«Шоро» суусундугун сатып алып, MBANK’тан 5% кешбэк алыңыз
Накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү максатында ААК «Коммерциялык банк Кыргызстан» | MBANK - «Шоро» компаниясы менен жаңы акция жарыялайт. Анын алкагында кардарлар «Шоро» суусундугун QR-код MBANK аркылуу сатып алып, 5% кешбэкке ээ боло алат.
«Биз кардарларыбыз үчүн ыңгайлуу гана эмес, пайдалуу да шарттарды түзүүгө умтулабыз. Бул акция да ошондой. Анүстүнө онлайн төлөм жүргүзүү - салыктын бюджетке түшүүсүнүн ачык-айкындуулугун камсыздайт», - дейт MBANK’тын Стратегиялык жана санариптик өнүктүрүү директору Марат Торалиев.
5% кешбэк MBANK тиркемесиндеги QR-код аркылуу төлөм жүргүзгөн ар бир кардарга берилет.
Кешбэкти кантип алса болот?
- Смартфонуңуздан MBANK тиркемесин ачыңыз;
- Башкы бетте «Сканер QR-код» баскычын табыңыз;
- QR-кодду «Шоро» сатылган жерлерден сканерлеңиз;
- Төлөмдүн суммасын ырастаңыз;
- Суусундук менен кошо 5% кешбэк алыңыз.
Акция 2024-жылдын 31-майына чейин уланат.
«Шоро» суусундугун MBANK менен бирге даамдаңыз!
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.