Акыркы жылдары Ысык-Көлдө эс алууну каалагандардын көбү турак жайды жарыялоо кызматтары аркылуу издеп калышты. Ал жактан расмий мейманканалардагы номерлерге караганда арзаныраак болгон конок үйүн, батир, бөлмө же пансионаттын аймагындагы жеке апартаменттерди табууга болот.
Бирок тобокелчилик да бар: турак жайды ээлөө үчүн батир ээси же ижарага берүүчү алдын ала төлөмдү которууну суранат. Эс алуучу акчаны жөнөтүп, Ысык-Көлгө келгенде көрсөтүлгөн даректе андай батир жок экенин, турак жай башка адамга таандык экенин же чыныгы ээси ээлөө тууралуу эч нерсе билбей турганы аныкталат.
Алдамчыга адамдарды алдоо үчүн Ысык-Көлдө сөзсүз эле өзүнүн кыймылсыз мүлкү болушу шарт эмес. Ал башка бирөөнүн жарыясындагы чыныгы батирдин же конок үйүнүн сүрөттөрүн алып, сүрөттөмө жазып, жаңы жарыя катары жайгаштырып коёт.
Турак жайды «колдон» ээлегенде тобокелчиликти толугу менен жокко чыгаруу кыйын. Бирок акча которуудан мурун жөнөкөй текшерүүлөрдү жүргүзүүгө болот.
Алдын ала төлөмдү шашылыш түрдө которбоңуз
«Азыр эле акча которбосоңуз, турак жайды башкалар ээлеп алат» деген сөздөр сизди ойлонтушу керек. Жай мезгилинде Ысык-Көлдө суроо-талап чындап эле жогору болот. Бирок шаштыруу жана акчаны дароо жөнөтүүнү талап кылуу алдамчылардын ыкмасы болушу мүмкүн.
Ошондой эле алдын ала төлөмдүн көлөмүнө көңүл буруңуз. Дароо эле жашоо акысын толугу менен которууну талап кылуу туура эмес жана эс алуучу үчүн чоң тобокелчилик жаратат. Андыктан аз өлчөмдө алдын ала төлөп, калган сумманы жайгашкандан кийин берүү коопсузураак.
Турак жайды видео байланыш аркылуу көрсөтүүнү сураныңыз
Батир ээсине видео чалуу аркылуу турак жайды реалдуу убакыт режиминде көрсөтүүнү сунуштаңыз. Кире бериштен бөлмөгө чейин басып өтүп, терезеден көрүнүштү, ашкананы же короону көрсөтүп берүүсүн өтүнүңүз. Эгер адам башка бирөөнүн сүрөттөрүн гана көчүрүп алган болсо, мындай көрсөтүүнү уюштуруу ага оңой болбойт.
Эгер сүйлөшүп жаткан адам видео чалууну улам кийинкиге жылдырып, камерасы бузулганын айтып шылтоолоп, ошол эле учурда курулай сөз менен эле алдын ала төлөмдү которууну суранса, анда башка вариант издеген жакшы.
Сүрөттөрдү жана телефон номерин текшериңиз
Жарыядагы сүрөттөрдү сүрөт аркылуу издөө кызматтары менен текшерүүгө болот. Эгер ошол эле сүрөттөр башка даректер жана башка телефон номерлери менен дагы жайгаштырылганы аныкталса, акча которуунун кереги жок.
Телефон номерин да издөө системалары жана социалдык тармактар аркылуу текшерип көрүңүз. Айрым учурларда ушундай жол менен ошол эле номерге байланыштуу башка жарыяларды же даттанууларды табууга болот.
Акчаны кимге которуп жатканыңызды тактаңыз
Батир ээсинен турак жайга тиешелүү документтерди жана өздүгүн тастыктаган күбөлүгүн видео байланыш аркылуу көрсөтүп берүүсүн сурансаңыз болот. Бирок документтердин толук көчүрмөсүн жөнөтүүнү талап кылуунун кереги жок, анткени бул батир ээсинин өзү үчүн кооптуу.
Банк тиркемесинде акча алуучунун аты-жөнүн турак жайдын ээси көрсөткөн аты-жөнү менен салыштырыңыз. Эгер турак жайды башка адам ижарага берип жатса, анын ким экенин жана эмне үчүн алдын ала төлөмдү өзү кабыл алып жатканын тактап алыңыз.
Макулдашууларды сактап коюңуз
Акча төлөгөнгө чейин жарыяны, сүрөттөрдү жана жазышууларды сактап коюңуз. Ошондой эле турак жайдын дарегин, жашай турган күндөрдү, баасын жана алдын ала төлөмдүн көлөмүн жазуу жүзүндө ырастап берүүсүн өтүнүңүз. Акча которгондон кийин төлөмдүн дүмүрчөгүн сактап, батир ээсинен белгилүү бир күндөргө турак жай брондолгонун жана акчаны алганын дагы жазуу жүзүндө ырастап берүүсүн сураныңыз.
Турак жайды Ысык-Көлдө түздөн-түз ээсинен ээлөө чындап эле арзаныраак болушу мүмкүн. Мүмкүн болгон тобокелчиликтерден улам мындай мүмкүнчүлүктөн баш тартуунун зарылдыгы жок. Бирок алдын ала төлөмдү жөнөтөрдөн мурун видео чалууга, сүрөттөрдү, телефон номерин жана акча алуучунун маалыматтарын текшерүүгө убакыт бөлгөн оң.
Эң ишенимдүү жолдордун дагы бири - тааныштардын сунушу менен турак жай издөө. Эгер досторуңуз же туугандарыңыз мурда белгилүү бир конок үйүндө же батирде эс алып, анын ээсинин байланыш номерин сунуштай алышса, жасалма жарыяга туш болуу коркунучу кыйла төмөн болот. Ошондуктан турак жайды «колдон» брондогондо кээде тааныштардын сунушу кооз сүрөттөргө жана арзан баага караганда алда канча ишенимдүү болуп чыгат.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.