Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
2026-жылдын 1-майына карата республика боюнча «Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ай сайын берилүүчү жөлөк пулунун алуучуларынын жалпы саны 28 538 адамды түздү.
Аталган жөлөк пул бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда, ошондой эле өзгөчө макамга ээ айрым чек арага жакын калктуу конуштарда жашаган жарандарды, үй-бүлөлөрдү мамлекеттик колдоо максатында дайындалат.
Жөлөк пул дайындоодо үй-бүлөнүн кирешеси жана социалдык-экономикалык абалы эске алынбайт.
Жөлөк пулдун көлөмү айына 3 000 сомду түзөт.
Жөлөк пул алуу үчүн жарандар жашаган жери боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык башкармалыктарына кайрылуусу зарыл. «Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» Ай сайын берилүүчү жөлөк пулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобо менен шилтеме аркылуу таанышсаңыз болот.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.