Курс USD 88.64 / 89.47
Курс EUR 94.81 / 95.81
Курс RUB 0.947 / 0.973
Курс KZT 0.138 / 0.206
USD USD
88.64 / 89.47
EUR EUR
94.81 / 95.81
RUB RUB
0.947 / 0.973
KZT KZT
0.138 / 0.206

Кыргызстанда СберБанк жана Тинькофф аркылуу акча которуулар

Кыргызстандыктар үчүн Орусиядан акча которуу же Орусияга акча которуу жашообуздун кадимки бир бөлүгү болуп калды десек жаңылышпайбыз. Banks.kg порталы кандай шартта акчаны коопсуз, бат жана пайдалуу которсо боло турганын айтып берет.
Кыргызстанда СберБанк жана Тинькофф аркылуу акча которуулар

Акча каражаттарын которуунун эң популярдуу ыкмасы банктардын мобилдик тикемелери жана капчыктары болуп саналат. Бул эң башкысы ыңгайлуу жана жөнөкөй, анткени акчаны каалаган күнү, каалаган убакта жөнөтө аласыз. 

Кыргызстандын айрым банктары орусиялык коллегалары менен бирге өнөктөштүк макулдашууга келип, акча каражаттарын башка өлкөдөн башка мамлекетке  которуу шарттарын жеңилдетип, же арзандатып беришет. 

Мисалы, орусиялык СберБанк жана Тикбкофф Банкы менен ата мекендик Бакай Банк, Компаньон Банкы, ФИНКА Банк, Кыргызстан Коммерциялык Банкы | MBANK, Дос-Кредобанк, Керемет Банк жана ЭЛСОМ мобилдик капчыгы кызматташып келет. 

ААК «Бакай Банкы»

Сбербанктан Бакай Банкка акча котруулар

«Бакай Банктан», «СберБанк Онлайн» аркылуу акча которууда төмөндөгүдөй лимиттер каралган: 

  • Күнүнө же бир жолку акча котруу 150 000 рубль.
  • Айына акча которуунун суммасы 1 500 000 рублди түзөт.

Акча которуу үчүн акы (комиссия) алынбайт, бирок акчаны алуучу курстук айырмачылыктарды эске алуусу зарыл, себеби акчанын суммасына таасирин тийгизет.  
Тинькоффтон Банка в Бакай Банкка акча которуулар 

Мындан тышкары, акча каражаттарын Тинькофф банкы аркылуу Бакай банктын кардарынын телефон номери аркылуу которууга мүмкүн. Айына которуу 20 000 сомго чейн комиссия төлөнбөйт, а мындан жогорку суммага 1 пайыз комиссия төлөнөт.   

ЖАК «Компаньон Банкы»

Сбербанктан Компаньон Банкына акча которуулар

Орусиядан Кыргызстанга Компаньон Банкынын кардарына акча которуу СберБанк Онлайн тиркемеси аркылуу ишке ашат, анда «чет өлкөгө төлөм аткаруу» бөлүмү бар. Аталган акча которуу Компаньон Банкынын картасына автоматтык түрдө курс менен эсептелет. Ал эми 30-июнга чейин созула турган акцияга байланыштуу Компаньондун банктык карталарынан накталай акча алууда комиссия алынбайт.

Орусиянын жарандары үчүн чектөөлөр каралган: 

  • Бир жолку которуу 1 000 000 рублга чейин.
  • Бир күндө которуунун суммасы 1 000 000 рублга чейин.
  • Бир айда акча каражатын которуунун максималдуу суммасы - 30 000 000 рубль.

Калган кардарлар үчүн чектөөлөр: 

  • Бир жолку которуу 150 000 рублга чейин.
  • Бир күндө которуунун суммасы 150 000 рублга чейин.
  • Бир айда акча каражатын которуунун максималдуу суммасы - 1 500 000 рубль.

Тинькофф Банктан Компаньон Банкына акча которуулар.

Ошондой эле акча которууну Тинькофф Банкы аркылуу аткарса да болот. 

Ал үчүн тиркемеден «төлөмдү телефон номери аркылуу аткаруу» пуктун тандап, Кыргызстан мамлекетин белгилөө керек, андан соң «Компаньон» Банкын тандап, сакталган тизмеден карап же телефон номерин терүү керек. 

Акча которуудагы комиссияны Тинькофф Банкы аркылуу которуп жаткан кардар төлөйт. Ал эми которулган каражат автоматтык түрдө кыргыз сому менен Тинькофф Банкынын курсуна ылайык түшөт. Акчаны которгонго чейин которуучу курс менен жана канча каражат түшө турганын көрө алат. 

Комиссия рубль менен которуп жаткан сумманын 1%ын түзөт.   

Толугу менен идентификациядан өткөн кардарлар үчүн тиркеменин чектөөлөрү: 

  • Бир жолку которуу 150 000 рублга чейин.
  • Бир күндө которуунун суммасы, 5 000 АКШ долларынан кем эмес. 
  • Бир күндө которуунун саны 20 жолу акча которуудан ашпайт.
  • Бир айдагы максималдуу акча которуу - 1 500 000 рубль.
  • Бир айга акча которуунун санына чектөө жок.

