Курс USD 83.60 / 84.39
Курс EUR 90.52 / 91.47
Курс RUB 0.954 / 0.991
Курс KZT 0.122 / 0.195
USD USD
83.60 / 84.39
EUR EUR
90.52 / 91.47
RUB RUB
0.954 / 0.991
KZT KZT
0.122 / 0.195

Кантип туура криптовалюталык портфелди топтоо керек?

Криптовалюталар инвестиция тармагында өз ордун тапты. Бирок, активдерди криптовалютага которуудан мурун, бул рыноктун механизмдерин түшүнүп, ошондой эле мүмкүн болгон тобокелдиктерди баалоо керек.
Кантип туура криптовалюталык портфелди топтоо керек?

Бүгүнкү күндө криптовалюталарга инвестиция салгандардын саны өсүүдө.  Henley & Partners компаниясынын изилдөөсүнө ылайык, дүйнө жүзү боюнча 425 миллиондон ашык адам криптовалютага ээ. Алардын арасында дээрлик 90 миң криптомиллионер бар, алардын болжол менен 50% биткоинго инвестиция салгандар. Ал эми бардык криптовалюталардын жалпы рыноктук баасы 1,18 триллион доллардан ашты. Ошентип, криптовалюталар инвестициялык инструменттердин ичинен өзүнүн бекем ордун тапты. Бирок, активдерди криптовалютага которуудан мурун, бул рыноктун механизмдерин түшүнүп, анын мүмкүн болгон тобокелдиктерин баалоо маанилүү. 

«Binance» криптовалютаны эмнеден баштоо керектигин сунуштайт 

Криптовалютага инвестиция салуу монеталарды (тыйындарды) сатып алуу жана алардын баасынын өсүшүнө үмүт артуу гана эмес. Бул кырдаалды кылдат талдоону талап кылган татаал процесс. Мындан улам, эң башынан баштап тобокелдикти баалоого негизделген жеке стратегияңызды иштеп чыгышыңыз керек. Иштер сиз ойлогондой болбой калса, салынган каражат финансылык абалыңызга таасир этпеши керек. Андыктан башында жоготууга даяр, же жоголсо да ичиңиз оорубай турган сумманы гана салышыңыз керек. 

Башка инвестициялардай эле криптовалюталарга инвестиция салуунун да өзүнүн тобокелдиктери бар. Мында рыноктун туруксуздугу (волатильность) бааны кыйла өзгөртүп, киреше же чыгышага учуратышы мүмкүн. 

Алсак, эң белгилүү криптовалюта - биткоиндин базар баасы бир нече күндүн ичинде эле 10 миң долларга кымбаттап, кайра арзандады. Биткоиндор 73 миң доллардан 61 миң долларга чейин кескин аразандады. Элестетиңиз, сиз дүкөнгө чөнтөгүңүздө 100 доллар менен бардыңыз, төлөөгө келгенде ошол акчаңыз 80 долларга айланды. Бул жагымдуу абал эмес. 

Мындан тышкары, криптовалюталар кибер чабуулдардын жана шылуундардын бутасы болгон учурлар көп. 

Ошондуктан, криптовалюталарды сатып алуу, сактоо жана аны сатууда соода аянтчасын (платформа) тандоодо этият болуу керек. 

Белгилеп кетсек, криптовалюталык биржалар бул көйгөйдү жакшы билишет жана алар колдонуучулар алданып калбашы үчүн коопсуздук технологияларын үзгүлтүксүз жакшыртып турат. 

Мисалы, «Binance» өнүккөн заманбап шифрлөө ыкмаларын жана эки фактордук аутентификацияны (2FA) колдонот. Бул коопсуздук чаралар сиздин аккаунтуңузга түзмөгүңүз (устройство) физикалык түрдө компьютериңизге туташып турганда же коопсуз зымсыз байланыш (wireless) аркылуу гана кире аларын камсыздайт.

Антсе да, бир дагы платформа толугу менен коопсуз эмес. Ошондуктан, кошумча коопсуздук чаралары көрүлүшү керек. Эч качан жеке маалыматыңызды же сыр сөздөрүңүздү үчүнчү тараптар менен бөлүшпөңүз. Криптовалюта портфелиңизди коопсуз сактоо тууралуу жаңы, актуалдуу маалыматтарды окуп туруңуз.  

«Арам» криптовалюта: бул эмне жана эмне үчүн кооптуу? 

Криптоинвестор үчүн негизги тобокелдиктердин бири  - бул «арам» же «таза эмес» криптовалюта болуп эсептелет. 

