Жогоруда аталган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн негизги максаты Кыргыз Республикасынын жарандарына «Кепилдик фонд» ААКсынын колдоосун республиканын бардык банк мекемелеринде баштапкы төлөмгө каражат жок болгон учурда ипотекалык кредит алууга мүмкүнчүлүгүн берет.
Ошондой эле «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунушталган түзөтүүлөр кабыл алынган учурда Кыргызстандын жарандарына ата мекендик өнөр жай продукциясын сатып алууга кредит тариздөөдө кепилдик алуу мүмкүнчүлүгү берилет.
Жогоруда аталган мыйзам долбоорунун концепциясы депутаттар тарабынан бир добуштан кабыл алынды.