Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Бүгүнкү күнгө чейин ишин улантып келе жаткан дүйнөдөгү эң эски 10 банк

Бул банктар согуштарды, кризистерди жана доорлордун алмашуусун баштан кечиргенине карабастан, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келет. Алардын тарыхы дүйнөдөгү көпчүлүк мамлекеттердин тарыхынан да узун.

Бүгүнкү күнгө чейин ишин улантып келе жаткан дүйнөдөгү эң эски 10 банк

Banca Monte dei Paschi di Siena (1472, Сиена, Италия)

Banca Monte dei Paschi di Siena дүйнөдөгү бүгүнкү күнгө чейин иштеп жаткан эң эски банк болуп эсептелет. Бул банк Сиена Республикасынын Башкы кеңеши тарабынан түзүлгөн учурда АКШ да, Орусия империясы да али пайда боло элек болчу.

Банк XV кылымда Сиена шаарында «кайрымдуулук тоосу» катары негизделип, аз камсыз болгон жарандарга төмөн пайыз менен насыя берүү максатын көздөгөн. Ал кезде банк иши азыркыдай өзүнчө тармак эмес эле — кайрымдуулук, соода жана карыздарды башкаруунун айкалышы болгон.

550 жылдан ашуун убакыт ичинде банк Италиянын биригүүсүн, эки дүйнөлүк согушту жана көптөгөн финансылык олку-солкулукту  баштан кечирди. XXI кылымда көйгөйлүү насыялар жана ири чыгымдардан улам оор абалга да туш болгон.

Ошого карабастан, банк бүгүнкү күнгө чейин иштеп, туруктуулук ондогон жылдар эмес, бүтүндөй доорлор менен өлчөнөрүнүн символу бойдон калууда. 2020-жылга карата анын Италияда 1 418 бөлүмү жана 2 647 банкоматы болгон. Ошондой эле Шанхайда бир филиалы жана Европа, Түндүк Африка, Индия жана Кытайда тогуз өкүлчүлүгү иштеген.

2024-жылдын август айынын башында Banca Monte dei Paschi di Siena Москвадагы ишмердүүлүгүн токтоткон.

Berenberg Bank (1590, Гамбург, Германия)

Berenberg Bank Түндүк Европадагы деңиз соодасын тейлеген соодагерлер үйүнөн калыптанган. Көпчүлүк заманбап банктардан айырмаланып, ал эч качан массалык рынокко чыгууга же ири масштабда кеңейүүгө умтулган эмес.

Анын тарыхы - консервативдүү башкаруу модели эң узак жашоого жөндөмдүү боло аларын көрсөтөт. Банк соодагерлер Ганс жана Паул Беренберг тарабынан негизделген жана бүгүнкү күнгө чейин жеке менчик бойдон калууда. Ал үй-бүлөлүк каржы салттарына мүнөздүү этияттык менен башкарылып келет.

Банк инвестициялык банкинг жана капиталды башкаруу тармагына адистешип, Европадагы эң эски иштеп жаткан банктардын бири катары беделин сактап келет.

Sveriges Riksbank (1668, Стокгольм, Швеция)

Sveriges Riksbank XVII кылымдагы каржылык кризистин натыйжасында түзүлүп, азыркы түшүнүктөгү биринчи борбордук банк болуп калган. Соодагер Йохан Палмструх Швециянын падышасы Карл X Густавдын колдоосу менен Нидерланд банктарынын үлгүсүндө Стокгольм банкын негиздеген. Ага чейин да ушуга окшош мекемелер болгон, бирок дал ушул банк өлкөдөгү акча жүгүртүүнү башкарууда системалуу роль алган биринчи мекеме болгон.