Тиркеме аркылуу онлайн идентификациядан өткөн кардарлар үчүн: 

  • Бир жолку которуу - 15 000 сом.
  • Бир айда которуунун максималдуу суммасы 30 000 сом.
  • Капчыктагы максималдуу калдык - 30 000 сом.

«Компаньон» банкынын картасы аркылуу которууну накталай алууда 30-июлга чейин комиссия төлөнбөйт. 

ЖАК «ФИНКА Банк»

Орусиядан Кыргызстанга акча которуу «СберБанк Онлайн» жана «Тинькофф Банкынын» тиркемелеринен «Финка Банктын» картасына которуу мүмкүн. 

Сбербанктан в ФИНКА Банкка акча котруулар

Акча каражаттарын которуу үчүн СберБанк Онлайн тиркемесинин «Төлөмдөр» бөлүмүнө кирүү керек, андан кийин «чет мамлекетке» деген функцияны басуу керек. Андан соң «Телефон номери аркылуу төлөө» (карта,эсеп), акча алуучунун мамлекетин анан ФИНКА Банкты тандоо керек. Андан кийин албетте алуучунун телефон номери жана которуунун суммасын жазуу керек. 

Аягында тиркеме которуудагы курсту жана комиссия төлөмүн көрсөтөт. Макулдук берген соң, акча каражаты Кыргызстандагы алуучуга келип түшөт. 

Тинькофф Банктан ФИНКА Банкка акча котруулар

Каражат которуу процесси Тинькофф банкынын арызы менен камсыз кылынат. Которуу параметрлерин киргизгенде, тиркеме автоматтык түрдө жөнөтүлүп жаткан сумманын конверсиясын жана комиссиянын пайызы жөнүндө маалымат берет.

ААК «Кыргызстан Коммерциялык Банкы» | MBANK

Сбербанктан MBANK”ка акча котруулар

MBANK”тын кардарлары да СберБанк Онлайн тиркемесинен акча которууларды ала алышат. Которуу заматта келип, MBANK”тын каалаган картасына келип түшөт. Жөнөтүү акысы 1% же жок дегенде 30 рублди түзөт. Лимит күнүнө 50 000 рублди түзөт.

Тинькофф Банктан MBANK”ка акча которуулар 

Ошондой эле ААК «Кыргызстан Коммерциялывк Банкы» «Тинькофф Банк» менен кызматташат. Которуулар каалаган күнү каалаган убакта жеткиликтүү ал эми которулган сумма MBANK”тын бардык каалаган карталарына бир заматта келип түшөт. Тинькофф Банктын акча которуулар үчүн комиссиясы 20 000 сомго чейин акысыз, андан жогорку суммада 1% төлөнөт.

Белгилей кетсек, бардык которууларды валютанын конвертациясын унутпоо керек, ал которуу суммасын өзгөртүшү толук мүмкүн. 

ААК «Дос-Кредобанк»

Тинькофф Банктан в Дос-Кредобанкка акча которуулар.

Дос-Кредобанкта Тинькофф Банкы менен кызматташуу каралган. Акча каражатын которуу үчүн Дос-Кредобанктын кардарынын картасына байланган телефон номерин белгилөө керек. Акча которууда банктын кеңсесине баруунун кажети жок. 

Айына 20 000 рублга чейин которууда комиссия төлөнбөйт, бул суммадан ашкан учурда 1% төлөнөт. Акча которуу заматта пайыз жана комиссия жашырылбастан келип түшөт. Андан соң алуучу акча каражатын пайдалана берет. 

ААК «Керемет Банк»

Сбербанктан в Керемет Банкка акча которуулар

Керемет Банк дагы СберБанк менен кызматташат, адаттагыдай эле Керемет Банктын кардарлары СберБанктан акча которууларды картасына телефон номери аркылуу ала алат. Күнүнө акча которуунун лимити - 150 000 руль. Кызмат үчүн комиссия жөнөтүлгөн суммадан 1% алынат, комиссиянын минималдуу акысы - 30 рублди түзөт. Жөнөтүлгөн акча автоматтык түрдө улуттук валюта менен түшөт.

ЭЛСОМ (KICB) мобилдик тиркемеси

Сбербанктан ЭЛСОМ”го акча которуулар 

Ошондой эле СберБанк Онлайн аркылуу ЭЛСОМ уюлдук капчыгына да акча каражаттарын которууга болот. Күнүмдүк чеги 50 000 рубль башкача айтканда, бир айдын ичинде 1 500 000 рублга чейин алууга мүмкүн. Комиссия которуунун суммасынын 1%ын түзөт, минималдуу 30 рубль жана жөнөтүүчү тарабынан төлөнөт. ЭЛСОМ колдонуучулары үчүн акча каражаттарын салуу - акысыз.

Которууну ЭЛСОМ капчыгынын идентификациядан өткөн гана колдонуучу ала алат. Ал эми идентификациядан онлайн түрдө өтмө болот. Акча каражаттарын KICB банкоматтарынан каалаган убакта накталай кылып алуу мүмкүн. 

Акча каражаттарын которуунун системасы

Мындан сырткары, Орусиядан Кыргызстанга акча которуу төмөнкүлөр аркылуу да жеткиликтүү:

Золотая Корона;

ЮНИСТРИМ;

Ria;

Western Union;

UPT;

MoneyGram;

Астрасенд.

267
2024-04-11T08:33:06+06:00