Эмнеге АКдан ЖЧКга өтүү АФУ раногу үчүн зарыл болууда?
Улуттук банк «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына адистештирилген финансы уюмдардын ишин лицензиялоо жана жөнгө салуу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштады.
Документ адистештирилген финансылык уюмдардын (АФУ) ишин колдоо жана өнүктүрүү, алардын финансылык туруктуулугун жана рентабелдүүлүгүн жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Токтом долбоору төмөнкү өзгөртүүлөрдү карайт:
1) АФУнун уюштуруу-укуктук формаларынын тизмегин кеңейтүү. АФУну акционердик коом (АК) формасында гана эмес, жоопкерчилиги чектелген коом (ЖЧК) формасында да түзүүгө уруксат берүү сунушталууда.
Учурдагы АК формасы менен гана чектөө АФУнун бизнес-моделдеринин, ишмердүүлүгүнүн масштабынын жана каржылоо булактарынын ар түрдүүлүгүн эске албайт, бул сектордун ийкемдүүлүгүн жана инвестициялык жагымдуулугун төмөндөтөт.
2) АФУнун уруксат берилген операцияларынын тизмесин тактоо. АФУга коммерциялык банктардын өтүнмөлөрү боюнча накталай эмес чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу (эсептешүүлөр накталай эмес түрдө гана жүргүзүлөт) укугун берүү.
Мында АФУ коммерциялык банктардын өтүнмөлөрүн кабыл алууну, салыштырууну (көлөмү, валютасы, эсептешүү күнү жана курсу боюнча) жана алардын андан ары аткарылышын камсыз кылуу менен ортомчунун милдетин аткарат.
3) Техникалык бекемдөө боюнча талаптарды тактоо. Баалуу металлдар менен иш жүргүзгөн АФУнун жайларынын техникалык коопсуздугуна талаптарды белгилөө сунушталууда.
«АФУнун негизги милдети коммерциялык банктардын накталай эмес чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу боюнча бүтүм параметрлери (көлөмү, валютасы, эсептешүү күнү, курс) боюнча билдирмелерин кабыл алууну, салыштырууну уюштуруу болуп саналат. Мында эсептешүүлөрдү накталай эмес чет өлкө валютасында гана жүргүзүү маанилүү шарт болуп саналат, бул операциялардын көзөмөлүн жана коопсуздугун жогорулатат», - деп жазылат маалымдама-негиздемеде.
Белгиленгендей, ошол эле учурда, берилген лицензиянын алкагында АФУ Улуттук банк тарабынан чыгарылган өлчөнгөн куйма түрүндөгү баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүү укугун сактап калат. Бул сунушталган финансылык инструменттерди диверсификациялоого жана институционалдык сектордо баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү үчүн негиз түзүүгө мүмкүндүк берет.
«Мындай брокердик моделди киргизүү АФУнун жоктугу көйгөйүн чечет, коммерциялык банктарга чет өлкө валютасында накталай эмес операцияларды жүргүзүү үчүн ишенимдүү жана ачык-айкын механизмди камсыздайт. Бул финансы рыногун турукташтырууга, банк тутумунун ликвиддүүлүгүн оптималдаштырууга өбөлгө түзөт жана анын эл аралык практикага ылайык мындан ары өсүшү үчүн негиз жаратат», - деп жазылат маалыматта.
Эл аралык тажрыйба эмне дейт
Москва биржасы (MOEX) жана анын валюта рыногу. Бул КМШ өлкөлөрү үчүн эң жакын жана актуалдуу модель. Москва биржасы система түзүүчү функцияны аткарып, валюта соодасы үчүн борборлоштурулган электрондук аянтчаны камсыздайт (USD/RUB, EUR/RUB, CNY/RUB ж.б.).
Коммерциялык банктар сооданын негизги катышуучулары болуп саналат.
Refinitiv жана EBS BrokerTec: Булар дүйнөлүк банктар аралык валюта рыногунун негизи болуп саналган глобалдык электрондук брокердик системалардын мисалдары.
Алар ири банктар жана финансы институттары котировкаларды коюп, бири-бири менен бүтүмдөрдү түзө турган анонимдүү электрондук платформаны камсыздайт. Система өтүнмөлөрдү автоматтык түрдө салыштырууну аткарат.
CLS Group - бул эсептешүү тобокелдигин (валюта жеткирбөө тобокелдигин) чечүүчү маанилүү АФУнун мисалы. CLS валюталык бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөр үчүн борбордук контрагент катары иштейт. Ал бир валютанын жеткирилиши башка валютанын жеткирилиши шартында гана ишке ашырылышын кепилдейт.
KASE - Казакстан фондулук биржасы. Астана өзүнүн валюта рыногун биржалык аянтча аркылуу өнүктүргөн. KASE узак убакыт бою банктардын катышуусу менен биржалык соода аркылуу теңгенин расмий алмашуу курсун белгилөөнүн негизги аянтчасы болуп келген.
Демек, Кыргызстан үчүн сунушталган АФУ-брокер моделинин ийгиликтүү эл аралык тажрыйбада түз аналогдору бар.
Документ менен толук бул шилтемени басып таанышууга мүмкүн.
Кызыкдар болгон жактар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2026-жылдын 8-июнунан кечиктирбестен төмөнкү электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл:

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.