Ведомствонун маалыматына ылайык, жөлөкпулдун өлчөмү ар бир бала үчүн ай сайын 1200 сомду түзөт. Бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган жарандар үчүн жөлөкпул белгиленген райондук коэффициенттерди эске алуу менен төлөнөт.
«Жөлөкпул алуу укугу үй-бүлөнүн киреше деңгээлине карабастан ата-энелерге, асырап алуучуларга жана камкорчуларга берилет. Эгерде бир учурда эки же андан көп бала төрөлсө, төлөм ар бир балага өзүнчө дайындалат», - деп билдиришти министрликтен.
Арызды 2026-жылдын 1-июлунан тарта берүүгө болот:
- электрондук форматта «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу «Социалдык төлөмдөр» бөлүмүндөгү «Бала ырысы» кызматы аркылуу;
- арыздарды социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнө факты жүзүндө жашаган же убактылуу жүргөн жери боюнча тапшыруу мүмкүнчүлүгү да каралган.
Арыз берүү үчүн санарип форматында төмөнкү документтер талап кылынат:
- арыз ээсинин паспорту;
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (жеке идентификациялык номери көрсөтүлгөн);
- факты жүзүндө жашаган же убактылуу жүргөн жери тууралуу маалымат.
- жөлөк пулду которуу үчүн банк эсеби.
Электрондук форматта арыз берилген учурда керектүү маалыматтар мамлекеттик маалыматтык системалар аркылуу автоматтык түрдө суралат.
Жөлөкпул дайындоо жөнүндө чечим арыз катталган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат. Ал эми арыз «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу берилсе, төлөмдү дайындоо автоматтык түрдө 1 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлүшү мүмкүн.
Жөлөк пул алуучунун банктык эсебине которулуп, бала үч жашка толгонго чейин ай сайын төлөнөт.
Эмгек министрлиги белгилегендей, жаңы төлөм кичинекей балдары бар үй-бүлөлөрдү колдоого, алардын жашоо шарттарын жакшыртууга жана өлкөдөгү балдар арасындагы жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган.
Эске салсак, быйыл 8-март Аялдардын эл аралык күнүн утурлай, президент Садыр Жапаров үч жашка чейинки балдарга ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөк пулдун жаңы түрүн киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, республика боюнча 440 миңден 470 миңге чейинки бала аталган жөлөк пулду алууга укуктуу.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.