Apple Pay Кыргызстанда ишке киргенден кийин, Banks.kg порталы өлкөдөгү кошулуу боюнча кеңири маалымат алуу үчүн КРнын Улуттук банкына кайрылды. Финансылык жөнгө салуучу органдын басма сөз кызматы суроолорго жооп берди.
– Биринчи этапта канча коммерциялык банк кошулду?
– Apple Pay сервисин ишке киргизүү этап-этабы менен жүргүзүлүүдө. Биринчи болуп 6 коммерциялык банктын кардарлары сервисти колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Калган банктар зарыл болгон техникалык жана уюштуруу иштери аяктаган сайын кошулат.
Кыргызстанда биринчи этаптын алкагында төмөнкү банктар Apple Pay сервисине кошулду: BAKAI, MBANK, O!Bank, DemirBank, Doscredobank жана «Оптима Банк».
– Экинчи этаптын алкагында канча банк кошулат жана бул кайсы убакытка пландалууда?
– Кыргыз Республикасында Apple Pay сервисин ишке киргизүү этап-этабы менен уланууда. Биринчи толкун ийгиликтүү башталгандан кийин кийинки коммерциялык банктарды кошууга даярдык көрүлүп жатат. Баштапкы этаптагыдай эле, жаңы катышуучулар тууралуу маалымат зарыл болгон техникалык жана уюштуруучулук жол-жоболор аяктаган сайын жарыяланат. Жакын арада кардарларына Apple Pay колдонуу мүмкүнчүлүгүн берген банктардын тизмесинин кеңейтилиши күтүлүүдө.
– Apple Pay сервисин Кыргызстанда ишке киргизүүгө көмөктөшүү үчүн Улуттук банк тарабынан кандай иштер жүргүзүлдү?
– Улуттук банк Кыргызстанда Apple Pay сервисин ишке киргизүү үчүн шарттарды бир нече жыл бою даярдаган. Бул багыттагы иштер 2017-жылы эле башталган. Ошол учурда финансылык жөнгө салуучу орган сервисти өлкөдө киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдей баштаган.
Кийин Улуттук банк Apple, коммерциялык банктар, эл аралык төлөм системалары жана долбоордун башка катышуучуларынын ортосундагы иштерди координациялаган. Тараптар техникалык жана уюштуруучулук маселелерди чечип, инфраструктураны даярдап, өз ара иштешүү тартишин макулдашкан.
Сервисти ишке киргизүүгө бир нече тарап катышкандыктан, бардык деталдарды макулдашууга убакыт талап кылынган. Натыйжада 2026-жылдын 28-июлунда Apple Pay Кыргызстанда расмий түрдө ишке киргизилди.
– Apple Pay сервисин өлкөнүн бардык жарандары колдоно алабы же кандайдыр бир чектөөлөр барбы?
– Apple Pay - бул Apple түзмөктөрү (iPhone, Apple Watch жана башка шайкеш түзмөктөр) аркылуу физикалык банк картасын колдонбостон товарларга жана кызматтарга төлөөгө мүмкүндүк берген эл аралык контактсыз төлөм сервиси.
Apple Pay сервисин бул кызматты колдогон Кыргызстандын банктарынын төлөм карталарынын бардык ээлери пайдалана алышат. Бул үчүн алардын түзмөгү Apple Pay сервисин колдоого тийиш.
Негизи, Apple Pay аркылуу төлөм жүргүзүү кадимки банк картасы менен төлөөдөн айырмаланбайт – каражат колдонуучу Apple Wallet тиркемесине кошкон ошол эле картадан алынат. Негизги айырмачылыгы – төлөм жүргүзүү үчүн смартфонду же саатты контактсыз NFC технологиясын колдогон POS-терминалга жакындатуу жетиштүү. Ошондуктан банк картасын дайыма жаныңызда алып жүрүүнүн зарылдыгы жок.
Соода жана тейлөө ишканалары (мындан ары – СТИ) тарабынан атайын аракеттерди көрүүнүн кереги жок. Эгер СТИ NFC технологиясын колдогон POS-терминал аркылуу банк карталары менен контактсыз төлөмдөрдү кабыл алып келсе, эреже катары, Apple Pay аркылуу да төлөм кабыл ала алат.
– Apple Pay коңшу өлкөлөрдө жеткиликтүүбү?
