«Кепилдик фонд» ААКсы: 2025-жылдын тогуз айында 2,4 миллиард сомдон ашык кепилдик берилди
«КФ» ачык акционердик коому 2025-жылдын январь-сентябрь айларындагы ишмердигинин жыйынтыгын чыгарды. Аталган мезгил ичинде жалпы 1 095 кепилдик берилди, алардын суммасы 2,44 млрд сомду түздү. Бул кепилдиктердин аркасында ишкерлер банктардан 8,52 млрд сом көлөмүндөгү кредиттерге жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
12:33, 16.10.2025