7,8 миллион сом уурдалган: дропперликке шектүүлөр кармалды
Ички иштер органдарына Д.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, белгисиз адамдар WhatsApp мессенжери аркылуу байланышып, аны тыюу салынган уюмдарды каржылоого тиешеси бар деген жалган маалыматтарды айтып, психологиялык басым көрсөтүү жолу менен 7 миллион 800 миң сом акча каражатын ээлеп алышкан.
07:33, 18.06.2026