– Бүгүнкү күндө Apple Pay дүйнөнүн 80ден ашык өлкөсүндө иштейт, анын ичинде постсоветтик мейкиндиктеги бир нече мамлекетте да бар. Борбор Азияда сервис биринчи болуп Казакстанда ишке кирген. Apple Pay Кыргызстанда ишке киргенден кийин өлкөбүз бул сервис жеткиликтүү болгон аймактагы экинчи мамлекет болуп калды.
Ошол эле учурда төлөм системасын өнүктүрүү эл аралык сервистерди ишке киргизүү менен гана чектелбейт. Улуттук банк адамдарга төлөмдүн ар кандай ыкмаларын колдонууга ыңгайлуу болушу үчүн да иш алып барууда.
Мунун бир мисалы – ELQR бирдиктүү төлөм мейкиндиги. Ал жөнөтүүчү менен алуучу кайсы банкты же электрондук капчыкты колдонгонуна карабастан, QR-код аркылуу сатып алууларга төлөм жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, төлөм жүргүзүүнүн башка ыкмалары да өнүгүүдө: банк карталары аркылуу контактсыз төлөмдөр, ELQR аркылуу QR-төлөмдөр, банктардын мобилдик тиркемелери жана башка санариптик сервистер.
Улуттук банктын максаты – адамдарга конкреттүү кырдаалда өздөрүнө ыңгайлуу болгон төлөм ыкмасын тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү. Ошондуктан Кыргызстанда Apple Pay сервисинин пайда болушу буга чейин түзүлгөн төлөм инфраструктурасын алмаштырбастан, аны толуктап турат.
– Накталай эмес эсептешүүлөргө өтүүнү эске алганда, Apple Pay кеңири жайылгандан кийин төлөм карталары да колдонулбай калбайбы?
– Жок. Apple Pay төлөм карталарын алмаштырбайт, ал карталарды колдонуунун ыкмаларынын бири болуп саналат. Apple Pay аркылуу төлөм жүргүзүлгөндө, иш жүзүндө колдонуучу алдын ала Apple Wallet тиркемесине кошкон ошол эле банк картасы пайдаланылат.
Санариптик төлөм сервистерин өнүктүрүүнүн негизги максаты – колдонуучулар үчүн ыңгайлуулукту жогорулатуу жана тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү. Ошол эле учурда физикалык банк карталары актуалдуулугун сактап, башка төлөм инструменттери менен катар эле колдонулуп келет.
– Apple Pay сервисин кантип активдештирүүгө болот?
– Apple Pay колдонуу үчүн шайкеш келген Apple түзмөгү жана бул сервисти колдогон Кыргызстандын банкына тиешелүү төлөм картасы болушу керек. Эреже катары, кошулуу эки жолдун бири аркылуу жүргүзүлөт:
- картаны Apple Wallet тиркемесине кошуу мүмкүнчүлүгү каралган банктын мобилдик тиркемеси аркылуу;
- Apple түзмөгүндөгү Wallet тиркемесине түздөн-түз кирип, жаңы банк картасын кошуу функциясын тандоо аркылуу.
Картаны кошкондон кийин аны эмитент-банктын жол-жоболоруна ылайык ырастоо талап кылынышы мүмкүн. Бүт процесс бир нече мүнөттү гана талап кылат жана бир нече жөнөкөй кадам менен аткарылат. Кошулуу боюнча суроолор жаралса, тиешелүү банктын расмий сайтында же мобилдик тиркемесинде жайгаштырылган нускаманы колдонуу же банктын колдоо кызматына кайрылуу сунушталат.
– Apple Pay аркылуу кайсы жерлерде кызматтарга жана товарларга төлөөгө болот?
– Apple Pay сервисин контактсыз NFC технологиясын колдогон POS-терминалдар орнотулган соода жана тейлөө ишканаларында товарларга жана кызматтарга төлөө үчүн колдонсо болот. Мындан тышкары, сервис Apple Pay колдогон мобилдик тиркемелерде жана интернет-дүкөндөрдө да төлөм жүргүзүү үчүн пайдаланылат. Колдонуучулар Кыргыз Республикасынын аймагында гана эмес, чет өлкөлөрдө да – банк карталары аркылуу контактсыз төлөмдөр кабыл алынган мамлекеттерде төлөм жүргүзө алышат.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.