Чечим өлкөнүн экономикасында жогору өсүү арымы сакталып турганына байланыштуу кабыл алынды. Бул тууралуу Улуттук Банктын басма сөз кызматы билдирди.
«2025-жыл жыйынтыгы боюнча өлкөдө реалдуу ИДӨ 11,1 пайызга өскөн. Экономикалык өсүш, негизинен, курулуш секторунун жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн таасири астында шартталган. Негизги капиталга инвестициялар көлөмүнүн артышынын алкагында өлкөдө инвестициялык жигердүүлүк жогору катталган, буга бюджеттик каржылоонун артышы көбүрөөк таасирин тийгизген. Керектөө суроо-талабы калктын айкын кирешесинин, акча которуулардын таза агымынын артышы жана керектөө кредиттерин жигердүү алуу менен камсыздалган», - деп билдирди финансылык жөнгө салуучу орган.
2026-жылдын 16-январына карата абал боюнча Кыргызстанда инфляция жылдык мааниде 9,4 пайызды түздү. Учурда баа тенденциялары Улуттук банктын күтүүлөрүнүн чегинде калыптанууда, мында инфляциянын азык-түлүк компонентинин өсүш арымы бир аз басаңдаган. Азык-түлүктөн башка товарлар тобуна жана кызмат көрсөтүүлөр секторуна баалар жогору түптөлгөн, бул тышкы мүнөзгө ээ факторлордун экинчилик таасири менен шартталган.
Улуттук банктын акча-кредит саясатынын негизги артыкчылыгы болуп орто мөөнөттүү мезгилде инфляциянын 5-7%дык максаттуу көрсөткүч чегинде калыптанышын камсыз кылуу саналат, ушуга байланыштуу орточо катуулатылган күндөлүк монетардык шарттар сакталууда.
Мындай шарттарда BIR банктар аралык эталондук пайыздык чен Улуттук банктын пайыздык коридорунун төмөнкү чегине жакын калыптанган. Ички валюта рыногу туруктуу бойдон калууда.
Дүйнөлүк азык-түлүк жана чийки зат рынокторунда жогору өзгөрүлмөлүүлүк сакталып турат, ошол эле учурда геосаясий факторлордун туруксуздугу көпчүлүк өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстандын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүндө да инфляциялык жагдайдын сакталып турушуна алып келген.
Бул факторлор инфляциянын басаңдоосу үчүн туруктуу шарттар калыптанганга чейин учурдагы акча-кредиттик шарттарды колдоо зарылдыгын шарттоодо. Ушуга байланыштуу Улуттук банктын эсептик чен өлчөмү 11 пайыз деңгээлинде калтырылды. Баа туруктуулугуна карата кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда, Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка корректировкаларды киргизиши ыктымал.
Улуттук банк башкармалыгынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки пландык отуруму 2026-жылдын 23-февралында өткөрүлөт.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын январында финансылык жөнгө салуучу орган негизги ченди бешинчи жолу 9% деңгээлинде калтырган. Февраль, апрель жана май айларында чен дагы да өзгөртүүсүз калтырылган.
Июль айында Улуттук банкы негизги эсептик ченди 9 пайыздан 9,25 пайызга чейин көтөрүп, августта аны сактап калган.
Октябрда чен 9,25%дан 10%га көтөрүлсө, ноябрда Улуттук банк негизги эсептик ченди 11%га көтөргөн.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.