Кантип Казакстан Борбор Азияда криптоиндустриянын борборуна айланууда?
Banks.kg порталы «Binance Kazakhstan» компаниясынын башкы менеджери Жаслан Мадиев менен Казакстандагы криптоиндустриянын өнүгүү жолу тууралуу баарлашты. Коңшу өлкөдө криптоиндустрия өнүгүп жатканда Кыргызстан кантип четте калбашы керек?
– Жаслан, Казакстанда криптоиндустрия кантип пайда болгонун айтып берсеңиз?
- Бир нече жыл мурда Казакстанда майнинг тармагы тез өнүгүп жаткан. Башында бул багыт башаламан өнүгүп көмүскө майнинг фермалары иштеп, Казакстандын энергетика системасына оорчулук келтирген.
Мындан улам Казакстандын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, жөнгө салуучу органдар жана укук коргоо органдары биргеликте «Казакстан Республикасындагы санариптик активдер жөнүндө» мыйзамды иштеп чыгышты, мыйзамда майнинг ишмердүүлүгүн лицензиялоо эрежеси жана криптовалюта (биткоин) чыгарууга ылайыкташтырылган ангарларды аккредитациялоо киргизилген. Буга байланыштуу өлкөдөгү майнинг-фермаларын тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Ал эми беш-алты жыл мурун Казакстан Астана эл аралык каржы борборун (АЭКБ) түзгөн, ал азыр өлкөдө криптоиндустрияны өнүктүрүүгө чоң жардам берүүдө.
Астана эл аралык каржы борбору (АЭКБ) Борбордук Азия жана Чыгыш Европа чөлкөмүндөгү алдыңкы каржы борбору болуп саналат. Ал атайын түзүлгөн шарттардын негизинде бизнеске капиталды тартууга жардам берет: өнүккөн финансылык инфраструктура, көз карандысыз сот системасы, инновация жана экспертиза боюнча мыкты эл аралык стандарттардын негизинде жөнгө салат.
- Астана эл аралык каржы борбору Казакстанда эмне менен алектенет?
- Адегенде борбордун ийгиликтүү иштеши үчүн англис мыйзамдары менен иштөөгө мүмкүнчүлүк берген жогорку мыйзамдарды жана жөнгө салуу менен иштөөгө шарт түзгөн айрым конститутциялык өзгөртүүлөрдү киргизүүгө туура келди. Жөнгө салуу режими жана каржы борбору дүйнөлүк алдыңкы компанияларга Казакстанда жайгашып, өз ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө, ал тургай, ишмердүүлүктөрүн региондук масштабда кеңейтүүгө көмөктөшөт.
Aстана эл аралык каржы борбору корпоративдик укуктун жана финансы тармагынын алкагында жөнгө салуучу режимди иштеп чыгууда мобилдүүлүктү жогорулатат, анын ичинде криптоиндустрия да бар. Аталган каржы борборунун жардамы менен ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн Казакстандын парламентинен өтүп, айрым мыйзамдардын кабыл алынышын күтүүнүн зарылчылыгы жок. Астана эл аралык каржы борбору рынок менен алдын ала талкуулоо үчүн өзүнүн консультациялык документтерин чыгара алат жана ченемдик укуктук актыларды кабыл алат.
- Эң чоң «Binance» криптобиржасы Казакстанга кантип келип калды?
- «Binance» биздин өлкөнүн рыногуна кызыгып калышына Казакстандын мыйзамдык базасы жана бийликтин бул тармакты жөнгө салуу боюнча амбициялары чоң роль ойноду. Алгач «Binance» компаниясынын ошол кездеги башкы директору Чанпэн Чжао Казакстанга иш сапар менен келип, мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту. Андан соң региондо (Борбор Азияда) база катары Казакстан тандалып алынды. Өлкөдө компания ачылып, лицензия алуу чечими кабыл алынды. Учурда бизде 60тан ашык кызматкер эмгектенет.
- Казакстанда криптобиржага лицензия алуу канчалык кыйын?
-Лицензия алуу оңой эмес. Жөнгө салуучу органдын бир нече талаптарына жооп бериш керек. Компаниянын өзгөчөлүгүнө жараша лицензия алуу процесси алты айдан бир жарым жылга чейин созулушу мүмкүн.
Жөнгө салуучу орган даярдаган кирүү механизми түшүнүктүү. Тагыраагы, компьютердик программаларды тестирлөө үчүн коопсуз, обочолонгон чөйрө бар (Sandbox). Мында компания sandbox-лицензиясын алат. Сыноо мөөнөтү эки жылга созулат, бул аралыкта толук лицензияга жетүү үчүн компаниядагы бардык процесстерди шайкеш келтирүү зарыл.
Бул аралыкта жөнгө салуучу орган ар кандай билдирүүлөрдү жөнөтөт, продукт линиясын кеңейтүүгө жана лицензияны өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берет. Консультативдик документтер коомдук жана рыноктук талкууга чыгарылат. Баары өнүккөн рыноктордо белгиленген жол-жоболорго ылайык жасалат.
- Казакстанда банктар менен криптобиржалардын иштешүү процесси кандай жолго коюлган?
- Бизде банктар менен криптобиржалардын иштешүүсүн жөнгө салган өзүнчө жобо бар. Башында, бул жобо дээрлик бир жыл пилоттук долбоор катары иштеди. Бир жыл бою ага бардык кызыктар тараптар (stakeholders) катышты, алар майнинг ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу Санариптик өнүктүрүү министрлиги, AFSA (Astana Financial Services Authority), Улуттук банктын Финансылык мониторинг агенттиги, Финансы рыногун жөнгө салуу агенттиги, банк коомчулугунун өкүлдөрү.
