Курс USD 87.29 / 87.79
Курс EUR 98.43 / 99.39
Курс RUB 1.042 / 1.196
Курс KZT 0.118 / 0.183
USD USD
87.29 / 87.79
EUR EUR
98.43 / 99.39
RUB RUB
1.042 / 1.196
KZT KZT
0.118 / 0.183

Бишкекте дагы 476 үй-бүлө батирлүү болду

Кечээ, 16-апрелде президент Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында Кубанычбек Маликов көчөсүндө жайгашкан «Мурас» турак-жай комплексинен 476 үй-бүлөгө батирлердин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Бишкекте дагы 476 үй-бүлө батирлүү болду

Бул этапта 476 батирлүү 18 кабат үй курулган, жалпысынан турак жай комплекси 18 жана 24 кабаттан турган 39 блокту камтыйт.

«Бул ири долбоордун алкагында жалпысынан 5 миңден ашык батир салынып, кезек күткөн жарандарыбыздын колуна өткөрүлүп берилмекчи. Өткөн жылдын аягында аталган комплекстин биринчи этабында биз 510 батирди муктаж болгондорго тапшырган элек. Турак жай комплекси 2027-жылдын соңунда толугу менен бүткөрүлүп берилет», - деп билдирди өлкө башчы Садыр Жапаров.  

Эске салсак, МИК 2022-жылы №47 түзөтүү колониясынын аймагына көп батирлүү социалдык турак-жай комплекси курула турганын билдирген. Долбоордо эл аралык стандартка жооп берген билим берүү мекемелери жана бала бакчалар камтыларын маалымдаган.

Анда №47 түзөтүү колониясын көчүрүү шаардын калк жыш жайгашкан жеринде жайгашкандыктан, коомдук коопсуздукка коркунуч келтиргендиктен, ошондой эле имараттардын эскилиги жеткендигинен улам келип чыккан.

2023-жылдын май айында Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров комплекстин курулушу менен таанышкан.

Буга чейин Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Темиркул Балтабаев Бишкек шаарында МИК линиясы боюнча 17 миңден ашык батир салынып жатканын билдирген.

Сүрөт: КРнын Президенттик Администрациясы 

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.