Анда аталган компания VII Кыргыз–Россия экономикалык форумунун стратегиялык өнөктөшү болуп чыгып, иш-чаранын алкагында өзүнүн стендин сунуштады. Бул тууралуу «Wildberries & Russ» компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.
Кол коюлган үч тараптуу келишим Кыргызстанда «Өсүү платформасы» долбоорун жакын арада ишке киргизүүгө алгачкы кадам болуп саналат, бул - ишкерлерди колдоого багытталган долбоор болуп саналат.
Келишимдин максаттары чакан жана орто бизнести колдоо, өлкөнүн экспорттук потенциалын ишке ашыруу, аялдар ишкердигин өнүктүрүү, кыргызстандык ишкерлерди чек арадан тыш электрондук соодага, анын ичинде Wildberries маркетплейсине тартуу.
«Келишимдин алкагында аталган компания ишкерлерди окутуп, аларды Wildberries платформасына чыгууда коштоп, ошондой эле маркетплейсте товарларды жайылтууга жардам көрсөтүүнү пландап жатат», — деп айтылат билдирүүдө.
Россия–Кыргыз Өнүктүрүү фонду долбоордун алкагында маалыматтык жана уюштуруучулук колдоо көрсөтөт. Мындан тышкары, Фонд ишкерлерге жеңилдетилген каржылоону сунуштоого даяр экенин билдирди. Ал эми «Бакай Банк» ААКсы долбоордун катышуучуларына ыңгайлуу насыялык шарттарды сунуштайт.
«Биз Кыргызстанда 2017-жылдан бери иштеп келебиз жана бизнесибиздин оң динамикасын кубануу менен байкап турабыз. Республикада электрондук коммерциянын кандай ылдамдыкта өсүп жатканын көрүп турабыз жана инновациялар менен инфраструктураны өнүктүрүүгө ресурстарыбызды салууга даярбыз. Учурда биз эки негизги багытка көңүл буруп жатабыз: Кыргызстан бизнесин чек арадан тыш электрондук соодага активдүү тартуу жана өлкөдөгү эң ири электрондук соода товарлары үчүн логистикалык борборду түзүү. Бул экөө чогулуп, Кыргызстандагы e-commerce тармагынын өнүгүшүнүн локомотиви болот», — деп билдирди аталган команиянын эл аралык бизнес өнүктүрүү департаментинин директору Рафаэл Абрамян.