Статкомдун маалыматына ылайык, 2026-жылдын башына карата Кыргызстандын калкынын саны 7,4 миллион адамга жетти. Өлкөнүн демографиялык түзүмүндө аялдардын саны эркектерге караганда бир аз көбүрөөк болуп, алардын үлүшү 50%дан ашат. Аялдардын орточо жаш курагы 30 жашты, ал эми эркектердики 28 жашты түзөт.
Кыргызстанда аялдар орто эсеп менен эркектерге караганда узагыраак жашашат. 2024-жылы аялдардын күтүлгөн өмүр узактыгы 77 жаш, ал эми эркектердики 68 жаш болду. Мындай айырмачылыктын негизги себептеринин бири — эркектер арасындагы өлүм-житим деңгээли аялдарга салыштырмалуу 1,6 эсе жогору болушу.
Аялдар жана демография
Калктын жаш курактык түзүмүнүн жаш болушу никеге туруу көрсөткүчүнө да таасир этет. 2024-жылы өлкөдө 45 миңден ашуун аял никеге турган, алардын 87%ы биринчи жолу турмушка чыккан. Биринчи жолу турмушка чыккандардын негизги бөлүгү 18–29 жаш курагына туура келет. Биринчи никеге туруу боюнча орточо жаш курак 24 жаш, ал эми кайра никеге туруу — 35 жаш.
Төрөт боюнча айтсак, Кыргызстанда орточо эсеп менен бир аял үч бала төрөйт. Жаңы төрөлгөн балдардын саны бир аз азайганы байкалат: 2020-жылы 158 миң болсо, 2024-жылы 140 миңди түзгөн. Ошого карабастан, төрөт деңгээли калктын жөнөкөй кайра өндүрүлүш деңгээлинен жогору бойдон калууда, бул өлкө калкынын өсүшүнө өбөлгө түзөт.
Экономикадагы аялдардын ролу
Статистикага ылайык, аялдар өлкөнүн экономикасында да маанилүү ролду ойношот. 2024-жылы эмгекке жарамдуу курактагы аялдардын иш менен камсыз болуу деңгээли 48,7%ды, ал эми иштеп жаткан аялдардын орточо жашы 41 жашты түзгөн.
Аялдар көбүнчө төмөнкү тармактарда иштешет:
- билим берүү;
- саламаттык сактоо жана социалдык кызмат көрсөтүү;
- соода тармактары;
- мейманкана жана ресторан иши.
Ошол эле учурда эмгек акы боюнча гендердик айырма сакталууда. 2025-жылдагы изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, аялдардын орточо эмгек акысы эркектердин эмгек акысынын 65,7%ын түзөт. Мындай айырма негизинен иш менен камсыз болуунун тармактык түзүмүнө байланыштуу.
Аялдар билим берүү тармагында
Билим берүү тармагында да аялдар басымдуулук кылат. 2024/2025-окуу жылынын башында мектеп мугалимдеринин 87%ын аялдар түзгөн.
Ошондой эле билим берүү мекемелеринде окуган студенттердин арасында да кыздар көп:
- 58% - орто кесиптик билим берүү мекемелеринде окуган кыздар;
- 55% - жогорку окуу жайларда кыздар түзгөн.
Үй чарбасы
Аялдар убактысынын чоң бөлүгүн үй чарбасына да жумшашат. Орточо эсеп менен алар күнүнө 4 саат 40 мүнөттү үй иштерине коротушат, бул алардын убактысынын 19%дан ашыгын түзөт.
Эркектерде бул көрсөткүч беш эседен да аз.
Айыл жеринде жашаган аялдар үй иштерине көбүрөөк убакыт бөлүшөт — күнүнө орточо 5 саат, ал эми шаардагы аялдар болжол менен 4 саат убакыт коротушат.
Жумуштан жана үй иштеринен тышкары аялдар эс алууга да убакыт табышат. Орточо эсеп менен алар жумасына 2 саат 20 мүнөттөй убакытты активдүү эс алууга арнашат.
Буга чейин Кыргызстандын экономикасындагы мырзалардын орду тууралуу кызыктуу статистика жарыяланган.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.