Жеке ишкердикти кантип туура токтотууга болот

Эгер, ишкер жеке ишкерликти токтотууну чечсе, жол-жоболорду туура аткаруу маанилүү. Мамлекеттик салык кызматы анын негизги этеаптарын эске салды.

Жеке ишкердикти кантип туура токтотууга болот

Арыз берүү

Бул үчүн ишкердикти токтотуу тууралуу арызды катталган жери боюнча салык органына аны жабуунун себебин көрсөтүү менен берүү керек. 

Керектүү документтер

Төмөнкү документтерди тиркөө керек: DOC STI-164 формасын толтуруу, жеке күбөлүк жана ликвидациялык отчеттор - талап кылынган учурда.

ККМ аппаратын эсептен чыгаруу

Эгер контролдук-кассалык машина (ККМ) колдонулса – аны эсептен чыгарып, техникалык тейлөө борборуна маалымкат берүү зарыл.  

Салык кызматынын текшерүүсү

Салык кызматы отчеттуулукту текшерип, эгер карыздар жок болсо 15 жумушчу күндүн ичинде чечим чыгарат. 

Тобокелдиктер болсо, көчмө текшерүү жүргүзүлөт

Тобокелчиликтер аныкталса, көчмө текшерүү дайындалат.

Маанилүү: ишмердүүлүктү токтотуу толук аяктаганга чейин жаңысын ачуу мүмкүн эмес.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.