаңы жыл ар дайым пландар, кыялдар жана алдыга жылуу. Биз сиздин убактыңыздын ар бир мүнөтү канчалык маанилүү экенин билебиз, ошондуктан бул жылы биз алдыга умтулууга аракет кылдык.
Биз үчүн сиз жөн гана колдонмонун колдонуучусу эмессиз. Сиз шыктандыруучу адамсыз. МБАНКты тандап, күнүмдүк жашооңуздун бир бөлүгү болууга мүмкүнчүлүк бергениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Биз бардыгы үчүн бардыгы бар дүйнөнү түздүк:
Бул жылы биз жөн гана банк эмес, сизди жарым сөздөн түшүнгөн экосистеманы курдук:
- MJunior — балдардын каржылык алгачкы кадамдары ата-эненин көзөмөлүндө.
- MIslamic — карыжыны шариат принциптерине ылайык башкаруу.
- MBusiness жана MKassa — бизнесиңиздин өсүшү үчүн күнүмдүк иштерди автоматташтыруу.
- MProfi — тез арада ишенимдүү адистерди табуу.
- MPay — интернетсиз Bluetooth аркылуу төлөм.
- MCafe — QR аркылуу буйрутма, жалпы эсеп жана кызматкерди бир баскыч менен чакыруу.
- MTravel жана MTicket — сапарларды жана эс алууну оңой пландоо.
- MInvest — ар бир адам үчүн жеткиликтүү инвестициялар.
- MMarket жана MBonus — кэшбэк жана бонустар менен ыңгайлуу соода.
- M+ — күнүмдүк иштерде максималдуу пайда.
MBANK — бул эртеңки күнгө ишеним, жакындарыңыз менен жолугушууга убакытты үнөмдөө жана сиздин ыңгайлуулугуңуз үчүн иштеген технология. Биз 2026-жылы MBANK колдонмосунда ар бир маселеңизге дароо чечим табышыңыз үчүн эң пайдалуу сервистерди түзүүнү улантабыз. Бул жыл сиз үчүн чоң жетишкендиктердин жылы болсун, ал эми биз ар бир финансылык кадамыңызда жаныңызда болобуз.
Ыраазычылык жана камкордук менен,
Сиздин MBANK — сиздин биринчи санариптик банк.
ААК «О!Банк»
Урматтуу O!Bank'тын кардарлары жана өнөктөштөрү!
2025-жылы биз санариптик сервистерди өнүктүрүп, кыргызстандыктар үчүн ыңгайлуу чечимдерди түзүү менен бирге жаңы ийгиликтерге жетиштик.
O!Bank – бул финансыны, телекоммуникацияны жана e-commerce бириктирген, 3 миллиондон ашык колдонуучусу бар Кыргызстандагы эң ири санариптик платформа болгон «Мой О!» экосистемасынын курамына кирет.
Бардык банктык продукттар жана сервистер «Мой О!» тиркемесинде жеткиликтүү, ошондуктан сиз каалаган убакта жана дүйнөнүн каалаган жеринен өз финансыңызды башкара аласыз.Ишеним көрсөтөнүңүз жана O!Bank'ты тандаганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биз ар бир кардарды жана өнөктөштү баалайбыз жана сиздин финансылык операцияларыңыз тез, ыңгайлуу жана коопсуз болушу үчүн иштөөнү улантабыз.
2026-жылы биз заманбап технологияларды киргизүүнү жана акчаны башкаруу сиз үчүн жеңил жана ыңгайлуу болушу үчүн дагы көп финансылык чечимдерди түзүүнү улантабыз. Жаңы жыл сиздерге ишеним, жаңы ийгиликтерди жана финансылык бакубатчылыкты алып келсин!
Келе жаткан 2026-жылыңыздар менен!
«О!Банк» ААК. КРУБ №044 лицензиясы, 17.09.2024-ж.
ААК «Оптима Банк»
Урматтуу кардарлар!
