Картанын жылдык тейлөөсүн кантип төлөбөй койсо болот?

Көпчүлүк банктардын кардарларында колдонулбаган картаны эмне кылуу керек деген, суроо пайда болот. Эмнеге дегенде тейлөө үчүн жылдык комиссия алына берет. Түшүндүрүп беребиз.

Картанын жылдык тейлөөсүн кантип төлөбөй койсо болот?

«Оптима банк»

Оптима Банкта картаны Optima24 мобилдик тиркемеси аркылуу же телефон аркылуу байланыш-борборуна чалып, убактылуу бөгөттөсө болот. Бирок, карта эсебин толугу менен жабуу үчүн банктын маалыматына ылайык, банктын кеңсесине барып, арыз жазуу керек. Муну менен тагыраагы картаны бөгөттөө тейлөө акысын жокко чыгарбайт – ал эсеп толугу менен жабылгандан кийин гана токтойт.

MBANK

MBANK банкынан келишимди бузуп, карта эсебин жабуунун эки жолу бар: аралыктан MBANK мобилдик тиркемеси аркылуу же кат түрүндө каалаган кеңсесинен. Бул кызмат акысыз көрсөтүлөт жана эсеп жабылгандан кийин комиссия алынбайт. 

Тиркеме аркылуу эсепти жабуу үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу керек: 

  • Башкы тандоого кирүү;
  • Картаны басуу;
  • Эң аягынан «Эсепти жабуу» баскычын тандоо;
  • Телефонго ырастоо үчүн SMS-код келет, аны процессти аягына чыгаруу үчүн сөзсүз терүү керек. 

«Бакай Банк»

«Бакай Банкта» картаны жабуу үчүн кардар кеңсеге барып арыз жазуусу керек. Ошондон кийин гана карта эсеби жабылат, кызмат көрсөтүү үчүн жылдык төлөм алынбайт.

Банктардын көпчүлүгүндө бул процедура окшош: 

  • картаны жабар алдында бардык акчаны чечип, карыздарды жабуу керек;
  • банк кеңсесинен эсепти жабуу тууралуу арыз жазуу;
  • картаны бөгөттөп коюу жетишсиз — анда комиссия алуу улана берет.

Демек, эгерде кардар банк картасын колдонбосо, аны бөгөттөп гана тим болбостон,  карта эсебин жабуу маанилүү.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.