Википедия маалыматтарына ылайык, 1661-жылы бул банк Европадагы алгачкы кагаз акчаларды — банкка сактоого коюлган жез далерлердин ордуна берилген карыздык тилкаттарды чыгара баштаган. Бирок банкноттордун көзөмөлсүз чыгарылышы банктын банкрот болушуна алып келип, ал жоюлган. Натыйжада 1668-жылы Стокгольм банкынын активдерин жана артыкчылыктарын алган жаңы мекеме мамлекеттик сословиелер Банкы түзүлгөн.

Кийинчерээк ал дүйнөдөгү башка борбордук банктар үчүн үлгү болуп калган. XVII кылымда түптөлгөн принциптер бүгүнкү күнгө чейин заманбап монетардык саясаттын негизин түзөт.

Белгилей кетсек, 1969-жылы банк Альфред Нобелдин элесине арналган экономика илимдери боюнча сыйлыкты негиздеп, ал кийин Нобель сыйлыгынын экономика боюнча версиясы катары белгилүү болгон.

C. Hoare & Co. (1672, Лондон, Улуу Британия)

C. Hoare & Co. - дүйнөдөгү эң өзгөчө банктардын бири, анткени ал бүгүнкү күнгө чейин бир эле үй-бүлөнүн менчигинде калууда. Банк тарыхында мындай көрүнүш өтө сейрек кездешет.

XVII кылымда зергерлер накталай акчаларды жана баалуу буюмдарды сактоо үчүн көп колдонулган. Бул аларга банк ишин өнүктүрүүдө өзгөчө мүмкүнчүлүк берген. 1677-жылга карата болжол менен 58 зергер «акча менен иштеп», кардарларынын каражаттарын пайыз менен насыяга бере башташкан.

Негизделген күндөн тартып банк бай кардарларды тейлөөгө басым жасап, кооптуу операциялардан алыс болгон. Мындай стратегия аны акыркы кылымдардагы каржылык кризистерде да туруктуу кылып келген.

Metzler Bank (1674, Франкфурт-на-Майне, Германия)

Metzler Bank дагы Европадагы эң эски жеке банктардын катарына кирет. Банк түзүлгөн күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин негиздөөчү үй-бүлөнүн менчигинде калууда. 1971-жылдан бери банкты Фридрих фон Метцлер башкарууда жана бул үй-бүлөнүн 11-мууну болуп саналат.

Банк Франкфурттагы соода үйлөрүнүн чөйрөсүндө пайда болуп, убакыттын өтүшү менен активдерди башкарууга адистешкен финансылык институтка айланган.

Каржы системасындагы өзгөрүүлөргө карабастан, банк көз карандысыздыгын сактап калган. Ал активдерди башкаруу, капитал рыногу, корпоративдик каржылоо жана жеке банкинг багыттарында мекемелерге жана жеке кардарларга кызмат көрсөтөт.

Barclays (1690, Лондон, Улуу Британия)

Barclays 1690-жылы лондондук зергерлер тарабынан негизделген жана соода капиталы менен алектенген чакан банк катары башталган, бирок убакыттын өтүшү менен дүйнөдөгү эң ири банк топторунун бирине айланган.

Анын өнүгүүсү Улуу Британиянын банк системасынын эволюциясын чагылдырат: жергиликтүү насыя операцияларынан тартып глобалдык инвестициялык жана чекене банк бизнесине чейин.

Бүгүнкү күндө Barclays ондогон өлкөлөрдө иш алып барган жана каржылык кызматтардын кеңири спектрин сунуштаган эл аралык түзүм болуп саналат.

Coutts (1692, Лондон, Улуу Британия)

Coutts көп учурда «аристократтардын банкы» деп аталат. 1692-жылы шотландиялык жаш зергер-банкир Жон Кэмпбелл Ландиде банк негиздеп, алгач зергердик жана банктык устакана катары иштей баштаган.

Ошол мезгилдеги көпчүлүк банктардан айырмаланып, Coutts башынан эле массалык кардарларга эмес, бай адамдарга, аристократтарга жана таасирдүү үй-бүлөлөргө басым жасаган. Мындай стратегиянын аркасында банк акырындап британ элитасынын бир бөлүгүнө айланган.

