Курс USD 88.64 / 89.47
Курс EUR 94.55 / 95.54
Курс RUB 0.934 / 0.969
Курс KZT 0.137 / 0.206
USD USD
88.64 / 89.47
EUR EUR
94.55 / 95.54
RUB RUB
0.934 / 0.969
KZT KZT
0.137 / 0.206

Банктарга даттануу: КРнын Улуттук банкынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо бөлүмү кандай иштейт?

Кыргызстанда финиституттарга болгон жарандардын даттанууларына Улуттук Банктын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүму мониторинг кылат. Жарандар эмнеге даттанышат жана кайрылууну кантип туура калтыруу керек - адистер айтып беришет.
Банктарга даттануу: КРнын Улуттук банкынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо бөлүмү кандай иштейт?

Banks.kg порталынын журналисттери менен маектешүүдө керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнүн адистери аталган бөлүмдүн негизги функциялары тууралуу айтып беришти. Эң башкы тапшырма - даттанууларды карап чыгуу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо тууралуу жазылган арыздар менен иштөө, ошондой эле финансы-кредиттик уюмдар менен керектөөчүлөр ортосундагы консультациялык жардамдар, арыздар менен иштөө болуп саналат.     

КРнын Улуттук Банкынын маалыматы боюнча 2023-жылы керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү тарабынан жардандардан келип түшкөн 927 кайрылуу каралган. Алардын ичинен 666 суроосу коммерциялык банктардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болгон. Айына аталган бөлүмгө орточо эсеп менен 80-90 кайрылуу келип түшөт.  

- Айтсаңыз, жарандар көбүнчө эмне маселеге арызданышат? 

- Акыркы жылдары актуалдуу суроолор менен кайрылуулар кредиттик келишимдин аткарылбай жаткандыгы менен байланыштуу болууда. Ошондой эле төмөнкүдөгүдөй суроолор:  

  • кредиттер боюнча карыздын суммасын эсептөөнүн тууралыгын текшерүү;
  • кредиттик бюронун терс маалыматтарынын бар же жогу тууралуу;
  • кредиттик тарыхты өзгөртүү;;
  • күрөө коюу процедурасын ишке ашыруу;
  • кредиттерди реструктуризациялоого байланышкан маселелер;
  • акча которуулар;
  • эсепти блокко салуу;
  • коммерциялык банктардын мобилдик тиркемелери тууралуу суроолор. .

- Сиздердин бөлүмгө кайсы уюмдарга жана иш-чараларга даттануулар боюнча карйылса болот? 

- Улуттук банк банктардын, финансы-кредиттик уюмдардын жана улуттук банк тарабынан көзөмөлдөнгөн башка юридикалык жактардын банктык кызматтарды көрсөтүү боюнча аракеттерине/аракетсиздигине карата даттанууларды карайт.

- Эгер даттанууну алыскы региондун жашоочусу жиберүүнү каалап жатса, Бишкек шаарына келүүсү керекпи? 

- Жок, Бишкекке келүү милдетүү эмес. Керектөөчүлөр кайрылууларын төмөндөгү каналдар жана формалар аркылуу калтырса болот. 

  • жеке кабыл алуу аркылуу ооз эки жана жазма формасында; 
  • жазуу формасында, катты жеке же почта аркылуу жөнөтүү;
  • электрондук түрдө, Улуттук банктын электрондук адреси аркылуу;
  • башка органдардын кайрылууларын кайра багыттоо..

Жарандардын суроо-талаптарын жана даттанууларын кабыл алуу, каттоо жана кароо үчүн Улуттук банктын облустук башкармалыктарынын жана Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн алдында туруктуу негизде коомдук кабылдама иштейт. Коомдук кабылдама Улуттук банктын компетенциясына кирген бардык маселелер боюнча калкка маалымат жана кеңештерди берип, жарандардын жазуу жана оозеки түрүндөгү кайрылуулары менен иш алып барат.

Коомдук кабылдаманын иш убактысы саат 8:30дан 17:30га чейин. Байланыш телефон: +996 (312) 61-04-86.

- Даттанууну алгач финансы-кредиттик уюмдун өзүнө жиберүү керекпи, андан соң гана Улуттук банкка кайрылабы. Же дароо эле Улуттук банкка кайрылса болобу? 

- Жогорудагы мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасында ар бир жаран жеке өзү же мыйзамдуу өкүлү аркылуу мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына кайрылууга укуктуу, алар мыйзамда белгиленген мөөнөттө жооп берүүгө милдеттүү, буга  байланыштуу жаран дароо Улуттук банкка кайрыла алат.

Ошол эле учурда банк мыйзамдарына ылайык, финансы-кредиттик уюмдар банк мыйзамдарына карама-каршы келбеген эрежелерди жана жол-жоболорду белгилөө менен өз ишин өз алдынча уюштурат жана жүргүзүшөт. Ал эми конфликттик кырдаал жаралса, биринчи кезекте каржы-кредиттик уюм менен түз байланышуу керек.

- Даттанууну анонимдүү түрдө тапшырса болобу? 

- Мыйзамдын 9-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык, жарандын аты-жөнү жана жооп жөнөтүлүүгө тийиш болгон почта дареги көрсөтүлбөгөн жазуу жүзүндөгү кайрылуусу анонимдүү деп табылып, кароого жатпайт деп эсептелет. 

-  Улуттук банкка даттануу калтыргысы келген жаран өзү менен эмнелерди ала баруусу керек? 

