Курс USD 87.31 / 87.80
Курс EUR 98.79 / 99.79
Курс RUB 1.048 / 1.081
Курс KZT 0.116 / 0.187
USD USD
87.31 / 87.80
EUR EUR
98.79 / 99.79
RUB RUB
1.048 / 1.081
KZT KZT
0.116 / 0.187

Май майрамдарында сегиз адамдан турган компания шишкебекти канча акчага сатып алат

Жаздын жылуу жана аба ырайы жагымдуу күндөрү Бишкектин жашоочулары жаратылышка же тамактануучу жайларга барып шишкебек жеп, эс алууну каалашат. Биз калаанын белгилүү кафелеринин бааларын билип, достор менен эс алуу канча турарын эсептеп чыктык.
Май майрамдарында сегиз адамдан турган компания шишкебекти канча акчага сатып алат

Аш тизме боюнча, порциялардын баасы (орточо 150–350 граммы) түзөт:

  • Кой этинен шишкебек  —  410 сомдон 570 сомго чейин;
  • Уй этинен шишкебек — 420 сом;
  • Тоок этинен (сулпу эт, канаты) — 250-260 сом;
  • Боор эти — 310 сом;
  • Өрдөк сулпу эти — 250 сом;
  • Козу карын (шампиньондор) — 250 сом;
  • Жашылчалар шишкебеги — 210 сом;
  • Мангалдагы форель — 370 сом.

Люля-кебаб:

  • Уй этинен — 330 сом;
  • Кой этинен — 330 сом;
  • Тоок этинен — 250 сом.
    Баалар эттин түрлөррүнөн жана граммдарына жараша болот. Эң кымбат шишкебек  «кой эти менен кавказ стилиндеги» - 305 граммы 570 сом, ал эми жеткиликтүү шишкебек – жашылчалардан 210 сом.
    8 адамдан турган компанияга орточо баа 
    Эсептөөгө буйрутманын классикалык түрүн алабыз:
  • 6 порция эт менен шишкебек (микс: кой эти, уй эти, тоок эти);
  • 2 порция жашылчалардан шишкебек;
  • Гарнирге (лаваш, соустар) — ар бир адамга 50 сомдон;
  • Алкоголсуз суусундуктар —  ар бир адамга орточо баасы 70 сом.

Эсептөөнүн мисалы:

  • 2 порция кой этинен (орточо баа) — 450 х 2 = 900 сом;
  • 2 порция уй этинен — 420 х 2 = 840 сом;
  • 2 порция тоок этинен — 260 х 2 = 520 сом;
  • 2 порция жашылчалардан шишкебек — 210 х 2 = 420 сом;
  • Гарнирлер: 120 х 8 = 960 сом;
  • Суусундуктар: 70 х 8 = 560 сом; 

Жыйынтык:

900 + 840 + 520 + 420 + 960 + 560 = 4 миң 200 сом

Тейлөөнү кошобуз (10%):

4200 + 420 = 4 620 сом

Демек, 8 адамдан турган компанияга шишкебек болжол менен 4 миң 500 – 5 миң сом болот, тандалган тамактарга жана суусундуктарга жараша. Эгерде тандоо мындан да кымбатыраак болсо, же ар бир адам 2ден порция буйрутма берсе, сумма 6-7 миң сомго чейин жетет. 

Бишкектеги этке болгон баалар: шишкебекти өз алдынча жасоо канча турат

Эгерде шишкебекти өз алдынча жасаса, эттин баасына көңүл буруу керек. Калаадагы супермаркеттердин биринин сайтындагы расмий баалар, 2025-жылдын апрель айынын соңуна карата төмөнкүнү түзөт:

  • Кой этинен (кабырга) — 590 сом/кг;
  • Уй этинен (сулпу эт) — 670 сом/кг;
  • Уй этинен (төш, кабырга) — 614 сомов/кг;
  • Уй этинен (стейк) — 690 сом/кг;
  • Уйдуку (ак эт) — 820 сом/кг;
      Уй этинен диеталык фарш — 745 сом/кг;
  • Фарш Tasty (450 г) — 250 сом таңгагы үчүн.

Ошентип, уй этинин баасы 614 сомдон 820 сомго чейин өзгөрөт, ал эми козу этинин килограммы 590 сомдон кем эмес болот.

Бир караганда үй шартында шишкебек жасоо арзаныраак, бирок эттин баасынан тышкары маринад, көмүр, лаваш, соус жана башка коштоочу азыктарга да чыгашалар бар. Ошондой эле, даярдоого кеткен убакыт жана күч жөнүндө унутпаңыз.

Тамактануучу жайларда даяр шишкебектин баасы (орто эсеп менен 200 грамм) 250 сомдон 570 сомго чейин, ал эми килограммга айландырганда 1 миң 250 - 2 миң 850 сомго чейин жетет. 

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.