Курс USD 88.64 / 89.46
Курс EUR 94.60 / 95.60
Курс RUB 0.938 / 0.971
Курс KZT 0.137 / 0.206
USD USD
88.64 / 89.46
EUR EUR
94.60 / 95.60
RUB RUB
0.938 / 0.971
KZT KZT
0.137 / 0.206

Сизде финансы-кредиттик уюмдарга дооматыңыз барбы?

Керектөөчүлөрдүн финансы-кредиттик уюмдарга кайрылууларын кароо тартибине Улуттук банк кандай талаптарды коет? Банктык кызмат көрсөтүүлөрдө керектөөчүлөр кандай маселелер боюнча Улуттук банкка кайрыла алышат? Түшүндүрөбүз.
Сизде финансы-кредиттик уюмдарга дооматыңыз барбы?

Эгерде сизде финансылык-кредиттик уюмдар менен пикир келишпестик пайда болсо

Банк мыйзамдарына ылайык, финансы-кредиттик мекемелер өз ишмердүүлүгүн өздөрү уюштуруп, эрежелерди жана жол-жоболорду өздөрү бекитишет. Конфликттик кырдаал жаралганда биринчи кезекте банкка кайрылуу керек. Керектөөчүнүн кайрылуусу негиздүү болгон учурда финансы-кредиттик уюмдар анын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

Финансы-кредиттик уюмдарда жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби кандай?

Ар бир финансы-кредиттик уюм арыздарды кароого милдеттүү. Бул тууралуу маалымат кайрылуу, даттанууларды жана сунуштарды берүү ыкмалары атайын китепчеге жазылып, маалыматтык стендге илиниши керек. Ал эми жол-жоболордун электрондук версиясы аталган уюмдун сайтында болушу керек.

Финансы-кредиттик уюмдун башкы кеңсесинде жана филиалдарында кайрылууларды кароо үчүн жооптуу кызматкерлер дайындалат. Керектөөчүлөр менен иштөө үзгүлтүксүз жана эффективдүү болушу үчүн кредиттик уюмдар алардын каалаган кеңсесинде алардын суроо-талаптарын аткаруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

Финансы-кредиттик уюмдун кызматкерлери кардарларды уюмда колдонулуп жаткан эрежелер менен тааныштырууга, телефон аркылуу маалымат берүүгө жана жазуу жүзүндөгү арызды түзүүгө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. Ошондой эле электрондук почта аркылуу да жөнөтүү мүмкүн, же даттануулар жана сунуштар китебине жазып калтырса болот. 

ФКУнун ар бир кеңсесинде даттануулар жана сунуштар китеби болушу керек. Ал уюм тарабынан номерленип, кол коюлган жана мөөр басылган болушу керек. Иштин аягында ФКУнун жооптуу кызматкери даттануулар жана сунуштар китебине маалымат келип түшсө, аларды жетекчиликтин кароосуна жиберет.

 Ошондой эле, ФКУ арыздардын объективдүү жана өз убагында каралышын камсыз кылууга жана анын жыйынтыгы боюнча арыз ээлерине маалымат берүүгө милдеттүү. 

Негиздүү кайрылуу түзүңүз

Кайрылууда керектөөчү өзүнүн толук аты-жөнүн, дарегин жана байланыш телефондорун көрсөтүүсү керек. Даттануунун маңызын жана иштин жагдайларын кыскача баяндап бериңиз.

Банктын аракетсиздигинен улам кайсы укуктар бузулганын так көрсөтүп, өз аргументиңизди келтириңиз. Жазуу жүзүндөгү далилдерди, документтерди тиркөө, мисалы, кредиттик келишимдин көчүрмөсү, кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдүн квитанциясы, эсептик көчүрмө жана башка документтер.Ошондой эле аталган уюмдан кандай чечим күтөөрүңүздү жазыңыз.

Керектөөчүнүн жеке маалыматтары байланыш номерлери жана почта дареги жазылбаган кайрылуулар анонимдүү деп эсептелет жана каралбайт. Ошондой эле кайрылууда ар-намыс кадыр-баркка шек келтирген, адепсиз же кемсинткен сөздөрдү камтыган кайрылуулар кароосуз калтырылышы мүмкүн. 

