Бул тууралуу финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришти.
КРнын Улуттук банкы билдиргендей, өлкөдө инфляция 2025-жылдын башталышынан тартып 6,2 пайызды, жылдык мааниде – 8,4 пайызды түзгөн. Өлкөдө инфляциянын учурдагы деңгээлине тышкы рыноктордо энергоресурстарды сунуштоонун чектелиши жана туруктуу керектөө суроо-талаптарынын сакталышы менен бирге кызмат көрсөтүү секторунун айрым сегменттеринде коромжулардын наркынын өсүшү таасирин тийгизүүдө.
«Кыргызстандын экономикасынын өсүш арымынын жогору болушу өлкөдөгү керектөөчүлүк жана инвестициялык активдүүлүктүн жогорулашы менен шартталган – 2025-жылдын 9 айында реалдуу ИДӨ 10 пайызга өстү. Өлкө экономикасында негизги капиталга инвестициялар негизинен ички каржылоо булактарын кеңейтүүнүн натыйжасында көбөйгөн, натыйжада курулуш секторунун өсүшүнө олуттуу салым кошкон», - деп жазылат маалыматта.
Жалпысынан акча-кредит шарттары өлкөдө макроэкономикалык туруктуулукту сактоого өбөлгө түзүүдө. Ички валюта рыногунда туруктуулук сакталып турат.
«Акча рыногундагы пайыздык чендер каражат топтоонун ыңгайлуулугу менен кредиттик ресурстардын жеткиликтүүлүгүнүн ортосундагы тең салмактуу катышты камсыз кылууда. Өлкөнүн банк сектору тышкы тобокелдиктерге туруктуу бойдон калууда жана экономиканы кредиттөөнү кеңейтүү шарттарын түзүү менен улуттук валютада жогорку деңгээлдеги ликвиддүүлүккө ээ» - деп айтылат маалыматта.
Тышкы чөйрө дүйнөлүк соода эрежелеринин өзгөрүшүнө жана глобалдык экономиканын бытырандылыгына байланыштуу геосаясий тобокелдиктердин жогорулашы алкагында жогорку деңгээлдеги белгисиздик менен мүнөздөлөт.
Бүгүнкү күндө көбүнчө тышкы жагдайлар жакынкы келечекте Кыргызстандагы инфляциянын траекториясы үчүн туруксуздукту жаратат жана акча-кредит саясатын жүргүзүүдө кыйла кылдат мамилени талап кылат.
«Бул шарттарда инфляциянын тышкы жана ички факторлоруна баа берүүнү, ошондой эле Улуттук банктын келечекке багытталган акча-кредит саясатын эске алуу менен эсептик чендин өлчөмү 10 пайызга чейин жогорулатылды. Кабыл алынган чечим орто мөөнөттүү келечекте баа динамикасынын 5-7% максаттуу диапазонунда калыптанышына өбөлгө түзөт», - деп жазылат билдирүүдө.
Баа туруктуулугуна карата кандайдыр бир тобокелдиктер орун алган учурда Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка корректировкаларды киргизиши мүмкүн.
Улуттук банк башкармалыгынын эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки пландык отуруму 2025-жылдын 24-ноябрында өтөт.
Белгилей кетсек, 9% эсептик чен узак убакыт бою сакталып келген - 2023-жылдын аягынан 2024 жана 2025-жылдардын көпчүлүк бөлүгүндө. Буга чейинки өзгөртүү 2022-жылдын ноябрында болуп, анда чен 14%дан 13%га, андан кийин этап менен 9%га чейин төмөндөтүлгөн. 2024-жылдын май айынан баштап Улуттук банк позициясын сактап, орточо инфляциянын жана туруктуу макроэкономикалык кырдаалдын шартында ченди 9% деңгээлинде өзгөрүүсүз калтырган.
2025-жылдын январында жөнгө салуучу негизги ченди бешинчи жолу 9% деңгээлинде сактап, февраль айында өзгөрүүсүз калтырган. Апрель айында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы негизги ченди жетинчи жолу 9% деңгээлинде сактап, май айында өзгөртүүсүз калтырган.
Июль айында Улуттук банк негизги ченди 9 пайыздан 9,25 пайызга чейин көтөргөн жана август айында өз деңгээлин сактап калган.