Арыз ээси өзүнүн кайрылуусун, даттануусун каалаган формада бере алат, бирок жазуу жүзүндөгү арыздарга карата жалпы талаптарды эске алуу жакшы. Анда финансы-кредиттик уюмдун жеке маалыматтарын, дарегин, телефон номерин, аталышын көрсөтүү зарыл. Кайрылууда  арыздын же даттануунун маңызы көрсөтүлүшү, сиздин оюңузча кандай укуктар бузулгандыгы, банктын кандай аракеттери же аракетсиздиги сизди канааттандырбай жаткандыгы көрсөтүлүшү керек. Аргументтер келтирилиши керек. 

Зарыл болсо жазуу жүзүндөгү далилдер менен кардардын аргументтерин тастыктаган документтерди тиркөөгө болот. Бул кредиттик келишимдин көчүрмөсү, белгилүү бир кызмат үчүн төлөмдүн квитанциясы, эсептик көчүрмө ж.б. болушу мүмкүн. Апелляцияда арыз ээси өзүнүн даттануусу боюнча кандай конкреттүү чечимди күтөрүн көрсөтүүгө тийиш. Анан албетте, аягында арыз жазылган күндүн  датасын көрсөтүүнү, ошондой эле аны бекитүүнү унутпоо керек.

- Даттанууну кайтарып алса болобу? 

- Мыйзамдын 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык, жаран кайрылууну кароону токтотуу жөнүндө кайрылууга укуктуу. Эгерде жаран өзүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусунан баш тартса, даттанууну карап жаткан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамы кайрылуудагы  укуктарды, эркиндиктерди же бузуулар жөнүндө маалыматтарды камтыган учурларды кошпогондо, ал боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө чечим кабыл ала алат.

 Эгерде Улуттук Банк кардарга тиешелүү жардам көрсөтпөсө, ал чечимге даттанууга укуктуубу? 

-  Мыйзамдын 10-беренесине ылайык, эгерде жаран даттанууну кароонун натыйжасында чыгарылган чечимге канааттанбаса, ал чечимге байланыштуу сотко даттанууга укуктуу. Ошондой эле, даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимге нааразы болгон учурда, арыз ээси ага жүйөлүү даттануу менен Улуттук банктын жетекчилигине даттанууга укуктуу.

- Улуттук банк даттанууга канча мөөнөттө жооп берүүгө жана чечимин чыгарууга милдеттүү? 

- Кайрылууларды кароодо Улуттук банк “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Мыйзамды (мындан ары – мыйзам), ошондой эле анын негизинде иштелип чыккан ички ченемдик укуктук актыларды көзөмөлгө алат.

Улуттук банкка келип түшкөн жазуу жүзүндөгү кайрылуу мыйзамга ылайык катталган күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде каралат. Ал эми жарандардын кайрылуусун чечүү үчүн атайын текшерүү (экспертиза) жүргүзүү, кошумча материалдарды талап кылуу же башка чараларды көрүү зарыл болгон учурларда даттанууларды кароонун мөөнөтү узартылышы мүмкүн, бирок 30 календардык күндөн ашпоого тийиш. 

- Пикир келишпестикти сотсуз чечсе болобу? 

- Банктык мыйзамдарга ылайык, финансы-кредиттик уюмдар банк мыйзамдарына карама-каршы келбеген эрежелерди жана жол-жоболорду белгилөө менен өз ишин өз алдынча уюштурат жана жүргүзүшөт. Ал эми конфликттик кырдаал жаралса, биринчи кезекте каржы-кредиттик уюм менен түз байланышуу керек.

"Банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 1-пунктуна ылайык, банктар менен банктык эмес финансы-кредиттик уюмдардын кардарлар менен мамилелери шериктештиктин, жарандык жана башкалардын негизинде түзүлөт. 

Ошондой эле, келишимдерди түзүү эркиндигин жана жарандык укуктарды тоскоолдуксуз ишке ашырууну белгилейт кетет элем. Эгерде келишимди аткарууда келип чыккан талаш-тартыштар тараптардын макулдашуусу боюнча чечилбесе, алар "Банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 3-пунктуна ылайык, белгиленген тартипте чечилет. 

- Улуттук банк кандай учурда даттанууну кабыл алуудан баш тарта алат? 

- Улуттук банк банктардын, финансы-кредиттик уюмдардын жана Улуттук банк тарабынан көзөмөлдөнгөн башка юридикалык жактардын банктык кызматтарды көрсөтүүсү боюнча аракеттерине же аракетсиздигине карата даттанууларды карайт.

Эгерде жарандын кайрылуусунда көрсөтүлгөн маселени чечүү Улуттук банктын компетенциясына кирбесе, анда арыздарды карабайт.

- Улуттук банк ишмердүүлүгү тууралуу жарандардын нааразы пикирлери жарыяланган социалдык тармак же маалымат порталдарын көзөмөлдөйбү?

- Социалдык тармактарда банктык кызматтардын керектөөчүлөрүнүн көптөгөн даттануулары жана нааразычылыктары аныкталса, Улуттук банк өз компетенциясынын чегинде финансылык-кредиттик уюмдарга карата жарандардын нааразычылыгынын жагдайларын жана себептерин, ошондой эле алардын нааразылыгын тактоо боюнча көзөмөлдүк чараларды көрө алат. 

Финансы-кредиттик уюм тарабынан керектөөчүлөрдүн укуктарын жана укуктук ченемдерин бузган учурда аларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чаралар колдонулат.

167
2024-04-15T15:58:36+06:00