Курс USD 87.24 / 87.72
Курс EUR 101.23 / 102.23
Курс RUB 1.085 / 1.116
Курс KZT 0.140 / 0.174
USD USD
87.24 / 87.72
EUR EUR
101.23 / 102.23
RUB RUB
1.085 / 1.116
KZT KZT
0.140 / 0.174

Эмне үчүн кыргызстандыктар өмүрүн камсыздандырууга кайдыгер мамиле кылышат?

Тилекке каршы, Кыргызстандын жашоочулары өмүрүн камсыздандырууга дале көңүл бурушпайт. Кээ бирлери бул көрүнүштү акчаны текке кетирүү деп эсептешсе, башкалары тааныштарынын ийгиликсиз тажрыйбасына таянышат. Бирок, оор учурда каржылык колдоо маанилүү дагы зарыл дагы болору күмөнсүз.
Эмне үчүн кыргызстандыктар өмүрүн камсыздандырууга кайдыгер мамиле кылышат?

Экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө камсыздандыруу финансылык сабаттуулуктун бир бөлүгү болуп саналат. Камсыздандыруунун негизги максаты – тобокелдиктерден коргоо, мисалы оору, жаракат алуу, кырсык жана өлүм келбейт деген кепилдик жок. 

КРнын Мамлекеттик финансы көзөмөл кызматы Кыргызстандын 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата камсыздандыруу рыногунун негизги көрсөткүчтөрүн, анын ичинде чогулган камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча маалымат жарыялады. Жалпысынан 2025-жылдын алты айында КРнын камсыздандыруу компаниялары 3 миллиард 961 миллион 889 миң 970 сом чогулткан. Алардын ичинен:

ЖАК «НСК» - 530 млн сом

  • Жеке камсыздандыруу - 40 млн 519 миң 498 сом;
  • Мүлктүк камсыздандыруу - 210 млн 118 миң 826 сом;
  • Жоопкерчилик камсыздандыруусу - 15 млн 884 миң 160 сом; 
  • Өмүрдү камсыздандыруу -
  • Милдеттүү камсыздандыруу - 263 млн 481 миң 994 сом.

ААК «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» - 834 млн 504 миң сом

  • Жеке камсыздандыруу - 633 миң 241 сом;
  • Мүлктүк камсыздандыруу – 244 млн 719 миң 614 сом;
  • Жоопкерчилик камсыздандыруусу - 11 млн 275 миң 267 сом;
  • Өмүрдү камсыздандыруу –
  • Милдеттүү камсыздандыруу - 577 млн 876 миң 462 сома.

ЖКАК «Ингострах» - 87 млн 238 миң сом

  • Жеке камсыздандыруу – 2 млн 208 миң 331 сом;
  • Мүлктү камсыздандыруу – 40 млн 302 миң 216 сом;
  • Жоопкерчиликти камсыздандыруу – 810 миң 725 сом;
  • Өмүрдү камсыздандыруу -
  • Милдеттүү камсыздандыруу – 43 млн 917 миң 239 сом.

ЖАК КК «Алма-Иншуренс» - 216 млн 210 миң сом

  • Жеке камсыздандыруу – 2 млн 161 миң 061 сом;
  • Мүлктү камсыздандыруу – 48 млн 644 миң 866 сом;
  • Жоопкерчиликти камсыздандыруу – 1 млн 343 миң 460 сом;
  • Өмүрдү камсыздандыруу -
  • Милдеттүү камсыздандыруу – 164 млн 060 миң 814 сом.

ЖАК КК «АТН Полис» - 138 млн 327 миң сом

  • Жеке камсыздандыруу – 31 млн 443 миң 457 сом;
  • Мүлктү камсыздандыруу – 80 млн 328 миң 534 сом;
  • Жоопкерчиликти камсыздандыруу – 3 млн 393 миң 378 сом;
  • Өмүрдү камсыздандыруу -
  • Милдеттүү камсыздандыруу – 23 млн 161 миң 824 сом.