«Арам» криптовалюта — алынган же мыйзамсыз операциялар үчүн колдонулган криптовалютага карата колдонулган термин. Бул хакердик чабуулдар аркылуу алынган акчадан тарта, арам акчаны адалдоого же терроризмди каржылоого катышкан каражаттар болушу мүмкүн. Мындай күмөндүү операцияларга катышкан санариптик монеталар укук коргоо жана жөнгө салуу органдары тарабынан текшерилип, тергелип, бейкапар жүргөн кийинки ээлерине тобокелдикти жаратат.

«Арам» криптовалютанын коркунучтары 

  1. Юридикалык тобокелдиктерди жаратат: арам криптовалютага ээлик кылуу же аны колдонуу мыйзамдуу көйгөйлөргө, анын ичинде акчаны адалдоого байланыштуу айыптарга жыгышы мүмкүн. 
  2. Чыгымга учуратат: акчанын мыйзамсыз аракеттерге байланышы аныкталса, ал тоңдурулуп же конфискацияланышы мүмкүн. Адатта, «арам» капчыктар жөн эле бөгөттөлөт (блоктолот) жана алардан активдерди мыйзамдуу түрдө чыгарып алуу мүмкүн эмес. Ошол эле учурда, капчыктын ээси өзүнүн капчыгына «арам» акчалар түшкөнүнүн ал бөгөттөлгөнгө чейин билбеши деле мүмкүн. 
  3. Абройго доо кетирет: билбестиктен «арам» активдерди сактоо, өзгөчө, бизнес жүргүзүп жаткан ишкерлердин беделине доо кетирет.

«Арам» криптовалютадан кантип коргонуу керек? 

  1. Ишенимдүү алмашуу платформаларын колдонуңуз. Алардын эң жакшысы - KYC/AML (өздүгүн тастыктоо жана акчаны адалдоого каршы) текшерүүлөрдү жүргүзгөн абройлуу алмашуу платформаларын колдонуу. Бул «арам» криптовалюталарды сатып алуу коркунучун азайтат.
  2. Транзакция таржымалыңызды текшериңиз. Блокчейн-эксплорерлерди колдонуп, сиз криптовалютаны сатып алардан мурун анын транзакция тарыхын текшере аласыз. Эгерде сиз шектүү иш-аракеттерди (активдүүлүктү) көрсөңүз, анда мындай транзакциялардан алыс болуңуз. 
  3. Маалыматтык сергектик, кыраакылык. Криптовалюталар дүйнөсүндөгү жаңылыктардан, айрыкча мыйзамсыз иш-аракеттерге байланыштуу айыптоолорду жана аны менен байланышкан иликтөөлөрдөн дайыма кабардар болуңуз. Кабардар болуу тобокелдүү инвестициялардан оолак болууга жардам берет. 
  4. Коопсуздук даражасы жогору болгон капчыктарды колдонуу. Жакшы корголгон жана үзгүлтүксүз коопсуздук системасы жаңыланып турган ишенимдүү криптокапчыктар көптөгөн коркунучтардан коргой алат.
  5. Эксперттер менен кеңешүү. Эгерде сизде кандайдыр бир шектенүүлөр болсо же тынчсызданып жатсаңыз, блокчейн- коопсуздугу жаатындагы адистерге кайрылыңыз. Эксперттер инвестицияларыңызды текшерүү жана коргоо үчүн сизге ылайык чечимдерди сунуштай алат. 

«Арам» криптовалюта олуттуу тобокелдикти жаратса да, жогорудагы кеңештерге таянып, талдоо жана байкоо аркылуу сиз мындай көйгөйлөрдөн алыс боло аласыз. 

Жалгыз эле «биткоин» эмес 

Биткоин санариптик активдер дүйнөсүнүн ана башы (гегемон) болсо да, криптовалютага жаңы кызыккандар, үйрөнчүктөр криптовалютанын альтернативдүү башка түрлөрүнө да (альткоин) кызыкса болот. Мисалы, альткоиндер биткоинге тиешеси жок криптовалютанын кеңири түрлөрүн камтыйт. Бул валюталардын айрымдары өздөрүнүн блокчейн чынжырларын иштеп чыгышса, башкалары «Binance Smart Chain» же эфириум сыяктуу учурдагы тармактарга таянышат.  

Ар бир альткоиндин уникалдуу концепциясы бар, ал инвестор үчүн пайдалуу же тобокелдүү болушу мүмкүн. Үйрөнчүктөр биткоинго инвестиция салуу же бир нече криптоактивдерге инвестиция салуу тандоосунда кыйналышат. Бул тандоо тобокелдиктерди жети өлчөп бир кесүүнү жана ар биринин артыкчылыктарын, кемчиликтерин таразалоону талап кылат. Инвестор биткоинго гана инвестиция салса, эң белгилүү жана далилденген санариптик активге инвестиция салган болот, ал эң жогорку рыноктук капиталдаштырууга ээ жана дүйнөдө популярдуу. 

