Балдардын чөнтөк акчасы: оюн, тартип жана финансылык сабаттуулук

Балаңыздын акчаны туура башкаруусун каалайсызбы? Анда бала кезинен үйрөтө баштаңыз: чөнтөк акчалар талаш-тартыштын булагы эмес, финансылык сабаттуулук боюнча чоң сабак болушу мүмкүн.

Балдардын чөнтөк акчасы: оюн, тартип жана финансылык сабаттуулук
Иллюстрациялык сүрөт

Келиңиз, балаңызга жоопкерчиликти сезүүгө жана чоңдор сыяктуу  эле кирешелерин жана чыгашаларын пландаштырууну үйрөнүүгө жардам бере турган стратегияларды карап көрөлү.

Туруктуу айлык

Бала жумасына же айына белгилүү бир сумманы алат дейли — чоңдор айлык алган сыяктуу эле. Мунун артыкчылыгы ал каражатын пландаганды үйрөнөт. Мисалы, бир күндө эле баарын коротуп салса, кийинки «айлыкка» чейин чыдоого туура келет. 

Жасаган жумушу үчүн акы

Классикалык ыкма: үй жумуштарын жасаса — сыйлык акы алат. Бул ата-энеге да, балага да түшүнүктүү: жаңы гаджет алгың келеби — үй жумушуна жардам бер. Бирок бул жерде башкысы аша чаап кетпеш керек: базалык гана милдеттер — буюмдарын өз ордуна коюу, идиш жуу акы төлөнө турган иштерге кирбеши зарыл. Бул эрежелерди алдын ала сүйлөшүп алуу маанилүү, болбосо бала кийин «алдандым» деп ойлоп калышы мүмкүн. 

Комбо-версия

Эки ыкманы айкалыштыруу да болот: туруктуу сумма + кошумча эмгек үчүн бонус. Мисалы, жумасына 100–200 сом туруктуу түрдө берип, кошумча жардам үчүн премия кошсоңуз болот — мисалы, инисине сабакка жардам бергени үчүн. Бул баланы туруктуу кирешенин баасын түшүнүүгө жана «кошумча иштеп табуунун» мүмкүнчүлүгүн көрүүгө үйрөтөт.  

Чоң максат үчүн акча чогултуу 

Бул жерде баланын өзүнүн кыялы болгону маанилүү — мисалы, жаңы конструктор, велосипед же телефон сыяктуу. Макулдашуу мындай: чогултулган акчанын бир бөлүгүн майда нерселерге коротот, калганын — «кыялга жетүү» үчүн топтойт же балдар депозитине салат. Кошумча шыктандырууга да болот: ата-эне ар бир топтолгон суммага «үстүнө бонус» кошуп бере алат — бул кичинекей «үй-бүлөлүк пайыз» сыяктуу болот.  

Бул ыкма аркылуу бала чоң нерселерге акырындык менен жетүүнү түшүнөт. Ошондой эле бул реалдуу банктык аманаттын кичи версиясы сыяктуу.  

Акча чогулткучтун ордуна банк картасы

Учурда Кыргызстандагы балдар ата-энесинин көзөмөлү менен - өз атындагы банк картасына ээ боло алышат. Бул ыңгайлуу жана коопсуз: колдо накталай акча болбойт, заманбап төлөм ыкмаларын колдонууну үйрөнөт жана өзүн «чоң адам» катары сезет.  

Бүгүнкү күндө балдар үчүн карталар MBANK, «Бай-Түшүм» Банкы, «Дос-Кредобанк» жана «Оптима Банкында» жеткиликтүү.

Балдар картасы — каржылык коопсуздук тууралуу сүйлөшүүгө мыкты багыт. Балдарга PIN-кодду эч кимге айтпоо керектигин, онлайн сатып алууларды ишенимдүү сайттарда гана жасоо зарылдыгын түшүндүрүңүз. Бул жөн гана лекцияларга караганда  көбүрөөк пайда берет. 

Башка оюндар жөнүндө унутпаңыз

Адистердин айтымында, финансылык сабаттуулукка эрте жаштан үйрөтүү пайдалуу, бирок муну оюн түрүндө жасоо эң жакшы.  
Балаңыз менен бирге жумалык бюджетти түзүп, «каалайм» менен «керек» түшүнүктөрүнүн айырмасын талкуулаңыз. Бала акчанын түгөнө турган нерсе экенин түшүнгөнү — чоң кадам. Ошондой эле «көлөмдүү кыял» үчүн акчанын жок дегенде 10% топтоону үйрөтүңүз.

Кызыктуу оюндарды ойлоп табыңыз: мисалы, «ашыкча чыгымсыз жума» же «айдын аягына чейин ким көбүрөөк топтойт» деген жарыш.   

Баланы «үй-бүлөлүк бухгалтер» кылсаңыз да болот: ал жуманын чыгымдарын эсептеп, пландалган сумма менен салыштырып турат. Ошондой эле жалпы «үй-бүлөлүк кыял» ойлоп табуу да жагымдуу идея мисалы, вафельница сатып алуу же жаңы мультфильмге баруу. Ар ким өз салымын кошот, сумма толгондо кыял ишке ашат.

Чөнтөк акча — бул жөн гана чыгым эмес, тарбиялоонун жана жоопкерчиликке үйрөтүүнүн куралы. Эгер ага заманбап куралдарды — банк картасын, мобилдик тиркемени же балдар депозитин кошсоңуз, бул чыныгы «финансылык мектепке» айланат.  Макул, бала акчасын коротсун, жаңылсын, топтосун, сатып алуудан кубансын — дал ушул майда кадамдар анын келечектеги финансылык туруктуулугунун пайдубалы болот.

#worldsavingsday 

#каражаттоптоо2025

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.