Бул тууралуу Орусиянын вице-премьер-министри Александр Новак стратегиялык өнүгүү жана улуттук долбоорлор боюнча кеңештин жыйынында билдиргенин ТАСС басылмасы жазып чыкты.
Новактын айтымында, жаңы чаралар орусия валютасынын Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин экспортуна, ошондой эле алтын куймалардын кыймылына таасирин тийгизет.
Буга чейин, 2022-жылдын 2-мартынан тарта жарандарга Борбордук банктын расмий курсу боюнча 10 миң АКШ доллар эквивалентинен ашкан чет элдик валютаны алып чыгууга убактылуу тыюу салынган. Рублди экспорттоого эч кандай чектөөлөр жок, бирок 10 000 доллардан ашкан сумма декларацияланышы керек.
Мурда Орусиянын өкмөтү менен Борбордук банкы алтындын экспортуна мүмкүн болуучу чектөөлөр боюнча кайчы пикирге келишкен. Сентябрда каржы министринин орун басары Алексей Моисеев алтынды экспорттоого 100 граммдык чектөө киргизүү планын жарыяласа, Борбордук банк мындай демилгелерге каршы чыккан.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.