С.Жапаров: Банктарга каршы санкциялар - өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 23-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү.

С.Жапаров: Банктарга каршы санкциялар - өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү
Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

«Негизсиз санкцияларды өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү катары жана жаңыдан бутуна туруп келе жаткан экономикабызды төбөсүнөн ылдый басуу деп баалайбыз», - деп белгиледи президент. 

Кыргызстан жарандардын кызыкчылыгын коргойт

Мамлекет башчысы белгилегендей, республика өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин ар дайым так аткарып келген жана аткара берет, бирок «жарандардын кызыкчылыгын, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн курмандыкка чала албайт». Анын айтымында, Кыргызстанга карата жарыяланган санкциялар айрым бейөкмөт уюмдар жана кара ниет жарандар тарабынан жайылтылган жалган маалыматтарга негизделген. 

Көз карандысыз аудиттерге чакырык

Өлкө башчы Садыр Жапаров мамлекет банктардын ишмердүүлүгүн кылдат текшерттирүү үчүн көз карандысыз эл аралык аудиттерди кабыл алууга даяр экенин айтты.

Орусия менен соода жүргүзүүдөгү кош стандарттуулук

Президент 2024-жылы Европа Бирлигинин өлкөлөрү Орусия менен 141 миллиард долларга соода жүргүзсө, анын 36 миллиард доллары Орусиядан импорттолгон товарлар болгонун белгилеп өттү. Ал эми биздин 2 банкка каршы санкция жарыялаган Британиянын өзү 2024-жылы Россия менен 2,2 миллиард долларга соода жүргүзгөн.

«Бизге Россия менен кызматташпагыла деген талап коёсуңар дагы өзүңөр кеңири кызматташып жатасыңар. Бизди силерге караганда Россия менен көптөгөн экономикалык байланыштар бириктирип турат», - деп белгиледи Жапаров.

Ал белгилегендей, экономикалык жактан алганда Кыргызстан Орусия менен кызматташпай коё албайт.

Көп векторлуу саясат жана улуттун кызыкчылыгы

Жапаров белгилегендей, мамлекет эч ким менен тирешүүнү каалабайт, дээрлик бардык өлкөлөр менен кызматташып, көп векторлуу саясат жүргүзүүдө. Ал мисалы, Кыргызстан ошол эле Англияга жылына 1 млрд долларлык алтын сатарын белгилеп өттү.

«Менин өлкө президенти катары биринчи милдетим – жарандарымдын жана өлкөмдүн коопсуздугун камсыз кылып, экономикалык абалын жогорулатуу», - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.