ЖАК КК «А Плюс» - 487 млн 014 миң сом

  • Жеке камсыздандыруу – 405 млн 714 миң 597 сом;
  • Мүлктү камсыздандыруу – 55 млн 372 миң 565 сом;
  • Жоопкерчиликти камсыздандыруу – 7 млн 726 миң 753 сом;
  • Өмүрдү камсыздандыруу -
  • Милдеттүү камсыздандыруу – 18 млн 200 миң 773 сом.

ЖАК КК «АЮ Гарант» - 209 миң сом

  • Жеке камсыздандыруу – 26 миң 720 сом;
  • Мүлктү камсыздандыруу – 43 миң 747 сом;
  • Жоопкерчиликти камсыздандыруу – 9 миң 693 сом;
  • Өмүрдү камсыздандыруу -
  • Милдеттүү камсыздандыруу – 129 миң 063 сом.

ЖАК «Бакай Иншуренс» - 100 млн 643 миң сом

  • Жеке камсыздандыруу – 3 млн 127 миң 036 сом;
  • Мүлктү камсыздандыруу – 58 млн 111 миң 871 сом;
  • Жоопкерчиликти камсыздандыруу – 13 млн 526 миң 637 сом;
  • Өмүрдү камсыздандыруу -
  • Милдеттүү камсыздандыруу – 25 млн 877 миң 615 сом.

ЖАК КК «Здоровье» - 101 млн 895 миң сом

  • Жеке камсыздандыруу – 96 млн 673 миң 686 сом;
  • Мүлктү камсыздандыруу – 2 млн 514 миң 769 сом;
  • Жоопкерчиликти камсыздандыруу – 1 млн 375 миң 920 сом;
  • Өмүрдү камсыздандыруу – 1 млн 331 миң 006 сом;
  • Милдеттүү камсыздандыруу -

ЖАК «Джубили Кыргызстан Иншуренс Компани» - 143 млн 827 миң сом

  • Жеке камсыздандыруу – 44 млн 875 миң 698 сом;
  • Мүлктү камсыздандыруу – 82 млн 279 миң 234 сом;
  • Жоопкерчиликти камсыздандыруу – 6 млн 354 миң 125 сом;
  • Өмүрдү камсыздандыруу – 252 миң 704 сом;
  • Милдеттүү камсыздандыруу – 10 млн 065 миң 989 сом.

ААК «Сакбол» - 130 млн 982 миң сом

  • Жеке камсыздандыруу – 33 млн 126 миң 577 сом;
  • Мүлктү камсыздандыруу – 18 млн 091 миң 549 сом;
  • Жоопкерчиликти камсыздандыруу – 2 млн 704 миң 841 сом;
  • Өмүрдү камсыздандыруу -
  • Милдеттүү камсыздандыруу – 77 млн 059 ТВС 080 сом.

ЖАК КК «Арсенал-Кыргызстан» - 793 млн 594 миң сом

  • Жеке камсыздандыруу – 563 млн 632 миң 330 сом;
  • Мүлктү камсыздандыруу – 128 млн 368 миң 372 сом;
  • Жоопкерчиликти камсыздандыруу – 49 млн 183 миң 107 сом;
  • Өмүрдү камсыздандыруу -
  • Милдеттүү камсыздандыруу – 52 млн 410 миң 826 сом.

ЖАК КК «Кыргызстан» - 276 млн 943 миң сом

  • Жеке камсыздандыруу – 13 млн 571 миң 609 сом;
  • Мүлктү камсыздандыруу – 98 млн 420 миң 896 сом; 
  • Жоопкерчиликти камсыздандыруу – 44 млн 740 миң 690 сом;
  • Өмүрдү камсыздандыруу -
  • Милдеттүү камсыздандыруу – 120 млн 210 миң 494 сом.