Бирок, бир эле криптовалютага инвестиция салынса, баанын мүмкүн болгон өзгөрүүсүнөн улам жоготуу тобокелдиги артат. Ошол эле учурда, инвестицияны бир нече активге бөлүштүрүү тобокелдиктерди азайтып, киреше табуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Мында инвестициялардын бири ийгиликсиз болуп калса, жалпы инвестициялык портфель чоң чыгымга учурабайт. 

Алдамчылык схемаларга же ойлонулбаган альткоиндорго инвестиция салбоо үчүн ар бир потенциалдуу инвестицияны кылдат талдоо керек. Сатып алуу чечимин чыгаруудан мурун ар тараптуу изилдөө, долбоорду иштеп чыгуу тобун, анын технологиялык базасын жана өнүгүү келечегин баалоо зарыл. Жогоруда айткандай, ар кандай маалымат булактарын окуп, эксперттерден кеңеш алуу жана криптовалюталык коомчулукту диалогго тартуу сунушталат. Бул кызыккан долбоор боюнча толук жана объективдүү түшүнүк алууга мүмкүндүк берет. 

Инвестиция үчүн криптовалютаны кантип тандоо зарыл? 

Криптовалютага акча салардан мурун эске ала турган негизги критерийлер. 

  1. Рейтингдик позициясы: капиталдаштыруу боюнча лидерлердин тизмесиндеги криптовалютанын абалын баалаңыз. Бул сизге анын  рыноктогу мааниси жана деңгээли боюнча түшүнүк берет. Криптовалютанын жогорку позицияда болушу көбүнчө валютанын өзүн рынокто көрсөткөнүн жана чоң потенциалга ээ экенин билдирет.  
  2. Рыноктук капиталдаштыруу: бул көрсөткүч жүгүртүүдөгү бардык тыйындардын (монета, коиндар, мисалы биткоин) жалпы рыноктук наркын чагылдырат. Бул көрсөткүч ар дайым иштин чыныгы абалын так чагылдыра албаса да, криптовалюталардын рейтингинде негизги көрсөткүч болуп саналат. Көбүнчө жогорку капиталдаштыруу долбоордун туруктуулугун жана инвестордун ишенимине киргенин туюндурат. 
  3. Нарктын туруктуулугу (волатильность): узак мөөнөттүү инвестиция салууну каалаган инвесторлор үчүн нарктын (баа) минималдуу өзгөрүшү маанилүү. Наркы жай жана туруктуу өзгөргөн активдерди тандоо зарыл. Туруксуздук деңгээли активдин баасы канчалык тез өзгөрүшү мүмкүн экенин түшүнүүгө жардам берет. Эреже катары, туруксуздугу 10%дан аз болгон валюталар узак мөөнөттүү инвестициялар үчүн артыкчылыктуу. 
  4. Жүгүртүүдөгү көлөм: бул критерий жүгүртүүдөгү валюта бирдигинин канча санда чыгарылганын жана анын канчасы жүгүртүүдө экенин көрсөтөт. Рынокто азыраак жүгүртүлгөн монеталар баалуу болот. Ошондой эле, монеталардын келечектеги жалпы санын, алардын максималдуу чыгарыла турган лимитин билүү да маанилүү. 
  5. Сунуштардын лимити: монеталардын пландалган жалпы жана максималдуу санын караңыз. Бул сандар бири-бирине жакын болсо жакшы болот. Алардын ортосундагы олуттуу айырма жана монтелардын санынын көбү иштеп чыгуучуларга (разработчик) долбоордун келечеги үчүн тобокелдиктерди көбөйтөт. 
  6. Биржаларда жеткиликтүү болушу: сиз кызыккан криптовалюта канча платформада сатылып жатканын текшериңиз. Криптовалюта канчалык көп сандагы биржада сатылса, бул сизге кошумча коопсуздукту берет. Бул рыноктук өзгөрүүдө активиңизди каалаган биржада сата аларыңызга мүмкүнчүлүк берет.

Криптовалюталарга инвестиция салууда инвестицияңыз ойлонулган жана коопсуз болушу үчүн бул аспектилердин ар бирин кылдаттык менен талдаңыз. 