 ФКУнун жоопторун канча убакыт күтүүгө туура келет?

Керектөөчүлөрдүн жазуу жүзүндөгү кайрылуулары 30 календардык күндөн кечиктирилбестен каралууга тийиш. Жооп жазуу жүзүндө берилет.

ФКУнун жетекчилери же ыйгарым укуктуу мүчөлөрү уюмдун расмий сайтында жана стенддеринде жайгаштырылган графикке ылайык керектөөчүлөрдүн жеке кабыл алуусун жүргүзүүгө милдеттүү. Керектөөчүлөрдү жеке кабыл алуу ФКУнун жооптуу кызматкери тарабынан дайыма жүргүзүлүп турат.

Керектөөчүлөр Улуттук банкка кандай маселелер боюнча кайрыла алышат?

Банктык жана микрофинансылык кызматтарды керектөөчүлөр кредиттерди реструктуризациялоого көмөк көрсөтүү, талаштуу маселелер боюнча же бузулган укуктарын калыбына келтирүү талаптары менен Улуттук банкка кайрыла алышат.

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Улуттук банк өлкөдөгү банк тутумдарына көзөмөл жүргүзүү боюнча орган болуп саналат.

Коммерциялык банктар тарабынан мыйзам бузуулар болбогон учурда Улуттук банк жана мамлекеттик органдар бул уюмдардын кардарлар менен болгон мамилелерине кийлигишүүгө укугу жок. 

Келишимдин шарттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча маселелер тараптар тарабынан өз алдынча чечилет. Мисалы, карыз алуучу насыяны төлөөдө кыйынчылыктарга туш болсо, ал биринчиден, ФКУ менен байланышып, банктан насыяны төлөө шарттарын кайра карап чыгууну суранышы керек. Бул маселе займ алуучу менен уюм тарабынан чечилиши керек. Мында займ алуучу насыяны төлөбөй коюунун себептери жана ал төлөй турган мөөнөт жөнүндө толук маалымат берүүгө тийиш.

Эгерде керектөөчү ФКУга кат жүзүндө кайрылса жана кабыл алынган чечимге макул болбосо, ал ФКУнун үстүнөн даттануу менен Улуттук банкка кайрыла алат. Эгерде Улуттук банк талаптардын бузулгандыгын аныктаса, анда аны бузган ФКУга  таасир этүү чаралары көрүлүп баштайт.

Жарандардын кайрылууларын жана даттанууларын кабыл алуу жана кароо үчүн Улуттук банкта коомдук кабылдама жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо бөлүмү иштейт. Кайрылууда өзүңүздүн реквизиттериңизди, почта дарегиңизди, телефон номериңизди жазып, кайрылуунун маңызын, кол тамгасын жана датасын көрсөтүңүз. Аргументтериңизди тастыктаган документтерди тиркеңиз.

Улуттук банкка келип түшкөн жазуу жүзүндөгү кайрылуулар катталган күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде каралат. Эгерде экспертиза жана кошумча материалдар талап кылынса, даттанууларды чечүү мөөнөтү 30 календардык күнгө чейин узартылышы мүмкүн.

Кошумча маалымат алуу үчүн Улуттук банктын төмөнкү байланыш номерлерине кайрылыңыз:  

Коомдук кабылдама: 

+996 (312) 61-04-86;

Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү:

+996 (312) 31-29-48;

+996 (312) 31-31-89;

+996 (312) 31-31-22;

+996 (555) 85-57-48;

+996 (770) 73-73-49.

Материалды даярдоодо финансылык кызматтарды көрсөтүүнүн жана керектөөчүлөрдүн суроо-талаптарын кароонун тартибине минималдуу талаптар жөнүндө жобо пайдаланылды. (Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын 2016-жылдын 24-августундагы № 35 токтомдорунун редакциясына ылайык).

#globalmoneyweek2024 

616
2024-03-19T09:53:18+06:00