Курс USD 87.33 / 87.80
Курс EUR 101.99 / 102.99
Курс RUB 1.106 / 1.131
Курс KZT 0.142 / 0.181
USD USD
87.33 / 87.80
EUR EUR
101.99 / 102.99
RUB RUB
1.106 / 1.131
KZT KZT
0.142 / 0.181

Салык карызын кечүү мыйзам күчүнө киргенден кийин ишке ашырылышы мүмкүн

Салык кызматы салык төлөөчүлөргө эскертет, КРнын президентинин 2025-жылдын 8-январындагы жарлыгында каралгандай, салык карыздарын кечүү чаралары тиешелүү мыйзам күчүнө киргенден кийин жүргүзүлүшү мүмкүн.
Салык карызын кечүү мыйзам күчүнө киргенден кийин ишке ашырылышы мүмкүн

Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 

Мыйзам долбооруна ылайык карыздын төмөнкү түрлөрү эсептен чыгарылууга тийиш:

  • 2022-жылдын 1-январына чейинки мезгилинде пайда болгон салыктык карызы;
  • 2025-жылдын 1-январына чейинки салык мезгили үчүн транспорт каражаттарына мүлк салыгы боюнча карыз (өндүрүү жөнүндө соттук актысы жок болгон шартта).

Бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, КРнын президенти Садыр Жапровго кол коюуга жөнөтүлгөн.

Салык карыздарын эсептен чыгаруу боюнча чаралар КРнын президентинин жарлыктарында көрсөтүлгөн стратегиялык милдеттерди ишке ашыруунун алкагында, ишкердикти колдоо жана экономиканы чыңдоо максатында ишке ашырылууда.

«Салык мыйзамдарынын жаңы ченемдерине ылайык, Салык кызматы салык төлөөчүлөргө жер тилкелерине, турак жай имараттарына салыкты эсептөө жөнүндө билдирүүнү салык төлөө мөөнөтүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирбей, 1-августка чейин жөнөтөт» - деп жазылат маалыматта. 

Салык төлөөчүлөр ошондой эле салык төлөөчүнүн электрондук кабинети же Салык кызматынын https://sti.gov.kg/ расмий сайтындагы электрондук калькулятор аркылуу мүлк салыгын өз алдынча эсептеп, төлөй алышат.

Мыйзам күчүнө киргенден кийин Салык кызматынын расмий сайты, ЖМК жана соцтармактар аркылуу жарандарга кошумча маалымат берет.

Сүрөттө Салык кызматынын имараты 

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.