УКМК билдиргендей, көрүлгөн тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында, Кыргызстанда уюлдук операторлорунун WhatsApp, Telegram жана Lalafo мобилдик мессенджер аккаунттарын активдештирүү менен алектенген адамдардын тобунун укукка каршы ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Алар кыргыз жарандарын банк карталарын сатууга көндүрүшкөн.
Белгилүү болгондой, аккаунттар жана банк карталары Telegram мобилдик мессенджери аркылуу («скамерам») деп аталган эл аралык алдамчыларга сатылып, жарандардын каражаттарын алдап алуу максатында үн менен фишинг манипуляцияларын жүргүзүшкөн.
Тактап айтканда, өздөрүн УКМКнын жана Улуттук банктын кызматкерлери катары тааныштырган телефон алдамчылары, анын ичинде КРнын башка мамлекеттик кызматкерлеринин атынан, жарандарга телефон чалып, аларды террористтик уюмдарга катышы бар деп айыптап, террористтик уюмдарды каржылагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутушкан.
Мындан тышкары, алар жасалма бланктарды жана кол тамгаларды колдонуп, УКМКнын жетекчилигинен, террористтик уюмдарды каржылоого катышкан деген айыптоолор менен кылмыштуу ишмердүүлүктүн жабырлануучуларына каттарды жөнөтүшкөн.
Кылмыш ишинин алкагында, төмөнкү адамдар кармалган:
- А.Б.Н., 19.02.2008-жылы туулган - (Чүй облусу) 14-түзөтүү колониясында эки айга эркинен ажыратылган;
- А.Э.К., 09.07. 2006-жылы туулган - эки айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган;
- Р.Ш.К., 22.05.1999-жылы туулган - мурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси («алдамчылык») боюнча бир нече жолу айыпталып, соттолгон, эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган;
- Ж.К.Р., 12.11.2001-жылы туулган - мурда бир нече жолу соттолгон жана КР Кылмыш-жаза кодексинин (каракчылык, алдамчылык, уурулук) боюнча айыпталган, эки айга УКМКнын тергөө абагына камалды;
- Т.Б.Ш., 12.02. 2009-жылы туулган - ата-энесинин милдеттенмесинин астында бошотулган;
- A.у.С. 30.05. 2004-жылы туулган - мурда Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси («адам өлтүрүү») боюнча жана 204-беренеси («алдамчылык») боюнча айыпталган, эки айга УКМКнын тергөө абагына камалды;
- А.А.А. 24.09.2008-жылы туулган - ата-энесинин милдеттенмеси астында бошотулган;
- К.И. 18.07.2009-жылы туулган - ата-энесинин милдеттенмеси астында бошотулган;
- Ж.С.А. 01.06.1996-жылы туулган - эки айлык мөөнөткө Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды.
Учурда УКМК Кыргызстандын аймагындагы телефон алдамчыларынын башка шериктерин аныктоо жана аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чараларды улантууда.
УКМК мобилдик мессенжер аккаунттарын, банк карталарын жана тиркемелерди башка өлкөлөрдө жайгашкан үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө же сатууга тыюу салынаарын эскертет.
Айрым учурларда бул аракеттер алдамчылыкка жана башка кылмыштарга кошо катышуу катары квалификацияланышы мүмкүн жана бул үчүн жоопкерчилик каралат.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.