Курс USD 88.64 / 89.47
Курс EUR 94.55 / 95.55
Курс RUB 0.934 / 0.969
Курс KZT 0.137 / 0.206
USD USD
88.64 / 89.47
EUR EUR
94.55 / 95.55
RUB RUB
0.934 / 0.969
KZT KZT
0.137 / 0.206

«Жеңил» акчанын артынан кантип карызга батып калбоо керек?

Алдамчылар каржы пирамидаларында акчаны уурдоонун укмуштуудай жолдорун ойлоп табышты. Эмне үчүн көп адамдар шылуундардын тузагына оңой түшүп калышат?
«Жеңил» акчанын артынан кантип карызга батып калбоо керек?

Финансылык пирамидалар илгертен эле дүйнөгө кучак жайып келет. Анда адамдар бат жана жеңил киреше табууну каалашат: тобокелчиликтин жоктугу, инвестиция кылуудагы пайыздык сыйлыктар, депозиттердин жогорулатылган көрсөткүчтөрү жана аларды кайтарып берүүнүн кепилдиги.

Каржы пирамидасынын өнүгүүсү - адамдардын виртуалдык ааламдагы болуп көрбөгөндөй байып кетүүгө умтулуусу. Алдамчылардын тузагына карапайым адамдар түшөт. Алар жогорку кирешелүү нерселерди ойлонуунун ордуна түшүнүксүз «инвестициялардан» киреше алууга үмүттөнүшөт.

Финансылык пирамидалар кандайдыр бир уюмдун атын жамынып иш алып барышат: микрофинансылык кредиттик уюмдар, турак жай-курулуш кооперативдери, кредиттик бюролор, финансылык тейлөө борборлору жана компаниялар. Пирамидалардын жогорку адамдары бүт структуранын катышуучуларынан киреше алышат, бирок белгилүү бир учурда алар инвесторлордун каражаттары менен жок болуп, качып кетишет. 
 Алдамчылар - укмуштуудай манипулятор болушат, алар акча алуунун жаңы жолдорун ойлоп таап, адамдарга психологиялык жана эмоционалдык жактан таасир этет. Жогорку киреше алып келе турган сунуш сизге канчалык чындай көрүнбөсүн, каржы пирамидасын билдирген өзгөчө белгилери бар:

  • Кандайдыр бир уюм «инвестициянын» жогорку киреше алып келе турганына кепилдик бергени менен аны тастыктаган документтерди көрсөтө албайт;
  • Уюмдун уруксат берилген лицензия-документтери жок (же мамлекеттик каттоодо жок);
  • Эгерде уюмдун ишмердүүлүгү кандайдыр бир сандагы кардарларды тартуудан көз каранды болсо;
  • Ар кандай агрессивдүү маанайдагы жарнамаларды кардар тартуу максатында соцтармактарга чыгаруу;
  • Эгерде уюм акча чогултуу башталганга чейин бир аз мурда расмий катталган болсо, бир гана уюштуруучусу болсо;
  • Мекеме, анын ээси жана жетекчилик тууралуу толук кандуу маалыматтын жоктугу; 

Мындай компанияларда «пайыздарды» төлөө адегенде башка кардарлардын эсебинен камсыздалат. Адамдардын ишенчээктигинин экинчи себеби финансылык сабаттуулуктун алсыздыгы болуп саналат.
Жеңил акча болбойт, бул кылымдардан бери тастыкталган. Мээнет кылып тапкан каражатыңызды тобокелчиликке салбаңыз. Жакшысы Финсабат» сайтынан финансылык билимиңизди жогорулатыңыз.

Акчаңызды кандайдыр бир компанияга ишенип, берерден мурун анын ишмердүүлүгүн изилдеңиз, уруксат берилген лицензия-документтерип карап чыгыңыз. Финансылык пирамидалар сизди кирешесиз калтырат.

Алардын тузагына түшкөндөрдүн саны арбын экендигин ИИМдин кейиштүү статистикасы далилдеп турат. 2023-жылы каржы пирамидаларына байланыштуу 217 кылмыш иши сотко өткөн. 350дөн ашуун адам алдамчылардын курмандыгы болуп, 68 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирилген, ал эми 40 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган. 

#gmwkyrgyzstan2024