ЖАК «Дордой Камсыздандыруу»  - 87 млн 404 миң сом

  • Жеке камсыздандыруу – 40 млн 131 миң 779 сом;
  • Мүлктү камсыздандыруу – 17 млн 400 миң 435 сом;
  • Жоопкерчиликти камсыздандыруу – 16 млн 668 миң 991 сом;
  • Өмүрдү камсыздандыруу -
  • Милдеттүү камсыздандыруу – 13 млн 203 миң 279 сом.

ЖАК КК «Аманат» - 33 млн 089 миң сом

  • Жеке камсыздандыруу -
  • Мүлктү камсыздандыруу – 32 млн 995 миң 612 сом;
  • Жоопкерчиликти камсыздандыруу – 94 миң 308 сом;
  • Өмүрдү камсыздандыруу -
  • Милдеттүү камсыздандыруу –

Биринчи жарым жылдыктын маалыматтна караганда, ушул жылы ЖАК КК «Здоровье» жана ЖАК «Джубили Кыргызстан Иншуренс Компаниясында» гана адамдар жашоосун камсыздандырган.

Banks.kg порталы ЖАК «Джубили Кыргызстан Иншуренс Компаниясына» жана ЖАК «НСК»: «Эмне үчүн аз гана компаниялар адамдардын өмүрүн камсыздандырат, анын себеби эмнеде?» деген суроо менен кайрылды.

«Бул түрдөгү камсыздандыруу үчүн өзүнчө лицензия берилет, мүмкүн кээ бир камсыздандыруу компанияларында мындай лицензиялар жоктур. Биз сегиз жылдан бери «Өмүрдү камсыздандыруу» продуктусун ишке ашырып келебиз, бирок жыйынтыктар азырынча жөнөкөй деңгээлде. Себеби Кыргызстандагы камсыздандыруу маданиятынын төмөндүгүндө жатат, ал бир катар факторлордон улам келип чыгууда. Балким, коомчулук камсыздандыруу продуктулары тууралуу жетиштүү көлөмдө маалымат албай жатат. Биз маалыматтык жетишпестикти жоюу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз: буклеттерди чыгарабыз, кардарларга өмүрдү камсыздандыруунун узак мөөнөттүү финансылык курал катары артыкчылыктарын түшүндүрөбүз, социалдык тармактарга маалыматтык видеолорду жайгаштырабыз. Өмүрдү камсыздандыруу боюнча айта турган болсок, адамдар бул камсыздандырууну депозит менен салыштырып, көбүнчө депозитти тандашат. Маселен, бир киши бизге келип, 10 жылга өмүрүн 500 миң сомго камсыздандыргысы келет дейли — ал жыл сайын 50 миң сомдон төлөшү керек. Мөөнөтү бүткөндө, бардык сумма кайра кайтарылат. Ошол эле учурда 10 жыл бою анын өмүрү камсыздандырылган бойдон калат. Бирок бул жылдар аралыгында инфляция болуп кетет да, ошондуктан адамдар акчаны банкка коюп, үстөк алуу жолун тандашат», — деп билдирди «Джубили Кыргызстан Иншуренс Компани» ЖАК.

Кыргызстандыктардын өз өмүрүн камсыздандырууну каалабаганы боюнча «НСК» ЖАК да комментарий берди.

«Кыргызстанда өмүрдү камсыздандыруунун кеңири жайылбашы биринчи кезекте рыноктун жана узак мөөнөттүү каржылык коргоо маданиятынын калыптануу этабы менен байланыштуу. Биздин компанияда биз бул багытты артыкчылыктуу тармактардын бири катары карап, аны өнүктүрүү үчүн активдүү иштеп жатабыз. Өмүрдү камсыздандыруу — жөн гана продукт эмес, ал ар түрдүү турмуштук кырдаалдарда, жеке же кесиптик болобу, туруктуулукту жана коргоону камсыз кылган ишенимдүү курал», — деп билдиришти аталган компаниядан.

Banks.kg порталы компаниянын кызматкерлерине суроолорго жооп бергендери үчүн ыраазычылык билдирет.

33
2025-08-08T13:29:01+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.