Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

2026-жылы шишкебек жеп эс алуу кымбат ырахаттардын катарын толуктайт

Май айындагы майрамдар көбүнчө шишкебек менен элестелет эмеспи, бирок бул жылы жаратылыш койнунда эс алуу капчыкка олуттуу эле сокку урчудай.

2026-жылы шишкебек жеп эс алуу кымбат ырахаттардын катарын толуктайт
Иллюстрациялык сүрөт

Аш тизменин бааларын биз Бишкектеги белгилүү шишкебек тармагынан алдык. 

Эгерде сегиз адамдан турган компания чогулса, орточо отуруштун баасы 9 миңден 13 миң сомго чейин болот, ал эми алкоголдук ичимдиктерди кошкондо 15-18 миң сом болот.  

Бюджеттик вариантка 16 таякчадагы шишкебек, жашылчалар, гарнир, нан, соустары жана суусундар кирет. Мындай комплект болжол менен 9,3 миң сом болот, же адам башына 1160 сомду түзөт.

Эгерде этин көбүрөөк кошсо, салаттар жана суусундуктар менен бирге сумма 12-13 миң болуп, киши башына 1500-1600 сом болот. 

Ошону менен катар спирт ичимдиктери кошулса, мындан да кымбатыраак болот – чек орточо 18 миң сомго чейин барышы мүмкүн. 

Ошентип, чоң компания менен салттуу шишкебек жасоону бюджеттик ырахаттануу деп айтууга мүмкүн болбой калды.  

Эске салсак, былтыр Banks.kg порталы май айындагы шишкебектин бааларына көз жүгүрткөн. Анда шишкебек менен отуруш уюштуруу компания үчүн быйылкыга караганда, үч эсеге арзан болгон. 

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.