Кыргызстанда орточо айлык акы 41 миң сомдон ашты
2025-жылдын январь-май айларында ишканалардын жана уюмдардын (чакан ишканаларды кошпогондо) кызматкерлеринин орточо айлык номиналдык чегерилген эмгек акысы 41 339 сомду түздү.

Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети жарыялады.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 19,1%га, ал эми реалдуу эмгек акы инфляцияны эске алуу менен 11,1%га өскөн.
Улуттук банк белгилеген расмий курс боюнча орточо айлык 473,8 АКШ долларын түздү.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, орточо айлык эмгек акынын эң жогорку өсүшү экономиканын төмөнкү тармактарында белгиленди:
- кыймылсыз мүлк менен иш алып баргандар - 39,3%га өсүү;
- курулуш - 38,5%га;
- административдик жана жардамчылык ишмердүүлүк - 30,2%га;
- саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө — 27%га;
- кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк - 26%га;
- мейманкана жана тойкана ишмердүүлүгү – 24,9%га;
- финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу - 23,8%га;
- тейлөө ишинин бардык түрлөрү - 21,2%га;
- электр энергия, газ менен камсыз кылуу — 21%га;
- маалымат жана байланыш - 17,7%га;
- кен казуу - 16,8%га;
- транспорт жана сактоо — 16,5%га.
Ошондой эле, бюджеттик эмес сектордогу эмгек акы бюджеттик сектордогу эмгек акынын деңгээлинен 1,7 эсеге жогору экендиги белгиленген.
Аймактар боюнча орточо айлык номиналдык чегерилген эмгек акынын тизмеси:
- Баткен облусу — 30 224 сом;
- Жалал-Абад облусу — 33 901 сом;
- Исык-Көл облусу — 46 394 сом;
- Нарын облусу — 38 903 сом;
- Ош облусу — 26 221 сом;
- Талас облусу — 38 819 сом;
- Чүй облусу — 32 902 сом;
- Бишкек шаары — 51 977 сом;
- Ош шаары— 33 514 сом.
Эң төмөнкү орточо айлык Ош облусунда – 26 миң 221 сом.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.