Кагаз акчаларында эмнелер жашайт?
Кагаз акча – бул жөн гана төлөм каражаты эмес, ал микроорганизмдердин көбөйүшү үчүн эң сонун чөйрө. Эмне үчүн эскирип калган кагаз акчалар эң чоң коркунуч жаратат? Анткени алар пахта негизиндеги материалдан жасалат, ал микробдордун өсүшүнө жана көбөйүшүнө эң ылайыктуу шарт түзөт. Мындан тышкары, акча колдон-колго өтүп турат, бул болсо ар түрдүү инфекциялардын жайылышына алып келет.
Айрыкча майда номиналдуу кагаз акчалар өзгөчө коркунучтуу деп эсептелет, анткени алар жүгүртүүгө эң көп колдонулат. Ал эми бактериялар эскирип, жыртылып калган акчаларды «жакшы көрүшөт».
Кагаз акчалар менен тыйындардын бетинде эмнелер гана «жармашып жүргөнүн» көптөр ойлоно бербейт. Акча аркылуу ичеги таякчасы, стафилококк, энтерококк, сальмонелла жугушу мүмкүн, алар акчанын бетинде эки айга чейин сактала алат. Кагаз акчаларда кооптуу бактериялар, вирустар жашай алат, ошондой эле кургак учукту, өпкө сезгенүүсүн, тонзиллитти, менингитти, гастроэнтеритти жана жыныс органдарынын инфекциялык ооруларын козгогон микробдор да табылган.
Дээрлик бардык доллар кагаз акчалары саламаттык үчүн коркунуч жаратат. Америкалык окумуштуулар эски акчалардан жүздөй түрдүү патогендик микроорганизмдерди аныкташкан, алардын арасында гельминттерди козгоочулар жана Эбола безгегинин да вирусу бар.
Алардын коркунучу эмнеде?
- Ичеги таякчасы – олуттуу тамак-аш ууланууларын жана ичеги инфекцияларын пайда кылат.
- Алтын түстүү стафилококк – көп антибиотиктерге туруктуу микроорганизм. Теринин инфекцияларын, пневмонияны жана менингитти чакырышы мүмкүн.
- Сальмонелла – курч ичеги инфекцияларынын козгогучтары. Акчанын бетинде узак убакытка чейин жашай алышат.
- Грипп вирусу кагаз акчаларда эки жумага чейин «тирүү» кала берет.
- Накталай акчадан герпес жана башка ооруларды козгоочу вирустар табылган.
- Айрым түрдөгү микробдор тери кыжырдануусун жана дерматитти пайла кылат.
- Акчадан аскаридалардын жана острицалардын жумурткалары да табылган, алар бир нече айга чейин жашоого жөндөмдүү болот.
Сактануу чаралары
Адистер акча менен байланыштан жугушу мүмкүн болгон коркунучтарды азайтуу үчүн жөнөкөй эрежелерди сунушташат:
- Колду тез-тез жууңуз, өзгөчө акчага тийгенден кийин жана тамак ичүүдөн мурда, же антисептик колдонуңуз.
- Накталай эмес төлөмдөрдү тандаңыз (банк карталары, электрондук төлөмдөр).
- Кагаз акчаларга тийгенден кийин колуңуз менен бет, көз, мурун жана оозуңузду кармабаңыз.
Гигиенаны сактоо гана үй-бүлөңүздү микробдордон жана олуттуу оорулардын козгогучтарынан коргойт. Ошондой эле, балаңыз акча чогулткучка бир нече тыйын салган болсо, сөзсүз колдорун жууп берүүнү унутпаңыз. Бул нерсеге көз салып туруңуз!
Накталай акчаны кантип коопсуз кылса болот?
Улуу Британияда полимер акчаларга өтүшкөн, анткени алар кагаз акчаларга караганда азыраак ным сиңирет жана микроорганизмдерди азыраак топтойт.
Европада бул көйгөйдү акчаларды озон жана ультрафиолет менен иштетүү аркылуу чечишет. Накталай акчаны иштетүүчү жабдууларды чыгарган компаниялар ультрафиолет (UV-C) жана озон колдонууну сунуштап, микробдордун 99%ын жок кыла турган чечимдерди иштеп чыгышкан. Бул технологиялар акча эсептегичтерге же банктарда колдонулуучу атайын дезинфекциялык камераларга орнотулушу мүмкүн.
Европанын борбордук жана коммерциялык банктары жогорку ылдамдыктагы машиналарды колдонуп, акчаларды сорттоп жана текшеришет. Ал машиналар акчанын түп нуска экенин аныктап, алардын эскиргенин да баалайт. Өтө эскирген, кирдеген же бузулган кагаз акчалар жүгүртүүдөн чыгарылып, жок кылынат.
Японияда болсо, жогорку гигиеналык стандарттар маданияттын бөлүгү болгондуктан, бул маселе технологиялык деңгээлде чечилген. Айрым банкоматтар атайын дезинфекция функциясы менен жабдылган. Акчаны чыгаруудан мурда машина аны 200 градус Цельсийге чейин ысытат. Мындай термиялык шок көпчүлүк бактерияларды, вирустарды жана козу карындардын спорлорун натыйжалуу жок кылат, бирок акчанын өзүнө зыян келтирбейт.
