Курс USD 88.64 / 89.46
Курс EUR 94.80 / 95.80
Курс RUB 0.947 / 0.973
Курс KZT 0.138 / 0.206
USD USD
88.64 / 89.46
EUR EUR
94.80 / 95.80
RUB RUB
0.947 / 0.973
KZT KZT
0.138 / 0.206

Микрокредиттик жана микрофинансылык компаниялар Кыргызстанда кандай шартта иш алып барат?

Улуттук банктын маалыматы боюнча, өткөн жылдын декабрынын аягында республикада 77 микрокредиттик жана 9 микрофинансылык компания катталган.
Микрокредиттик жана микрофинансылык компаниялар Кыргызстанда кандай шартта иш алып барат?

Бул тармактын белгилүүлүгү микрофинансылык жана микрокредиттик уюмдар өз кардарларына насыя берүүгө даяр экендиги менен байланыштуу.

МФК жана МКК деген эмне экенин түшүндүрүп беребиз. Негизинен экөөнүн функциялары бирдей эле, экөө тең калкка жана ишкерлерге насыя берет. Белгилүү болгондой, насыяны банктарга караганда бул компаниялардан алуу алда канча оңой, бирок үстөк пайызы жогору. Анда 300 миң сомго чейин насяны күрөөсүз алуу мүмкүн, бирок кирешени тастыктаган атайын документтер керек болот. Мисалы, иштеген жерден справка, айлык акы тууралуу маалымат, патент, сиздин эсбебиңиздеги финансылык маалыматтар. 
«Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдары жөнүндө» мыйзамына ылайык, микрофинансы уюму жеке жана юридикалык жактарга микрофинансылык кызматтарды көрсөтүү максатында, анын ичинде ислам принциптерине ылайык түзүлгөн адистештирилген кредиттик мекеме болуп саналат.

Бардык микрофинансылык уюмдар Улуттук банкка финансылык отчетту берүүгө милдеттүү. Бирок, ошол эле учурда, MФК менен МККнын ортосунда айырма бар - өзгөчө контролдоо жагынан. 

MФК менен МККнын негизги айырмачылыктары

Микрофинансылык компаниялар - ири уюм болуп саналат жана ири өздүк капиталга ээ болуу милдети бар. Мындан тышкары, алардын ишмердүүлүгүнө аудиторлор жана Улуттук банк тарабынан көзөмөл жүргүзүлөт.

Микрокредиттик компаниялар көбүнчө - чакан уюмдар болуп саналат. Эрежеге ылайык, көзөмөлдөөчү тарабынан талаптар аз болот. Начыя алуучулардын бири кредитти төлөй албай калган учурда финансылык резервдерди түзүү ишмердүүлүктүн шарттарынын бири болуп саналат. Негизги банк ондогон миллион сомдон ашык суммадагы карыз алуучулардын чоң карыздарына аралашат.

Ошентип акыркы пунктка таянсак, микрофинансылык компаниялар микрокредиттик компаниялардан айырмаланып, көбүрөөк ыйгарым укуктарга ээ экени белгилүү болду, анткени алар чоң суммадагы кредиттерди бере алышат.

Насыя алган кардар МФК жана МККга канча каражат ашыкча төлөйт?

Төлөмдөр боюнча пайыздарга келсек, алар насынын шарттарына жараша өзгөрөт. Эсептөөдө кредиттин суммасы, мөөнөтү жана күрөөнүн бар экендиги эске алынат.

Кыргызстандын МКК жана МФКда орточо эсеп менен насыянын пайыздык чени жылдык 20%дан 45%га чейин түзөт. Кыска мөөнөттүү кредиттер үчүн эсептелген максималдуу пайыздык чен мисалы 12 айга 10 000 сом үчүн пайыздык чен жылына болжол менен 2600 сомду түзөт.

Мындан тышкары, кээ бир микрофинансылык мекемелерде ислам принциптерине ылайык, товарды сатып алуу үчүн бөлүп төлөө ыкмасын сунуштайт. Бул учурда белгилөө алдын ала макулдашылат. Ал пайыздык эсеп менен алганда, мисалы, 12 айга 10 000 сомдун жылдык пайыздын чени 1800-1900 сом болот. 

#gmwkyrgyzstan2024