Биринчи микрокредит: бизнестеги каражатты жоготууга алып келген каталар

Биринчи микрокредит бизнести өнүктүрүүгө жардам бериши мүмкүн, бирок башталганда эле ката кетирүү олуттуу көйгөйлөрдү алып келиши толук ыктымал. Ишкерлер кетирген негизги каталар тууралуу айтып беребиз.

Биринчи микрокредит: бизнестеги каражатты жоготууга алып келген каталар

Микрокредит көбүнчө бизнести өнүктүрүүгө болгон биринчи кадам болуп саналат. Алгач, ишкер товарларды сатып алышы керек, андан кийин кассалык боштуктарды жаап, жаңы өнүмдөрдү сынап көрүшү керек — мунун баары акчаны талап кылат. Эреже катары, иштин башында кетирген каталар, ашыкча төлөмдөргө жана бизнести жүргүзүүдө кыйынчылыктарга алып келет.

Кеңири таралган каталардын бири - бул «ар кандай кырдаалга» кредит алуу. Ишкердин так максаты жок, акча натыйжасыз сарпталат, бирок ошону менен катар сөзсүз түрдө карызды кайтаруу керек. Ошондуктан, насыя алуудан мурун эксперттер өзүңүзгө суроолорго чынчыл жооп берүүнү сунушташат:чындап муктаждык барбы, канча жана кандай максатта алуу керек деген өңдүү суроолор.

Шарттарды кылдаттык менен карап чыгуу маанилүү. Ишкерлер көбүнчө пайыздык ченге гана көңүл бурушат, алымдарды, айыптарды жана иш жүзүндөгү келишимдик милдеттенмелерди эске алышпайт. Натыйжада, микрокредит боюнча ашыкча төлөө күтүлгөндөн бир топ жогору болушу мүмкүн.

Дагы бир ката, жогорудагы биринчи катага окшош, бул - өз кирешеңди ашыкча баалоо. Баштапкы этапта киреше боюнча күтүүлөр дайыма эле чындыкка дал келе бербейт, айрыкча чакан бизнесте, ошондуктан насыя алуудан мурун каржылык жүктү туура баалоо керек: сиз туруктуу айлык кирешеге кепилдик бере аласызбы, милдеттүү чыгымдарды жана насыя боюнча келечектеги төлөмдөрдү жаба аласызбы? Эгерде бардык төлөмдөрдөн кийин 30%дан төмөн ашыкча каражат калса, тобокелдик жогору болот.

Көптөгөн ишкерлер келишимдин текстинин туура түзүүлүүсүнүн маанилүүлүгүн баалабай коюшат. Документ көбүнчө «ишеним боюнча» жана кылдат изилдөөсүз эле кол коюлат, ошондуктан айып пулдар, мөөнөтүнөн мурда төлөөгө чектөөлөр же компания майда шрифт менен кандайдыр бир комиссияларды кошуп койгону байкалбай калат. Мунун баары төлөө процессинде күтүлбөгөн жагдайларга алып келет жана бизнестин каржылык абалына таасирин тийгизет.

Микрокредитке аң-сезимдүү мамиле жасалса, пайдалуу курал болушу мүмкүн. Тажрыйба көрсөткөндөй: биринчи кредит чакан суммага, түшүнүктүү жана так максатка багытталып, бизнесиңиз үчүн жеткиликтүү болушу керек. Ошондо гана сиз ишиңизди өнүктүрүп, терс кредиттик тарыхты түзбөстөн, насыяны төлөй аласыз.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.