Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

«Ни-ни» мууну: миллиондогон жаштар экономиканы кантип өзгөртүүдө жана Кыргызстанды эмне күтөт

Барган сайын жаштардын көбү иштебей да, окубай да калышты. Экономисттер муну айрым адамдардын жеке тандоосу эмес, бүтүндөй өлкөлөрдүн өнүгүүсүн жайлатышы мүмкүн болгон глобалдык көйгөй деп эсептешет.

«Ни-ни» мууну: миллиондогон жаштар экономиканы кантип өзгөртүүдө жана Кыргызстанды эмне күтөт
Сүрөт: ЖИ

Акыркы убакта X мууну, миллениалдар жана Z мууну ортосундагы айырмачылыктар коомдук талкуулардын негизги темаларынын бирине айланууда. Бирок бүгүнкү күндө «ни-ни» мууну деп аталган жаштардын дагы бир тобу тууралуу да көбүрөөк сөз болууда. Чындыгында, бул белгилүү бир жаш куракка тиешелүү өзүнчө муун эмес, социалдык көрүнүш. Ал дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө барган сайын кеңири жайылып, экономикага таасирин тийгизе баштады.

«Ни-ни» деген термин «окубайт дагы, иштебейт дагы» (ни учится, ни работает) деген сөз айкашынан келип чыккан. Эл аралык практикада бул көрүнүш NEET - Not in Employment, Education or Training деген аббревиатура менен белгиленет.

Бул түшүнүк жумушу жок, билим албай жана кесиптик даярдыктан өтпөй жүргөн жаштарга карата колдонулат. Убактылуу алгачкы жумуш издеп жүргөн бүтүрүүчүлөрдөн айырмаланып, бул жерде кеп билим берүү системасынан жана эмгек рыногунан узак убакытка четтеп калган адамдар жөнүндө болуп жатат.

Улуу муун туруктуу жумушту бакубат жашоонун негизи катары кабыл алышса, ал эми миллениалдар менен Z мууну ийкемдүү иш графигине жана карьера менен жеке жашоонун ортосундагы тең салмактуулукка умтулат, а NEET категориясындагы адамдар көп учурда экономикалык жашоого таптакыр катышпайт. Мунун себептери ар кандай болушу мүмкүн: ылайыктуу жумуш орундарынын жоктугу, билим алууга болгон кызыгуунун жоголушу, психологиялык көйгөйлөр, үй-бүлөлүк жагдайлар же туугандарынын каржылык колдоосуна узак убакыттан бери көз каранды болуу.

Экономисттер бул көрүнүштүн жайылышы олуттуу тобокелдиктерди жаратарын белгилешет. Жумушсуз жаштардын саны көбөйгөн сайын салык төлөөчүлөрдүн саны азаят, ал эми мамлекеттик бюджетке болгон жүк көбөйөт. Бизнес кадрлардын жетишсиздигине туш болот, экономика болсо потенциалдуу адистеринен, ишкерлеринен жана керектөөчүлөрүнөн ажырайт. Мындан тышкары, адам окуудан жана жумуштан канчалык узак убакыт сыртта калса, анын толук кандуу кесиптик ишмердүүлүккө кайтып келиши ошончолук кыйын болот.

Бул көйгөй жаштар арасындагы жумушсуздук жогору бойдон калган өлкөлөрдө өзгөчө курч сезилет.

COVID-19 пандемиясынан кийин көптөгөн өлкөлөрдө NEET категориясына кирген жаштардын саны өстү. Буга жооп катары өкмөттөр тажрыйба топтоо программаларын, акысыз кесиптик окутууну жана биринчи жумушка орношууга көмөктөшүүчү программаларды өнүктүрө башташты. Анткени жаштарды экономикалык процесстерге тартпастан, туруктуу экономикалык өсүшкө жетишүү кыйла татаал экенин түшүнүштү.

Кыргызстан үчүн да бул тема актуалдуу болуп баратат. Өлкөдө «ни-ни мууну» деген термин азырынча сейрек колдонулганы менен, анын айрым белгилери буга чейин эле байкалууда.

Жаш адистерге көп учурда практикалык тажрыйба жетишпейт, иш берүүчүлөр болсо тажрыйбасы жок кызматкерлерди жумушка алууга даяр боло беришпейт. Ал эми бүтүрүүчүлөрдүн бир бөлүгү чет өлкөдөн жумуш издөөнү артык көрөт же расмий эмес жумуштуулукка өтүп кетет. Натыйжада өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошо ала турган адамдык капиталдын бир бөлүгү экономикалык жүгүртүүдөн чыгып калууда.

Ошол эле учурда, эксперттердин пикиринде, бул кырдаалды жаштардын жалкоолугу менен гана түшүндүрүүгө болбойт. Тез өзгөрүп жаткан эмгек рыногу жаңы көндүмдөрдү талап кылууда, ал эми билим берүү системасы бул өзгөрүүлөргө дайыма эле өз убагында ыңгайлаша албайт. Эгер мамлекет менен бизнес билим берүү менен иш берүүчүлөрдүн муктаждыктарынын ортосундагы ажырымды кыскарта алса, ал эми жаштар кесиптик өсүү үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү көрө баштаса, «ни-ни» категориясына киргендердин саны кыйла азайышы мүмкүн.

Бүгүнкү күндө экономисттер адамдык капиталды XXI кылымдын негизги ресурсу деп атап жатышат. Ал эми өлкөлөр жаштарды билим берүү системасына жана эмгек рыногуна канчалык ийгиликтүү тарта аларынан алардын жакынкы он жылдыктардагы экономикалык өнүгүүсү көп жагынан көз каранды болот.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.