Курс USD 87.31 / 87.79
Курс EUR 101.48 / 102.48
Курс RUB 1.096 / 1.130
Курс KZT 0.146 / 0.178
USD USD
87.31 / 87.79
EUR EUR
101.48 / 102.48
RUB RUB
1.096 / 1.130
KZT KZT
0.146 / 0.178

Дүйнөдө биринчи жолу шариятка туура келген мульти-токендик стейкинг Кыргызстанда ишке кирет

Sharia Earn ишке кириши — ислам принциптерине ылайык инклюзивдүү каржылык келечекке карай Binance компаниясынын маанилүү кадамы. Продукт дүйнө жүзү боюнча таанылган шариаттык консалтинг компаниясы тарабынан расмий сертификат алды.
Дүйнөдө биринчи жолу шариятка туура келген мульти-токендик стейкинг Кыргызстанда ишке кирет

Sharia Earn халал инвестицияны камсыздап, дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар үчүн баалуулукка негизделген пассивдүү киреше алуу мүмкүнчүлүктөрүн жаратат. Бул тууралуу Binance билдирди.

Binance глобалдык блокчейн экосистемасы Sharia Earn - аттуу жаңы, инновациялык өндүрүмдү ишке киргизди. Бул ислам принциптерине ылайык инвестиция кылуу мүмкүнчүлүгүн ачат. Продукт алдыңкы шариаттык консалтинг компаниясынан расмий түрдө сертификат алган жана ислам финансы принциптерине жооп берген биринчи көп токендүү стейкинг кызматын сунуштайт.

Ислам финансы рыногунун көлөмү 4 триллион АКШ долларынан ашат, бирок айрым диний нормаларга байланыштуу миллиондогон мусулмандар катыша албай келишет. Sharia Earn бул маселени чечип, дүйнө жүзүндөгү мусулман жамааты үчүн криптовалюта аркылуу пассивдүү киреше табуунун ачык-айкын жана адал жолун сунуштайт. Бул кызмат толугу менен ислам финансынын нормаларына жана принциптерине ылайык иштелип чыккан.

Бул Binance компаниясынын исламдык каржы чөйрөсүнө карай биринчи кадамы ошондой эле компаниянын маданий жана руханий баалуулуктарды урматтаган инновацияларга умтулуусунун далили. Баштапкы этапта кызмат BNB, ETH жана SOL токендерин колдойт жана шариатка ылайык киреше табууга мүмкүнчүлүк берет.

«Биздин миссия ар дайым инклюзивдүү жана адилеттүү соода чөйрөсүн түзүү болгон. Бул продукт менен биз мусулман коомчулугуна жана шариат принциптерине ылайык инвестиция кылууну каалагандарга заманбап финансы дүйнөсүндөгү эң кызыктуу трансформацияларга катышуу мүмкүнчүлүгүн берип жатабыз. Бул жөн гана продукт эмес — бул адилеттүү жана принципке негизделген санариптик экономикага болгон кыймыл. Бул каржылык эркиндикке жетүүнүн жолун ачат», — деди Binance компаниясынын башкы директору Ричард Тенг.

Sharia Earn эки финансы системасынын: ислам финансысы менен блокчейн технологиясынын кесилишкен чекитине айланууда. Криптовалюта салттуу финансы системасына децентралдашуу аркылуу чакырык таштап жатса, ислам финансы төмөнкү принциптер менен жооп берет:

  • сүткорлукка тыюу салуу (риба),
  •  ашыкча белгисиздиктен качуу (гарар),
  • калыс жана адилеттүү түрдө тобокелдиктерди бөлүшүү,
  • байлыкты айлантуу.

Сертификатталган бул өндүрүм пайдаланылган бардык каражаттар ислам укугуна ылайык, уруксат берилген активдерге жана долбоорлорго гана багыттала тургандыгын камсыздайт. Биринчи этапта Sharia Earn айрым өлкөлөрдө жеткиликтүү болуп, криптовалюта инвестициясында халал стандарттардын жаңы деңгээлин белгилейт.

Sharia Earn баштапкы этапта дүйнөнүн көпчүлүк мусулман өлкөлөрүндө, ошондой эле КМШ мейкиндигинде Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана Тажикстанда жеткиликтүү болот.

Эске салсак, 2023-жылдын апрель айында дүйнөдөгү биринчи халал криптовалюта Islamic Coin пайда болору тууралуу кабарланган. Бул криптовалюта ислам укугунун принциптерине жооп берип, келечеги үмүттүү деп бааланган. Ал венчурдук капитал жана финансы уюмдары тарабынан колдоого алынган жана ислам банкингинде, зекет берүүдө жана кайрымдуулук иштеринде колдонулушу мүмкүн.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.