Универсалдуу банктардан айырмаланып, Coutts дайыма жекече тейлөөгө жана кардарлардын чектелген чөйрөсүнө таянып келген. 2025–2026-жылдары банк жаңы кардарларга коюлган талаптарды күчөтүп, негизинен өтө бай адамдарды тейлөөгө басым жасай баштаган.

Bank of England (1694, ЛондонУлуу Британия)

Bank of England (Англия банкы) башында өкмөттүн «банкири» катары кызмат көрсөткөн жеке банк болуп негизделген. Ал эң оболу Францияга каршы согуштук аракеттерди каржылоо үчүн түзүлгөн. Анын алгачкы акционерлери ошол кездеги падыша менен ханыша — Уильям жана Мария болгон.

Бүгүнкү күндө банк негизги пайыздык ченди, инфляцияны жана каржы рыногунун туруктуулугун көзөмөлдөйт. Ал дүйнөлүк экономикадагы эң таасирдүү институттардын бири болуп саналат жана анын чечимдери Улуу Британиянын чегинен алыс аймактарга чейин таасир этет.

Англия банкы бир нече жолу кинематографиянын көңүл борборунда болуп келген. Ошондой эле банктын ички короосунда тыт дарактары өстүрүлөт.

2024-жылы Bank of England өзүнүн 330 жылдык мааракесин белгиледи.

Bank of Scotland (1695, ЭдинбургШотландия)

Bank of Scotland (Шотландия банкы) — Шотландиядагы коммерциялык банктардын бири. Ал өлкөдөгү банкнот чыгарууга укугу бар үч банктын катарына кирет. Банк Англия банкы түзүлгөндөн көп өтпөй негизделип, бизнести активдүү каржылаган алгачкы банктардын бири болгон.

Ал Шотландиянын экономикасынын өнүгүшүндө маанилүү роль ойногон жана бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн тарыхый өзгөчөлүгүн сактап келет. 2008-жылы Bank of Scotland Lloyds TSB Group тарабынан сатып алынууга макул болгон. Бирок ага карабастан, анын бренди бүгүнкү күндө да таанымал жана маанилүү бойдон калууда.

The Bank of New York Mellon (1784, Нью-ЙоркАКШ)

The Bank of New York АКШнын негиздөөчүлөрүнүн бири Александр Гамильтон тарабынан негизделген. Ал өлкөдөгү эң алгачкы банктардын бири жана дүйнөдөгү эң ири кастодиалдык банктардын катарына кирет.

1878-жылы банк АКШнын Каржы министрлигинин депозитарийи болуп, мамлекеттик облигацияларды тейлей баштаган. XIX кылымда ал каналдардын, темир жолдордун, Нью-Йорк метросунун жана жеткирүү компанияларынын курулушун каржылаган.

Бүгүнкү күндө банк дүйнөлүк каржы инфраструктурасында маанилүү ролду ойнойт. Анын тарыхы АКШнын банк системасынын дүйнөлүк экономиканын ажырагыс бөлүгүнө айланышын чагылдырат. 2006-жылдын декабрь айынын башында Bank of New York менен Mellon Financial биригерин жарыялашкан. Ошондон бери банк The Bank of New York Mellon деген аталыш менен иштеп келет.

Бул он банктын тарыхы - жөн гана даталар менен аталыштардын жыйындысы эмес. Бул институттардын мамлекеттерге караганда узагыраак өмүр сүрүп, бир нече доорду баштан өткөрө аларын көрсөткөн сейрек көрүнүш. Алар соода үйлөрү, кайрымдуулук мекемелери же мамлекеттик инструменттер катары башталган, бирок бардыгы бирдей жолду — өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу жолун басып өттү. Ошондуктан алар бүгүнкү күндө заман талабына шайкеш иштеп, өз тарыхый мурасын аяр сактап келе жатышат.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.