Жылды жыйынтыктап жатып, «Оптима Банкты» тандап, ишеним арткандыгыңыздар үчүн чын дилден ыраазычылык билдиребиз. 2025-жыл маанилүү окуяларга бай болду: биз «Pay,Da!» бөлүп төлөө кызматын, балдар үчүн Visa Optima картасын ишке киргизип, ошондой эле «20 миллионер» акциясын өткөрдүк — сиз анда дагы да болсо катышып, 1 миллион сом утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло аласыз. Келерки жылы да сервистерди өнүктүрүп, сиз үчүн ишенимдүү өнөктөш бойдон калабыз. Жаңы жылда бакубатчылык, жаңы идеялар жана кубанычтуу учурларды каалайбыз!
ААК «Элдик Банк»
Урматтуу кыргызстандыктар!
«Элдик Банк» сиздерди келе жаткан Жаңы 2026-жыл менен куттуктайт.
2025-жыл биз үчүн сиздердин ишенимиңиздердин аркасында мүмкүн болгон туруктуу өнүгүүнүн жана маанилүү жетишкендиктердин жылы болду. Биз мамлекеттик демилгелерди, бизнес менен агрардык секторду колдоону улантып, калк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатабыз.
Жаңы жыл сиздерге ден соолук, бакубатчылык жана эртеңки күнгө ишеним алып келсин.
ЖАК «ФИНКА Банк»
Кымбаттуу достор!
2025-жыл биз үчүн өзгөчө болду — сиздер менен бирге өсүп, жаңы идеяларды ишке ашырып, бири-бирибизге болгон ишенимди бекемдедик. Ар бир ийгилигиңиз бизди дагы да жакшыраак болууга шыктандырат, ал эми ар бир тарыхыңыз биздин ишти маанилүү жана маңыздуу кылат.
2026-жылы да сиздер менен бирге болуп, максаттарыңызды колдоп, жетишкендиктериңизге кубанып, жаңы бийиктиктерге умтулууга жардам беребиз.
Чын жүрөктөн сиздерге жана жакындарыңыздарга ден соолук, жылуулук, ар бир күндө кубаныч жана бардык баштаган иштериңиздерде чоң ийгиликтерди каалайбыз. Жаңы жыл ишеним, максаттардын ишке ашышын жана көптөгөн бактылуу учурларды алып келсин. Бизге эң баалуу нерсеңиздерди — пландарыңызды жана кыялдарыңызды — ишенип тапшырганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.
ЖАК «ЭкоИсламикБанк»
Урматтуу өнөктөштөр жана кардарлар, кымбаттуу достор!
2025-жыл банкыбыз үчүн чындап маанилүү жана өзгөчө этап болду: ушул жылы «ЭкоИсламикБанк» Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын №01-ИБ лицензиясын алып, Кыргыз Республикасындагы биринчи ислам банкы болду.
Банкыбыз КМШ өлкөлөрүндө Ислам банкинги жана финансы тармагындагы беделдүү эл аралык сыйлыкка («CIS Islamic Banking and Finance Awards») «КМШдагы мыкты Ислам Банкы» номинациясы боюнча татыды. Биз бардык кардарларыбыз жана өнөктөштөрүбүз үчүн эң мыкты болууга умтулууну улантабыз!
Бул жыйынтыктарга жетүүгө мүмкүндүк берген командабыздын кесипкөйлүгү жана ынтымактуу эмгеги менен чын жүрөктөн сыймыктанабыз. 2026-жылы ислам каржылоосунун принциптерине негизделген продуктуларды жана сервистерди өнүктүрүүнү, өнөктөштүк байланыштарды бекемдөөнү жана чыныгы ислам экономикасын түзүүнү улантабыз!
Бардык кыргызстандыктарды узап жаткан жылдын аякташы менен куттуктап, 2026-жылы ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, туруктуулук жана Кыргызстаныбызга гүлдөп-өнүгүү каалайбыз! Жаңы жетишкендиктер, ийгиликтер жана жеңиштер болсун!
Banks.kg маалымат порталы банктардын куттуктоолоруна кошулат. Биз бардык кыргызстандыктарга эртеңки күнгө ишенимди, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана туруктуу финансылык бакубатчылыкты каалайбыз. Ар бир күнүңүз кубанычка толуп, иштериңизде ийгилик болуп, тайманбас идеяларды ишке ашырууга шыктандыруу каалайбыз, ошондой эле банктар жана санариптик сервистер жашооңузду дагы да ыңгайлуу кыла беришине тилектешпиз.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.