Ар бир криптаны стартап катары көрүңүз 

Инвестициялар үчүн аз изилденген криптовалюталык активдерди карап жатканда, венчурдук өнөктөштүн ролун алуу абдан маанилүү (ред. венчурдук инвестициялоо - бул жаңы (стартап) же өсүп келе жаткан компанияларды каржылоо үчүн арналган инвестициялар). Мында сиздин инвестицияңыз альтернативалуу (криптовалюта) валютада гана эмес, инновациялык долбоордо жана аны иштеп чыгуучуларда экенин түшүнүү зарыл. Бул параметрлердин негизинде криптоактивди изилдөөгө аракет кылыңыз:

- Негизги чечимдерди кабыл алууда долбоордун лидери маанилүү. Долбоордун ийгилиги жана багыты анын лидерлеринен көз каранды. Лидерлердин профессионалдык билими, тажрыйбасы, долбоорго салган инвестициялары же ага байланыштуу демилгелери жана алардын келечекке болгон көз карашына (vision) маани берүү керек. Мол тажрыйбасы жана абройлуу лидерлер жетектеген долбоорлор көбүнчө олуттуу ийгиликке жетүүгө жана активдин баасын жогорулатууга багытталган.

- Коомчулуктун (community) активдүүлүгү жана катышуусу. Коомчулуктун күчү жана активдүүлүгү долбоордун потенциалдуу ийгилигине түздөн-түз таасир этет. Долбоордун социалдык тармактарда болушун, анын узак мөөнөттүүлүгүн жана аудитория менен байланыш деңгээлин баалоо маанилүү. Өзүнүн контентин дайыма жаңыртып турган, колдонуучулардын кеңири колдоосуна ээ болгон долбоорлор рынокто узак мөөнөттүү болот. Ошондой эле, бул алардын үзгүлтүксүз өсүп-өнүгүүгө болгон кызыгуусун билдирет. 

- Долбоордун дайыма өнүгүп, жаңыртылып туруусу (updating): Жаңыртуулардын динамикасын жана долбоордун өнүгүшүн «Github» платформасынан көрүү керек. Үзгүлтүксүз жаңыланып, активдүү өнүктүрүлгөн долбоорлор туруктуу ийгиликке умтулуунун көрсөткүчү. 

- Ошондой эле, кылдаттык менен долбоордун «Ак китебин» изилдеп көрүңүз, анда анын жаратуучулары өздөрүнүн принциптери жана пландары жөнүндө баяндашат. Мазмунун гана эмес, презентациянын стилин, деталдарын жана материалды тааныштыруу сапатын да баалаңыз. 

Инвесторлор бул аспектилерди кылдат изилдеп, криптовалютанын динамикалык жана күтүүсүз дүйнөсүндө ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулата алат. 

Жыйынтыгында, тобокелдиктерди азайтуу жана инвестиция тармагында туура чечим чыгарууга жардам бере турган «Binance» адистеринин айрым кеңештерин сунуштайбыз.

1. Акырындык менен баштаңыз: сиздин инвестицияга болгон биринчи кадамыңыз жөнөкөй болушу керек. Эгер сиз блокчейн жана криптоактивдер дүйнөсүнө жаңы гана баш баксаңыз, башында чоң суммаларды инвестиция кылбаңыз. Анын ордуна аз өлчөмдөгү сумма менен баштаңыз. Бул сизге рыноктун абалын жакшыраак түшүнүүгө, негизги тенденцияларды жана долбоорлорду сабаттуу баалоону үйрөнүүгө мүмкүндүк берет. Бул ыкма чыгымга учуроо коркунучун азайтып, келечекте топтогон тажрыйбаңыздын негизинде инвестицияңыздын көлөмүн ишенимдүү көбөйтүүгө көмөктөшөт. 

2. Капчыгыңызды жукартпай турган инвестицияларды салыңыз: жакында иштете турган каражатыңызды эч качан инвестицияга жумшабаңыз. Криптоактивдерге салына турган инвестициялар көп учурда узак мөөнөттүү стратегия катары иштейт. Олуттуу пайда алып келгенге чейин көп убакыт кетиши мүмкүн. Сиздин финансылык абалыңызга терс таасирин тийгизбей турган сумманы гана салуу керек.

3. Инвестицияңыздын саны чектелүү болушу керек: күчүңүздү жана ресурстарыңызды көп долбоорго коротпоңуз. Кылдат изилдеп, 2-3 долбоорду тандап алыңыз. Бул алардын потенциалын, командаларын, технологиялык аспектилерин жана өсүү мүмкүнчүлүктөрүн талдоого жана түшүнүүгө мүмкүндүк берет. Долбоорлорду толук изилдөө жана баалоо үчүн жетиштүү убакыт бөлүңүз. Өзүңүздүн инвестициялык кызыкчылыктарыңызга ылайык долбоорлорду тандаңыз. 

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.