Курс USD 87.31 / 87.80
Курс EUR 97.47 / 98.47
Курс RUB 1.073 / 1.107
Курс KZT 0.117 / 0.187
USD USD
87.31 / 87.80
EUR EUR
97.47 / 98.47
RUB RUB
1.073 / 1.107
KZT KZT
0.117 / 0.187

Кыргызстанда эмнелер кымбаттады? Спойлер: картөшкө + 39%

Акыркы төрт айда Кыргызстанда керектөө бааларынын өсүшү 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу 2,2% түздү.
Кыргызстанда эмнелер кымбаттады? Спойлер: картөшкө + 39%

Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди. 

Инфляцияга көбүрөөк таасир эткен азык-түлүк товарлары, алкоголсуз суусундуктар жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдө баалардын өсүшү байкалды. 

Негизги категория боюнча өзгөрүүлөр:

  • Тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар 3,9%га кымбаттады;
  • Алкоголь жана чылым —  2,3%га өстү;
  • Кызмат көрсөтүү тарифтери — 1,1%га өстү;
  • Азык-түлүк эмес товарлар — 0,3%га түшүү.

Өзгөчө эмнелер кымбаттады:

  • Картөшкө — 38,8%га;
  • Жаңы балык — 15,8%га;
  • Жашылча-жемиштер — 13,6%га;
  • Эт  (орточо) — 6,2%га, анын ичинде:
  • Кой эти — 9,2%га;
  • Жылкы эти — 6,4%га;
  • Уй эти — 6,0%га;
  • Өсүмдүк майы — 4,1%га;
  • Май каймагы — 2,6%га;
  • Бышырылган нан азыктары — 2,1%га.

Эмне арзандады:

  • Жумуртка — 8,9%га;
  • Кум шекер — 4,6%га;
  • Сүт — 3,1%га;
  • Күрүч — 1,5%га;
  • Ун —1,2%га.

Аймактардагы баалар

Баалардын өсүшү өлкөнүн бардык аймактарында катталды, бирок, максималдуу өсүү төмөнкүлөрдө: 

  • Ош обусу — 3,7%га, тамак-аш азык түлүктөрүнө болго баалардын өсүшү 5,8%га;
  • Ош шаары — алкоголь жана чылымга болгон баанын өсүшү — 6,9%га;
  • Исык-Көл облусу — азык-түлүк эмес товарлардын бааларынын өсүшү— 0,8%га;
  • Нарын облусу — кызмат көрсөтүү тарифине болгон баалардын өсүшү— 2,8%га.

2025-жылдын апрель айы (айлык динамика)

Керектөө бааларынын жалпы өсүшү - 0,4%га.

  • Азык-түлүк жана суусундуктар — +0,5%;
  • Азык-түлүк эмес товарлар — +0,3%;
  • Кызматтар — +0,1%.

Апрель айындагы төмөндөөлөр:

  • Жумуртка — 3,8%;
  • Сүт — 2,7%;
  • Малдын майы — 1,5%;
  • Кум шекер — 0,9%;
  • Күрүч — 0,8%;
  • Ун  — 0,3%.

Апрель айындагы төмөндөө бир гана Жалал-Абад облусунда байкалган — 0,1%га.

 

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.