Салык кызматы Кыргызстандын аймагынан тышкары ишмердүүлүк жүргүзүүнү пландаган салык төлөөчүлөр 2026-жылдын 1-январынан тартып 0,1 пайыз ставкасы боюнча бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонууга милдеттүү экенин эскертет.
«Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, аталган салык системасын колдонуу үчүн салык төлөөчүлөр 2026-жылдын 1-февралына чейин салыктык каттоодон өткөн жери боюнча 0,1 пайыздык ставкадагы бирдиктүү салыкка өтүү жөнүндө арыз берүүгө тийиш болгон», - деп билдирди МСК.
Салык төлөөчүлөрдөн келип түшкөн кайрылууларга байланыштуу, салык салуунун аталган системасына өтүү үчүн арыз берүү мөөнөтү 2026-жылдын 1-мартына чейин узартылды.
Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү бирдиктүү салыктын негизинде атайын салык режимине өтүү үчүн аймактык салык органдарына арыз менен кайрылууга чакырат.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.