Бул тууралуу Улуттук Банктын маалымат кызматынан билдиришти.
Кыргызстанда инфляция 2025-жылдын башталышынан тартып 5,0 пайызды, жылдык мааниде – 9,4 пайызды түздү. Учурда түптөлгөн инфляция, азык-түлүккө дүйнөлүк баалардын туруксуздугу коньюнктурасынын алкагында тышкы факторлордун таасири астында жана жогору суроо-талап менен катар Кыргыз Республикасында азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнө баа динамикасынын сезондуулугунун өзгөрүшү менен шартталган. Мындан тышкары, инфляцияга электр энергиясына тарифтерди ар жылдык кайра кароо да таасирин тийгизүүдө.
Кыргызстанда инвестициялык жана керектөө жигердүүлүгүнүн жогорулоосунун алкагында экономиканын жогору өсүшү сакталып турат. Реалдуу ИДӨнүн өсүшү 2025-жылдын январь-июль айлары ичинде 11,5 пайызды түзгөн. Кыйла жогору жигердүүлүк өнөр жай, курулуш жана кызмат көрсөтүү секторлорунда байкалган. Калктын кирешесинин өсүшүнүн, өлкөгө таза акча которуу агымынын көбөйүшүнүн жана банктар керектөө кредиттерин көбөйтүүсүнүн натыйжасында керектөө суроо-талабы жогору бойдон калууда.
Жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты өлкөдө кыска жана узак мөөнөттүү мезгилдерде баа туруктуулугун камсыздоо үчүн шарттарды түзүүдө. Көрүлүп жаткан тактикалык монетардык саясат чаралары улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн сакталышын жана экономикада акча сунушунун тең салмактуулук деңгээлинин түптөлүшүнүн сакталышын шарттоодо. Ички валюта рыногунда жагдай туруктуу сакталып турат.
«Бүгүнкү күндө тышкы чөйрөдө белгисиздик, Кыргыз Республикасынын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүндө геосаясий курч абалдын жана инфляциялык басымдын сакталып турушунун алкагында жогору сакталып турат. Мындай шарттарда инфляция факторлоруна баа берүүнү, ошондой эле Улуттук банктын акча-кредит саясатынын келечек багытын эске алуу менен эсептик чен өлчөмү 9,25 пайыз деңгээлинде сакталды. Кабыл алынган чечим өлкөдө баа туруктуулугунун сакталышына жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт», - деп жазылат маалыматта.
Улуттук банк акча-кредит саясатын жүргүзүүдө тең салмактуулук ыкмасына таянуу менен иш алып барат жана түптөлүп жаткан ички жана тышкы инфляция факторлорун баалоо ишин улантууда. Баа туруктуулугуна карата кандайдыр бир тобокелдиктер орун алган учурда Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка корректировкаларды киргизиши мүмкүн.
Эске салсак, ушул жылдын 29-июлунда КР Улуттук банк Башкармасы негизги ченди 25 базистик пунктка – 9%дан 9,25%га жогорулатуу чечимин кабыл алган. Белгилей кетсек, 9% эсептик чен узак убакыт бою сакталып келген - 2023-жылдын аягынан 2024 жана 2025-жылдардын көпчүлүк бөлүгүндө. Буга чейинки өзгөртүү 2022-жылдын ноябрында болуп, анда чен 14%дан 13%га, андан кийин этап менен 9%га чейин төмөндөтүлгөн. 2024-жылдын май айынан баштап Улуттук банк позициясын сактап, орточо инфляциянын жана туруктуу макроэкономикалык кырдаалдын шартында ченди 9% деңгээлинде өзгөрүүсүз калтырган.
Эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки отурум 2025-жылдын 27-октябрында өтөт.