Курс USD 87.31 / 87.79
Курс EUR 98.73 / 99.73
Курс RUB 1.102 / 1.133
Курс KZT 0.117 / 0.187
USD USD
87.31 / 87.79
EUR EUR
98.73 / 99.73
RUB RUB
1.102 / 1.133
KZT KZT
0.117 / 0.187

Садыр Жапров эмне себептен рубль менен бир гана банк иштей турганын түшүндүрдү

Президент Садыр Жапаров соцтармактардагы «Капитал банк» банкына байланыштуу талкууларга жана анын рубль менен болгон операцияларына комментарий берди. Өлкө башчы банк толугу менен мамлекетке карай турганын жана мыйзамдын чегинде гана иш алып барарын белгиледи.
Садыр Жапров эмне себептен рубль менен бир гана банк иштей турганын түшүндүрдү

«Капитал банк» болсо – 100 пайыз мамлекеттик банк. Каржы министрлиги 100 пайыз ээлик кылат жана аны толук көзөмөлдөп турат», - деп билдирди президент. 

Анын айтымында, рублдик операциялардын баарын бир банкка өткөрүү чечими «Керемет банкка» каршы санкциялар киргизилгенден кийин кабыл алынган.

«Рубль менен бир эле банк иштесин, баары көзөмөлдө болсун, керек болсо күндө силерге отчёт берип турсун деп бул банкты аныктаганбыз. Ошондуктан бүгүнкү күндө рубль менен бир гана «Капитал банк» иштеп жатат», - деп белгиледи ал. 

Өлкө башчысы башка банктарга рублдан башка валюталарга эч кандай чек жок экендигин каалагандай иштей беришсе боло турганын айтты.

«Эч кандай Ширшов-Миршов дегендер жок. «Капитал банк» мамлекеттин, тагыраагы, Каржы министрлигинин көзөмөлүндө иштейт. Ошондуктан ар кандай имиштерге ишене бериштин кажети жок», - деди президент.

Садыр Жапров Америка тарап банктарыбга санкция сала беришсе, анда бул аракеттерин жөн гана Кыргыз мамлекетине болгон бут тосуулары деп билсе болорун белгиледи. 

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.