Пилоттук долбоордун негизинде жыйынтыктар чыгарылып, кемчиликтер аныкталып, жакында эле криптобиржалар менен банктардын иштешүүсү боюнча толук кандуу жобо иштелип чыкты. Мунун баары Казакстанда лицензияланган криптобиржаларга банктар менен расмий түрдө интеграцияланууга, колдонуучулар криптобиржага фиат каражаттарын салууга, санариптик активдерди пайдалуу жана коопсуз сатып алууга мүмкүндүк берет.
- Казакстанда криптоиндустрияны өнүктүрүү боюнча элдин каржы сабаттуулугун жогорулатуу үчүн кандай иштер жасалууда?
- «Binance» компаниясынын криптовалюталардын мүмкүнчүлүгү жана блокчейн технологиясы жөнүндө билимди жайылтуу үчүн иштеп чыккан «Binance Академиясы» бар, анда акысыз билим берилет. Мунун жардамы менен өлкө боюнча дээрлик бардык аймактардагы 22 университетте биз эки адистиктер боюнча университеттик программаларды ишке киргизе алдык, алар блокчейн инженериясы (blockchain engineering) жана блокчейн комплайенс (blockchain compliance). Болжол менен 2026-жылга чейин бул багыттар боюнча 40,000 бүтүрүүчү билим алып чыгат деп күтүүдөбүз. Бул программаларды ишке киргизүү үчүн бир нече ай ичинде 300дөн ашык мугалимди окуттук.
Жакында биз «BNB Chain» менен бирге алдыңкы иштеп чыгуучуларды (компетенттүү разроботчиктерди) окутуу үчүн «Bootcamp’ти» ишке киргиздик. Программаны ишке киргизгенден кийин 11 өлкөдөн иштеп чыгуучулардан 700дөн ашык арыз алдык. Программа бир нече айга иштелип чыккан жана ал жакшы натыйжаларды көрсөттү.
Өткөн жылы биздин демилгебиз менен дүйнөнүн эң ири Web3 хакатону «Decentrathon» Казакстандын 13 облусунда үч күн бою өткөрүлдү. Ага бир эле убакта 1500 катышуучу катышып, блокчейндеги көйгөйлөрдү чечишти.
Мындан тышкары, жөнгө салуучу органдын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине тренингдерди өтөбүз. Биз аларга таза иштеген жана алдамчы колдонуучулардын шектүү аракеттерин аныктай билүүнү жана онлайн-аналитиканы үйрөтөбүз.
Мындан тышкары, биз жакында криптомектепти ачууну пландап жатабыз. Анда ар бир колдонуучу курстарды бүтүрүп, окууну аяктагандыгы тууралуу NFT сертификатын ала алат. Сабактар онлайн өтүлөт.
- Аудиторияны криптовалюталарды колдонууга кантип тартасыздар?
- Аудиторияны тартуу үчүн биз тынымсыз маркетингдик кампанияларды жана түрдүү кызматташууларды (коллаборация) өткөрүп, билим берүү демилгелеринин үстүндө иштейбиз. Тиркеменин жана веб-ресурстун интерфейсин жакшыртабыз, кардарларды колдойбуз.
Былтыр биз «AirAstana» менен кызматташып, бул өнөктөштүктүн аркасында «Air Astana Nomad Club» программасынын мүчөлөрү топтогон упайларын криптовалютага айландырышты. Мындай кызматташуу ар бир муунга санариптик активдер рыногу кандай экенин түшүнүүгө жана ага аракет кылууга мүмкүнчүлүк берет.
- Кыргызстандагы крипто рыноктун өнүгүү деңгээлин кандай баалайсыз? Биздин криптосүйүүчүлөргө жана бийликке эмнени сунуштайсыз?
- Азыр Кыргызстанда тармакты өнүктүрүү үчүн жакшы шарттар түзүлдү. Баштапкы мыйзамдык база бар, өкмөттүн санариптик трансформация боюнча амбициялары жана чоң криптокоомчулук бар. Мен тестирлөөнү, ири оюнчуларды рынокко киргизүүнү жана лицензиялуу биржалардын банктар менен иштешүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүнү сунуштайм. Бул жергиликтүү лицензиялуу биржа гана эмес, Aстана эл аралык каржы борборунун лицензиясы менен иштеген биржа болушу мүмкүн.
Бизде өнүккөн жөнгө салуу, AML стандарттарына негизделген талаптар бар. Мисалы, Астана эл аралык каржы борборунун лицензиясы менен иштеген казакстандык биржанын Кыргызстандын банктары менен интеграцияланышына уруксат берсе болот. Бул жөнгө салуучу органдар менен кошумча көзөмөл механизмдерин иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Натыйжада, банктар жаңы кардарларды таап, активдер тез сатылат. Бийлик органдары крипторыноктун ачык-айкындуулугун көзөмөлдөсө, ал эми колдонуучулар арзан фиат каналына ээ болушат.
Белгилеп кетсем, учурда инвесторлор кезектеги активдердин өсүшүнө даярданууда. Биржалар, жөнгө салуучу органдар жана банктар колдонуучулар санариптик активдер базарына кирүүнү каалаары менен, алардын эркин колдонушу үчүн системалуу түрдө инфраструктураны даярдашы зарыл.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.