Курс USD 87.33 / 87.79
Курс EUR 101.50 / 102.50
Курс RUB 1.115 / 1.136
Курс KZT 0.144 / 0.180
USD USD
87.33 / 87.79
EUR EUR
101.50 / 102.50
RUB RUB
1.115 / 1.136
KZT KZT
0.144 / 0.180

Эмне үчүн Макаодо ар кандай коммерциялык банктар бир эле банкнотторду өз вариантында чыгара беришет?

Кытайдын өзгөчө чөлкөмүнүн уникалдуу тарыхы бир эле банкноттун ар түрдүү, бирок кызыктуу варианттарын пайда кылган. Макаонун жашоочулары жана коноктору жүгүртүүдөн бир эле номиналдагы, бирок ар кандай дизайндагы Макао патака банкнотторун таба алышат жана бул эч кандай көйгөй жаратпайт.
Эмне үчүн Макаодо ар кандай коммерциялык банктар бир эле банкнотторду өз вариантында чыгара беришет?

«Finance and Development» журналы Макаонун кош банкноттору аймактын көп катмарлуу тарыхын жана өздүк өзгөчөлүгүн кантип чагылдырарын баяндаган. Бул тууралуу Эл аралык валюта фонду кабарлады.

Макао «бир өлкө — эки система» алкагында өзүнүн укуктук, экономикалык жана административдик системаларын башкарат. Бул Кытай аймагы болгону 12,7 чарчы мильди ээлегени менен, дүйнөдөгү калк эң жыш жашаган жана эң бай аймактардын бири болуп эсептелет. Бул жерде киши башына жылдык киреше болжол менен 67 миң 500 долларды түзөт. Макаонун экономикасы туризм жана кумар оюндарына негизделген, бул ага «дүйнөнүн казино борбору» деген наамды алып келген.

Макао, Кытайдын өзгөчө административдик району, ар кандай коммерциялык банктар бир эле банкноттун ар башка версияларын чыгарган дүйнө жүзүндөгү сейрек кездешкен жерлердин бири болуп саналат.

Мисалы, Bank of China чыгарган 20 патака номиналындагы купюраларда Жаз майрамы жана илимий өнүгүү сүрөттөлсө, Banco Nacional Ultramarino — Макаонун банктар аралык жана каржы кызматтары корпорациясы — чыгарган ошол эле номиналдагы купюраларда кылымдарды карыткан деңиз соода жолдору даңазаланат.

Макао Португалиянын башкаруусунда турганда, 1901-жылы колониялык өкмөт Banco Nacional Ultramarino банкы менен патака банкнотторун чыгаруу укугун өзгөчө негизде бекемдеген.

1999-жылдагы кайра кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн алкагында экинчи коммерциялык банк — Bank of China да мыйзамдуу төлөм каражатын чыгаруу укугуна ээ болгон. Бүгүнкү күндө эки банк тең банкнот чыгаруу укугун бөлүшүп, ар бири 20 патака номиналындагы ар кандай, бирок бирдей деңгээлде кооз жаңы версияларды чыгарып келет. Бул номинал аймакта абдан кеңири колдонулат.

Кытай банкнотунун алдыңкы бетинде арстан бийчилери барабандардын, жез тебүүлөрдүн жана гонгдордун үнүнүн коштоосунда көчөлөрдү кыдырып, жаңы жыл үчүн ийгилик алып келген Жаз майрамынын негизги бөлүгү болгон Түштүк Арстандын сүрөтү түшүрүлгөн. Арстан — ачыктыкты, инклюзивдүүлүктү жана алдыга умтулууну билдирет. Арстандын артында Макаодогу Bank of China филиалынын 160 метрлик имараты жайгашкан. Сол жакта — Макаонун гүлдөп өнүгүүсүн туюнткан лотос гүлү сүрөттөлгөн.

Купюранын артында Макаонун илимий борбору жана анын планетарийи сүрөттөлгөн — ал Кытай-америкалык архитектор Йо Мин Пей тарабынан долбоорлонгон. Бул борбордо жылдыздардын үч өлчөмдүү экспонаттары күмбөз формасындагы шыпка чагылдырылат.

Ал эми Banco Nacional Ultramarino чыгарган 20 патака номиналындагы банкнотто Макаонун деңиз тематикасын чагылдырат. Португалиялык купюрада банктын эски жана жаңы башкы кеңселеринин фасаддары, 1780-жылдагы Макаонун картасы, сампан деп аталган жыгач кайыктар, джонка кытай кемелери, компас, лотос гүлү жана ыйык дарак баньян сүрөттөлгөн.

Банкнота дизайнын иштеп чыккан De La Rue компаниясы картографиялык сүрөттөрдү колдонуу менен бул порттук шаардын деңиз соода тарыхы аркылуу кылымдар бою кандайча өнүккөнүн көрсөтүүнү максат кылган.

Кытай жана Португалия маданиятынын айкалышы Макаону уникалдуу жерге айланткан — бул жерде эски менен жаңы, Чыгыш менен Батыш жолугат. 20 патака номиналындагы купюра шаар тарыхына жана салтына болгон урматты билдирет.

Маалымат үчүн:

Баньян дарагы индуисттер жана буддисттер үчүн ыйык дарак болуп саналат, анткени дал ушул дарактын көлөкөсүндө Будда руханий агартууга жеткен. Баньян өзүнүн уникалдуу өсүү жөндөмү менен белгилүү. Абанын ичинен ылдый түшүп, жерге тамырлап кеткен бутактары жаңы сабактарга айланып, бир эле дарак бүтүндөй токой сыяктуу көрүнүш жаратат. Бул касиет — өлбөстүктү, түбөлүктүүлүктү билдирет.

Кээ бир байыркы баньяндарга миң жылдар болуп, бийиктиги 30 метрден, тегереги 400 метрден ашып, 1300гө жакын кошумча сөңгөк жана 3000ге чейинки аба тамырларын пайда кылышкан.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.